– Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Менин сиздерге кайрылганымдын себеби, жолдошум экөөбүздүн ортобуз улам алыстап баратат. Бирок мен үй-бүлөмдү сактап калгым келет. Мындай учурда эмне кылышым зарыл?
Үйдө 4 кыз, 2 уул элек. Атам азыр деле таксист, апам майда-чүйдө сатып акча табат. Бирок экөөнүн тапканы үйдөгүлөргө өп-чап гана жетет. Мектепти бүткөн соң өз күчүм менен университетке өтүп кеткем. Бирок эптеп багып жатышса деп апамдан жол киреге акча сурагандан да тартынчу элем. Үйдүн эң улуусу болгондуктан, апам эмне маселе болсо дайыма мени менен кеңешчү. Анын күндө кечинде “эртең эмне жейт болдуңар экен?” деген сөзү кулагымда кадалып калгандыктан, башка кыздар сыяктуу “тигини кием, тияк-биякка барам” деп айтчу да эмесмин. “Атасы эптеп жан баккан таксист болсо, кызы эмнеге кыйынсынат? Бузулуп кетти, көчөдө көп жүрөт деген сөздү угузбай, жакшы жүр” деп зар какшаганычы?!
Ошондуктан окуудан мурда апама кантип жардам берем, кайдан иш табам деп отуруп-туруп ойлончу болдум. Ошондой күндөрдүн биринде мага жуучу түшүп келишти. Күйөө болчу бала Москвада иштейт экен. Муну угуп атам “аныңар 19да болсо, кантип жашоо куруп кетишет?” деп алгач болбой жатты. Мен да “баланы тааныбасам, анын үстүнө окуп, иштеп, апама жардам беришим керек” деп болбодум. Бирок тигилер “кызыңардын окуусун балабыз өзү бүтүртүп алат. Кызыңар Москвага барып жашаса жаманбы?” деп жатып ата-энемди көндүрө башташты. “Москвага барып иштесем апама жардам бере алармын” деген ойдо турмушка чыгууга көңүлдөндүм.
Ошентип той болуп, экөөбүз Москвага кеттик. Күйөөм өзү иштегени менен мени иштетпей койду. 6 ай үйдө жаттым. Кийин анын макулдугун алып жумушка орноштум. Бирок күйөөм чогуу иштешкен эркектерден кызганып, мени жумуштан чыгарып алды. Бул көрүнүш кийин да кайталанып, 3-4 жерде иштегенимден кийин биротоло үйдө отурууга аргасыз кылды. Кызганып эч кимге кошпойт, көчөгө эркин бастырбайт. Бир жылга жетпей 11 килограммга арыктадым. Күйөөм тааныштарга мени жамандай бергендиктен, аларга жолугуп сүйлөшкөндөн да качып калдым.
Учурда үйдө чыр көп чыгат. Ушулардын баары жыйналып келип, мен урушчаак адамга айландым. Жолдошум акыркы күндөрү бирөө менен мамиле куруп, мага “сени менен жашаш кыйындап баратат” дечү болду. Же өзүмдү алаксытып эрмектегенге балалуу да болбодук. 2 жыл ичинде апамдарга бир да жардам берген жокмун. Туңгуюк жашоодон кантип чыга алам?
Мира, 20 жашта, Москва
– Мира, сиз үй-бүлөмдү сактап калсам дейсиз, бул жакшы ой. Бирок күйөөгө тийген себебиңизди карасак, сиз сүйүүсүз, жолдошуңуздун мүнөзүн, жүрүш-турушун, анын кандай максаттары бар экенин билбей эле, ата-энеме жардам берем деп өзүңүздү “курмандык” кылып тийиптирсиз. Бул үй-бүлөнүн маңызын түшүнбөстүк. Башкача айтканда, сиз өзүңүздүн жашооңуз менен жашабай, ата-энеңиздин милдетин алып жатасыз. “Ата-энеме жардам бере албай калдым” деп өзүңүздү жей берип, нерв оорусуна да дуушар болуптурсуз. Баары тынчсыздануу, ачуулануу, оор ойлордон, кайгыдан болуп жатат. Мындай абалда гормоналдык бузулуулар да келип чыгат, мүмкүн ошондон балалуу болбой жатасыздар.
Үй-бүлөңүздү сактагыңыз келсе, жолдошуңузга көңүл буруп, мамилеңизди оңдогонго аракет жасашыңыз керек. Үй-бүлөлүк бакыт – бул бири-бирин сыйлоо, ой-пикирлерин угуу, кыйынчылыкты бирге жеңүү, максаттарга чогуу умтулуу экенин эске түйүңүз.
Эми күйөөңүз менен жай отуруп сүйлөшүңүз. Анын үй-бүлөлүк бакыт дегенди кандай түшүнөрүн, сиздин мүнөзүңүздүн кайсыларын жактырарын, сизге карата кандай сезимдери бар экенин, максаттарын сурап билиңиз. Ал дагы сиздей болуп жаш, жашоого тажрыйбасы жок экенин түшүнүңүз. Балалуу болсом үй-бүлөмдү сактап калат элем деген ой туура эмес. Анткени балалуу болордон мурда өзүңүздөрдүн сезимиңиздерди анализдеп, мүнөзүңүздөрдү оңдошуңуздар керек. Жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу-чаран кеңешип, энергияңыздарды туура баалап, бир багытка буруңуздар. Ар бир адам өз тагдырына жооптуу, андыктан жашооңузду оңдоп кетүү өз колуңузда.Сиздин сурооңузга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg