КАРА ОРХИДЕЯ

Фильм 1947-жылы болуп өткөн, бирок, ушул мезгилге чейин аягына дейре такталбай келаткан чыныгы окуянын негизинде тартылган. Фильмге 60 миллион доллар каражат жумшалган. Башка кинолордон айырмаланып тасмада козголгон кылмыштын бети ачылбаса да фильм болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон. 2006-жылы 9-сентябрда АКШда болуп өткөн бетачарында аталган тасма 22 миллион доллардан ашуун киреше алып келсе, 28-сентябрда Россияда болуп өткөн бетачарында бир миллион доллар киреше алып келген. Фильм эфирге чыккандан кийин тасмада чагылдырылган кылмыш өкмөт тарабынан дагы тереңирээк изилдене баштаган.

Фильмдин режиссёру Брайан Де Пальма.
Сценарийин жазган Жош Фридман, Жеймс Элрой.
Продюсерлери Руди Коэн, Арт Линсон, Моши Даймант.
Башкы ролдордо: Баки БлейкертЖош Хартнетт,
Ли Блэнчард
Аарон Экхарт, Кей Лейк Скарлетт Йоханссон,
Мадлен Линскотт
Хилари Суонк.

Фильмдин мазмуну

Лос-Анжелес. 1947-жыл. Шаардын бир көчөсүнөн денесинде тамтыгы жок, ким экендиги таанылгыс болуп өлтүрүл­гөн жаш кыздын сөөгү табылат. Изилдөөдөн соң бул өлгөн дене таланттуу, жаш актриса Элизавет Шорттун сөөгү болуп чыгат. Элдердин айтуусуна караганда, ал Калифорния штатына рэкеттиги менен, ал эми Голливудга таланты менен таанымал болгон “Кара орхидея” кличкалуу киши менен мамилелеш болгон болот. Бул кылмышты изил­дөөгө детектив Баки Блейкерт жана Ли Блэнчарт бекитилет. Алар кылмышты изилдеген сайын татаалдаша берет. Себеби, кылмышкерлер абдан таасирдүү адамдар болгондуктан, кылмышка күбө болгон адамдар өз жандарынан коркушуп, маалымат берүүдөн баш тартышат. Бекитилген кылмыш ишин ачууга катуу киришкен Ли менен Бакинин жашоосу коркунучка толот. “Кара орхидеянын” кишилери Лини ачык эле “Бул ишти дагы тереңирээк изилдейм десең, аялың да так эле Элизаветтей болуп өлтүр­үлөт” деп коркута башташат. Баки болсо бул кылмышты изилдейм деп жүрүп Лос-Анжелес шаарындагы эң бай адамдын кызы Мадленди сүйүп калат. Кийинчерээк Баки Мадлендин Элизаветтин өлүмүнө байланышы бар экенин сезип калат да, кылмыштын жыйынтыгында же сүйгөнүн тандай албай, же кылмыштын бетин ача албай башы катат. Ошондо сү­йүү­нүн байлыктан да, бийликтен да, кызматтан да жогору тураарына көзү жетет.

Фильмдин тартылышы
Фильм чыныгы кылмыш чагылдырылган Жеймс Элройдун китеби боюнча тартылган. Бул китепти Жеймс 1987-жылы жазган жана китеп ошол күндөн ушул күнгө дейре популярдуулугун жоготпой, бестселлер аталып келет.
Фильмге ылайык сценарийди Жош Фридман 2002-жылы май айында жазган. Фильмдин долбоору 2004-жылы түзүлүп бүтүп, режиссёрлукка Дэвид Финчер, ал эми Ли Блэнчарддын ролуна Марк Уолберг чакырылган. Бирок, режиссёр Дэвид фильмди кантип баштаарын билбей убакытты создуктуруп жиберет. Марк Уолберг режиссёр Дэвиддин иштегенине ыраазы болбой калат да, “ушундай чындыкка негизделген татаал, олуттуу фильмди кантип ушинтип тартсын?” деген сыяктуу оюн билдирип, долбоорду таштап кетет. Дэвиддин ишти андан ары уланта албасына көзү жеткен уюштуруу тобу фильмди тартууга режиссёр, киносынчы, Америка блокбастеринин атасы Брайан Де Пальманы чакырышат. Ал келип эле актёр, актрисалардын баарын “40-жылдардагы англис тилиндегидей сүйлө­гөндү үйрөнүп, бири-бириңер менен дал ошондогу кездей сүйлөшкүлө” деп катуу талап коёт. Ал эми Марк Уолбергдин ордуна Линин ролун аткаруу үчүн Аарон Экхарт келет.

Тарыхты жаттап чыккан Брайан

Режиссёр 1940-жылдардагы окуяны ошол мезгилде жашаган адамдын көзү менен карап, ошол учурду майда-баратына чейин чагылдырып бергенге аракет кылган. Бул үчүн ал 40-жылдардагы тарыхты, саясатты, адамдардын ой жүгүртүүсүн окуп чыккан. Талыкпаган аракетинин натыйжасында фильмди абдан жеткиликтүү чагылдырып берген. Тасманы тартуудагы баарынан кыйын нерсе актёр, актрисалардын 40-жылдардагы англис тилиндегидей сүйлөөсү болгон. Алар улам эле адашып азыркы англис тилине өтүп кетишип, режиссёрдон уруш угуп турушкан. Мына ушул фильминен кийин тарыхты жакшы билбеген Брайан Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки он жылдыкты жатка билип калган. Ал өзү бул боюнча: “Мен мурун тарыхты такыр түшүнчү эмесмин жана тарых сабагынан дайыма качып кет­чүмүн. Бирок, сүйгөн кесибим мени тарыхты үй­рө­нүүгө мажбурлады. Демек, канчалык кыйын нерсе болбосун мен кесибим үчүн баарын жасайт экенмин. Алтургай, мен мындан ары тарыхты терең өз­дөштүрүп, кө­лөмдүү тарыхый фильм тартып калышым мүмкүн” деген.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА