ЖАЛГЫЗ ТАМЕКИ ЗАВОДУ ЖАБЫЛАТ...

  •   Бабырбек Жээнбековдун ордуна Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп  БОЛСУНБЕК КАЗАКОВ дайындалды.

  • Кыргыз мамлекеттик МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫН 800гө жакын бүтүрүүчү аяктады, анын ичинен чет жердиктердин саны 60тан ашат.
  • “ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАР” ААКсынын башкы директору болуп Абдылда Исраилов дайындалды. 
  • Жогорку Кеңештин депутаты АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУН тарапташтары Ош облусунун Алай районунда Ош-Эркеч-Там жолунун боюнда өткөрүп келген нааразычылык акциясын 30-июнда токтотушту. Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИМдин башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-июлга карата бардык боз үйлөр чечилип, чогулган адамдар тараган.
  • Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Аалы Карашевдин айтымында, акыркы 3 жылда САЛЫК ОРГАНЫНА саясий кызматтагы адамдардын 80ге чукул жардамчысы менен кеңешчилери ишке орношкон. Баары биригип мамлекеттик органда катталган мындай окуялардын саны 282ге жетет
  • “ОшТВ” телеканалынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Керимбек Калыкулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Шайырбек Маматокторов ээлеп келген.
  • Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча Бишкек шаардык инспекциясы тарабынан 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында сүткө 4 миңден ашуун текшерүү жүргүзүлүп, 8 ирет БРУЦЕЛЛЁЗ табылды.
  • Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ТҮРКМӨНСТАНДЫН элчилиги ачылат. 
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун айтымында, өлкөдөгү тамеки өндүрүү боюнча жалгыз завод “РЕЕМТСМА” июль айында жабылат.
  • Ренат Түлөбердиев СТАМБУЛ шаарында Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.
  • Өлкө ичиндеги ЖАЗА АТКАРУУ кызматынын системинде камакта отургандардын саны 10 миңдин тегерегин түзөт, ал эми бул системде иштегендер 4 миңден ашат.

Элвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Askarchik_tigrov
2014-07-12 14:49:12
Охиии...Жапсынчы ошол заводту.Бирок ошол заводтун артынан нан таап жеп жаткандар эмне болушат?
0
№ 609, 04-июль-10-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан