БИР БҮРКҮМ

  • Үстүбүздөгү жылдын 11-январында токтотулган Баткен районундагы КӨК-ТАШ-АК-САЙ-ТАМДЫК айланма жолунун курулушу 10-июлдан тарта кайра башталат.
  • 2014-жылдын апрель айынан бери республикалык инфекциялык ооруканадан менингитке чалдыккан 257 киши дарыланды, анын ичинен 151и жаш балдар.
  • Бишкек шаары боюнча 1-сентябрга чейин Комсомол, Пионер жана ГЭС-5 көлмөлөрүндө саат 12:00дөн 20:00гө чейин куткаруучулар тобу нөөмөттө турмай болушту. Быйылкы жылдын башынан 8-июлга чейинки аралыкта өлкө ичинде 34 КИШИ СУУГА ЧӨГҮП көз жумган.
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылы Өзбекстандын электр энергиясынан КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ болуп калды. Анткени “Достук” (Бозумчак-2) көмөк чордону иштей баштады.
  • “Сириянын согуш майдандарында азыркы учурда 80ге ЖАКЫН КЫРГЫЗСТАНДЫК жүрөт, анын ичинен 10у айымдар”,- дейт ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жапаркулов.
  • Энергетика жана өнөр жай министрлиги 1-июлдан тарта ЫСЫК СУУ менен ЖЫЛЫТУУ тарифтерин 30 пайызга чейин жогорулатты.
  • Мектеп директорлору менен 5 жылдык ЭМГЕК КЕЛИШИМИН түзүү жана алардын катарынан эки мөөнөттөн ашыкча иштебөөсү боюнча долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталууда.
  • Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин айтымында, өлкөдө 2 миңден ашуун мечиттерде жума намазга
    200 МИҢДЕЙ адам катышат.
  • Айбек Осмоналиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагалыгынан бошотулуп, анын ордуна бул милдетти убактылуу аткаруучу болуп НУРБЕК КАЛМАТОВ дайындалды.
  • Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстандагы күйүүчү май жүктөлгөн 500ДӨЙ ВАГОНДУ бажы салыктарын төлөө менен алып чыгып кете алат.
  • Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, облустар аралык миграция боюнча 2013-жылы НАРЫН дубанынан чыгып кеткендер көп болгон.
  • "1-июлдан баштап “МАКМАЛАЛТЫН” комбинаты толугу менен ишин токтотту",- деп Тоо-кен металлургиялык профсоюзунун башчысы Э.Тажибаев айтты.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан