ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРҮП, ЖИЛИКТЕП САЛГАН

Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Анатолий (белгилүү себептерден улам кылмышка шектүүлөрдүн жана каза тапкан аялдын аты-жөндөрү өзгөртүлүп берилди) аттуу 21 жаштагы жигит 45 жаштагы Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголуп кеткенин айтып арыз жазган. Бирок 3-июлда кайрадан милиция кызматкерлерине келген Анатолий агынан жарылып, апасын өзү өлтүргөнүн айтып, кылмышын мойнуна алган. Чамасы, энесинин убалы уктатпай, 3 жарым айдан бери тынчын алса керек.

“ЭНЕ-БАЛАНЫН ОРТОСУНДАГЫ ЧЫР ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛГЕН”
Бул ишти карап жаткан Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Каныбек Сулайманов окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

– Анатолий кылган кылмышын мойнуна алды. Окуя март айында болгон экен. “17-мартта Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы үйүнөн 45 жаштагы Татьяна аттуу аял чыгып кетип, кайрылып келген эмес”. Ушундай арыз менен жоголгон аялдын уулу кайрылган.
Дайынсыз жоголгон жаранга милиция кызматкерлери тарабынан издөө салына баштап, издөө иштеринин жүрүшүндө Татьянанын туугандары, жакындары суракка алынган. 3 жарым айдан кийин анын жоголушуна 21 жаштагы уулу Анатолий себептүү болгону аныкталып отурат.
Кылмышка шектүүнүн айтымы боюнча, маркум акыркы күндөрү урушчаак болуп, баласы менен көп чыр-чатакка барып жүргөн. Окуяга тийиштүү башка да версиялар бар. Алардын бири кыймылсыз мүлк талашуу маселесине байланыштуу. Ал таенесинен калган Бишкек шаарындагы үйдү өзүнө каттатып берүүсүн апасынан суранган, бирок ага апасы макул болбой койгон экен. Анатолий апасын башка балта менен чаап өлтүрүп, андан соң 19 жаштагы Андрей аттуу досун чакырган. Экөөлөп каза тапкан Татьянанын сөөгүн жашырууга аракет кылышкан. Окуя болгондон 4 күн өтпөй “апам жоголду” деп укук коргоо кызматкерлерин алаксытуу максатында билмексен болуп милицияга арыз менен кайрылып койгон. Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Анатолий жана "кылмыш жасоого жардамдашкан" деп айыпталган Андрей Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго тергөө иштери аяктаганча камакка алынышты.
21 жаштагы Анатолий орто мектепти аяктаган соң шаардагы тигүү цехтерине чакыруу менен барып, бузулуп калган тигүүчү машиналарды оңдоп акча таап жүргөн.
Туугандарынын айтымында, алар баланын кичине кезинде терс жактарын көрбөгөн экен. Алар өз баласынан апасынын мыкаачылык менен өлүм тапканына таң калышып, жээнинен мындайды күтүшпөгөнүн айтышууда. Шектүү Анатолийдин атасы болсо баласы төрөлгөндөн бери келип көргөн да эмес. Апасы аларды катташтырбаптыр.

“АПАМДЫ БӨЛҮП САЛБАГАНДА КӨТӨРӨ АЛБАЙТ БОЛЧУБУЗ”
Кылмышка шектелип кармалган Анатолий төмөнкүдөй көрсөтмө берген:

– Үйдө апам экөөбүз эле жашачубуз. Биз болор-болбос нерселер үчүн араздаша берчүбүз. Ал үйгө көп ичип келип, жадакалса бейтааныш эркектерди да алып келе берчү. Мен анысын жактырчу эмесмин, акыркы күндөрү үйдө тынчтык болбой калган.
Окуя болгон күнү да бир маселенин айынан уруша кеттик. Апам компьютерден бир нерселерди карап отурган. Мен артынан келип балта менен башка чаптым. Ал жерге жатып калды, карасам дем албай калыптыр. Сөөктөн кутулуунун айласын ойлой баштадым. Досума телефон чалып чакырдым, ал мага апамдын өлүгүнөн кутулууга жардам берди. Батирдин жуунуучу бөлмөсүнө алып кирип, араа менен сөөктөрүн араалап, бутун бут, колун кол кылып кескиледик. Башын, ички органдарын өзүнчө ажыраттык. Досум болсо мен ошол иштерди кылып жатканда сөөктөрдү кармашып, жардам берип турду. Кийин майдаланган денени полиэтилен баштыктарга салып, скотч менен ороп, кийимдерин кошуп товар ташый турган үч чоң баштыкка салдык. Апам олбурлуу, толугунан келген аял болчу. Аны бөлүп-бөлүп салбаганда көтөрө албайт элек. Бул окуяны эч кимге айтпоосу жана жардамдашканы үчүн досума 2 миң доллар бермек болдум.
Таенем каза болгондо Бишкек шаарынын Пишпек аймагындагы Чайковский көчөсүндө жайгашкан үйү апама калган эле. Ал үйдө эч ким жашачу эмес. Мындан сырткары апамдын наамында башка дагы 2 үй бар болчу. Ошол Чайковский көчөсүндөгү үйдө жайгашкан ичи бетондолгон жер төлө эсиме келди. Досумдан баштыктагы даярдалган сөөктү ошол үйгө жеткизишип коюшун сурандым. Экөөбүз сөөктү унаага салып, үйгө алып барып, жер төлөгө алып кирдик. Түбүн казып көмүп, андан соң цемент сатып келип үстүн бетондоп салдык.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ООРУЛУУ ЖЕ ООРУЛУУ ЭМЕС ЭКЕНДИГИ ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ
Апасынын денесин уулу өзгөчө мыкаачылык менен кескилеген. Ал тургай башын да бир нече бөлүккө бөлүп, чачын өзүнчө кесип, айтор, апасында өчү бардай эле бырчалаган. Мындай үрөй учурган оор кылмышка соо адам барышы мүмкүнбү? Бул боюнча кылмышка шектүүлөргө тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы жакында билинмекчи.
Жогорудагы окуяга окшош кылмыш үстүбүздөгү жылдын алгачкы айында да катталган эле. Анда Наиль Надиров аттуу Бишкек шаарынын тургуну Карина аттуу 16 жаштагы кызды өлтүрүп, жиликтеп, таштанды салуучу челектерге таштап салган. Кармалган соң тергөөнүн жүрүшүндө Надировдун акыл-эси жайында, бирок баңгизатына көз каранды экендиги аныкталган. Бул кылмыш боюнча Свердлов райондук соту Наиль Надировду күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан.


Андрей, Анатолий

Кескиленген аялдын денеси үйдүн жер төлөсүнөн табылган.


 Кыстарылган видео 
Апасын өлтүрүп, бетондоп салган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Sagidko88
2014-07-14 15:41:13
Тобоо кылдым
0
Azaliya-14
2014-07-14 22:15:51
Кудай сактасын андай адамдардан,ыплас иштерден,ыйман берсин адамзатка
0
Azi.k.
2014-07-15 00:29:34
Тообо. Атыш керек
0
Gulshan_kf
2014-07-15 01:56:38
Эх жашоо.
0
koke
2014-07-15 07:04:50
Булда бангизатка коз карандыго менимче
0
siezd
2014-07-15 11:29:12
кудай сактаа тобоо кылдым оз энесин кантип олтурду
0
kanat4ik
2014-07-15 23:08:53
Тообо кылдым..
0
jeenkulov91
2014-07-16 00:33:10
кудай сактай кор мындайдан
0
MAPAT.YAKUTSK
2014-07-16 07:57:26
аллахым тозоктон бутун чыгырбасын мындай айбандарды
0
Sweet-Lika
2014-07-17 15:38:43
Бир башына 3 үйү бар экен. Баласынан кызганбай эле берип койбойбу дейм да...
Ач көздүктүн түбү ушундай болот. (Табаа эмес тобоо).
Баласына ылайыктап тарбия бере албаса.......ойййй кайдагы тарбия эйй!!! Өзү тигинтип жүрсө…
Сөзүм жок…
Ыйман берсин Жараткан!
Өз энесин мыкаачылык менен өлтүргөн бала сөөрөйгө Периштелердин наалаты болсун!!!
+1
aks_77
2014-07-17 21:19:44
Астагфируллах
0
kama98
2014-07-18 00:59:55
Кудай сактасын мындай балдардан.
0
Sekretka
2014-07-19 12:45:11
Кудай сактасын. Энеге да , балага да ыйман берсин кудайым.
0
nuris208
2014-07-20 23:30:17
жашап журуу да кыйындыкка туруп калды го азыркы заманда!!!(((((
0
ramawka28
2014-10-11 09:31:16
Аллахым ощу жазасын берет мындайлардын. Кантип 9 ай которуп сай соогу сыздап торогон апасына колу барды ...
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан