“Кыз-Бурак” тобунун түзүлгөнүнө 38 жыл болду. Бул жылдар аралыгында топтон эмне деген таланттар учкан жок, эмне деген гана окуялар орун алган жок. Мына ошол топтун учурдагы аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова жана топтогу жаңы жүздөр менен жылуу маек курдук.
Сайкал Садыбакасова:
“АПАМДЫ ЭРТЕРЭЭК НЕБЕРЕЛҮҮ КЫЛГЫМ КЕЛЕТ”
– "Мына баратабыз, келип калдык..." деп отуруп бир күндөн кийин жолуктук. Бул жоопкерчилигиңердин жоктугубу же ишиңердин көптүгүбү?
– Жоопкерчилигибиз жакшы эле. Кечээ түнү менен фотосессия кылып, үйгө таң атканда келдик. Сүйлөшүлгөн убакытта келе албай калганыбыздын себеби, уйкунун планын аткардык.
– Билишимче, 4 жылдан бери Бишкекте жашайсыңар. Топтогу кыздардын үйүнө жакын бололу дедиңерби же Гүлшайыр эженин көзөмөлүнөн оолактаганыңарбы?
– Акыркы учурда ырларды да, клиптерди да Бишкектен жаздырып, тарттырып калдык. Анын үстүнө үч кыздын окуган жери борбордо. Ошол себептен Бишкекте болуп жатабыз. Бир тууган таякем, бир кездеги белгилүү ырчы Жыргалбек Эргешов бизди апамдай эле көзөмөлдөйт.
– Жаманбы-жакшыбы Кенже Дүйшеева сага чейин бир топ жыл жетекчилик кылган. Сен ошол адам түзүп берген жол менен кетип баратасыңбы же өзүңдүн жолуң барбы?
– “Кыз-Буракка” апамдан башка эч ким жол сала албайт. Ошол эле Кенже эже апамдын айтканын аткарчу, өз алдынча иш кылган эмес. Мен дагы апам көрсөткөн жол менен кетем.
– Буга чейин топтон кеткен кыздар кагаз жүзүндө келишим болгон эмес дешкени бар, мындан улам топтогу кырдаалды жөнгө салган юристтер жокпу деген суроо туулат?
– Юристтер иштейт, баарынын кагаз жүзүндө келишими болгон. Бирок апам жумшактыгынан, айкөлдүгүнөн, кечиримдүүлүгүнөн улам соттошууга барып отурбайт. Андай болбой эле койсун, эгер ошондой жагдайларга эми туш болсок, мен мыйзам чегинде иш алып барам.
– Топтун кырк жылдык мааракесинде апаң “Кыз-Бурактын” ачкычын сага өткөрүп берем дептир, өткөрүп бергенден кийин эмне болушу мүмкүн?
– Апамды ардактуу эс алууга чыгарабыз. 60 жаш оңой эмес, чыгармачылыктын казанында кайнай бербей өзүнө көңүл бурсун, бактылуу карылыктын доорун сүрсүн. Өзү да ушинтип айтып келет.
– Ар бир интервьюңду апаңа окутчу элең, азыр ал адатың калдыбы?
– 40 жылдыктан кийин калат, тамаша (күлүп).
– Ырчы, аранжировкачы Эрнест Жоошев экөөңөрдүн сүйүүңөрдү нике шакеги качан бекемдейт?
– Кудай маңдайыбызга бири-бирибизди жазган болсо, ал күн да алыс эместир. Жазылбаса ага да баш ийебиз. Азырынча той жөнүндө сүйлөшө элекпиз. Эрнестке башында ыр жаздырганы барчубуз. Жарым жылдай дос катары сүйлөшүп жүрүп, анан ортобузда сүйүү тутанды. Кыз-жигит болгонубузга бир жарым жыл болду. Апам Эрнестти “тартиптүү, таланттуу жигит, жакшы үй-бүлөнүн баласы” деп калат. Апам "жүрөгүң кимди жактырбасын батамды берем" деген.
– Топтогу айрым кыздар ырдап жүрүп кеч турмушка чыгышпадыбы, сен да алардын жолу менен кетесиңби?
– Жок, андай болбойт, апамды эртерээк неберелүү кылгым келет. 23 жаштан кийин турмушка чыгууга уруксат берилген. Андан өтүп кеткендерге апам дагы, топ дагы күнөөлүү эмес.“КЕНЖЕ ЭЖЕНИН УБАГЫНДА ЭЛЕ ЫРДАЧУМУН”
Толук аты-жөнү – Айтурган Эрмек кызы
Туулган жылы – 1991-жыл
Туулган жери – Ош шаары
– “Кыз-Бурактын” архивин карасаңыздар көрөт болушуңар керек, мен Кенже эженин убагында эле бар болчумун. 2006-жылдан 2008-жылга чейин иштегем. Бирок анда мага басым жасалган эмес, топтогу адамдардын санын көбөйтүп кала бергем. “Кенже эже, мен мындай иш кыла алам, аракет кылып көрөйүн” деген эмесмин. Балким, Кенже эже дагы “сенин колуңдан келбейт” деп койгондур. Анан окуума байланыштуу кетип калгам.
Кайрылып келгениме 6 ай болду. Жеке ырчы катары чыгам деп деле аракет кылсам болмок, бирок “Кыз-Буракты” сагындым. Жадакалса Гүлшайыр эженин урушканын да сагындым.
“ТОПТУН ЧАЧТАРАЧЫ, ВИЗАЖИСТИМИН"
Толук аты-жөнү – Мээрим Таалайбек кызы
Туулган жылы – 1994-жыл
Туулган жери – Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы
– Топто жүргөнүмө үч ай болду. Үч ай ичинде топ менен эки ыр жаздырдык. Кыздардын эң жоошумун. Ата-энем Гүлшайыр эжеге ишенет, тартипти катуу кармаган аял деп билишет, ошондуктан менин топко кошулушума каршы болушкан жок. Азыр топтун курамындагы кыздар Бишкекте жашайбыз да, үйүм бул жерде деп кетип калмай жок. Ошко тойлорго барып турабыз. Баса, кыздардын визажисти, косметологу, чачтарачы да мен. Өзүм ушул кесиптердин баарын атайын окуп үйрөнгөм. “КЕЛИШИМ БҮТӨЙҮН ДЕП КАЛДЫ”
Толук аты-жөнү – Азалия Дүйшөналиева
Туулган жылы – 1989-жыл
Туулган жери – Бишкек шаары
– 2009-жылы тааныштар аркылуу Сайкал менен тааныштым. Сайкал мага топтун ички мыйзамдарын түшүндүрдү. Угушума караганда, бишкектик кыздарды алышчу эмес, аларды жүрүш-турушу начар деп билишет экен. Сайкал “жеңил ойлуулардан болсоң, биз менен көпкө жүрө албайсың” деди ачык эле. Мына, төрт жылдан бери чогуу ырдап келе жатабыз. Топко киргенде 4 жылдык келишим түзгөн элек. Жакында аягына чыгат. “КЛИПКЕ ТАРТЫЛА АЛБАЙ КЫЙНАЛДЫМ”
Толук аты-жөнү – Айгерим Эшим кызы
Туулган жылы – 1994-жыл
Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району
– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин студентимин. Тааныштарым “сенин үнүң “Кыз-Бурактын” кыздарыныкына окшош, барып көрбөйсүңбү” деп калышты. Ойлонуп көрүп бармай болдум. Кастингге барып Сайкал эженин өзүнүн аткаруусундагы “Уркуя” деген ырды ырдагам. Ырчы болгону клипке тартыла албай кыйналдым. Бара-бара көнүп кетсем керек.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg