Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан күйүүчү майы бар 500гө жакын вагондор бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турганы бир топтон бери айтылып келет. Бул тууралуу сөздү ушул аптада нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов да козгоду. Анын айтымында, кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү азырынча жыйынтыгын бере элек. Казак тарап өзүнүн мамлекет ичиндеги токтомуна карап вагондорду өткөрбөй жатат. Токтомго ылайык, 2014-жылдын 1-январынан 1-июлга чейин Казакстандан эч бир жакка күйүүчү май чыгарылбашы керек. Жакында бул мөөнөт дагы жарым жылга узартылды. “Бирок бул вагондордун ал токтомго таптакыр тиешеси жок. Себеби Орусиядан келе жаткан күйүүчү май Казакстан аркылуу транзиттик жүк катары гана өтүшү керек. Биз өкмөткө кайрылып, мамлекет аралык чара көрүүлөрүн сурандык. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- дейт М.Керимкулов.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысынын айтымында, июль айынын орто ченине барып күйүүчү майдын баасы кымбаттайт. “Июлда күйүүчү майдын дүў партияларынын баасы 10-21 пайызга көтөрүлдү. Анын себептеринин бири деп Красноярск крайында жайгашкан нефтини кайра иштетүүчү заводдо 15-июнда болуп өткөн аварияны айтышууда”,- дейт М.Керимкулов.
Элвира Караева,
Наргиза Бекданова
politika@super.kg