ИЧЕРГЕ СУУСУ ЖОК ЖАҢЫ КОНУШТАР

Жайдын ысык аптабы. Аба ырайын аныктап туруучу адистер "күндүн ысыктыгы 33-35 градуска чейин көтөрүлөт" деп билдиришүүдө. Бирок көлөкө таппай акактаган адамдар “40ка чамалап жатат го” деп жатышат. Ушундай ысык аптапта жүз чайый турган эмес, ичерге суусу жок Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардын бар экени сууга бай делген өлкөнүн ар бир эле жаранын түйшөлтсө керек. Мисалы, Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары суунун жоктугунан улам
3 жылдан бери жайкысын азап тартып келишет.

ЖАЙДЫН САРАТАНЫНДА ИЧЕРГЕ СУУ ТАППАЙ КАЛЫШАТ
Бишкек шаарынын айланасында акыркы учурда жыл санап жаңы конуштар көбөйүп жатканын баарыбыз билебиз. Алардын айрымдары мыйзамдын негизинде жайгашып, турак жай курууга уруксат берилген болсо, айрымдары массалык басып алуулардын негизинде пайда болгон жаңы конуштар. Жазында белчесинен баткакка чөмүлүп, кыштын күнү электр жарыгы жок карайлаган элдин, аң-чөнөк болгон жол маселеси, көкөйгө көк талкандай тийген жашоочулардын көйгөйлөрү менен таанышып, аларды гезитибизге байма-бай жарыялап келебиз.
Арча-Бешик жаңы конушунун жашоочулары “3 жылдан бери жайдын саратаны башталган маалда ичүүчү суубуз тып эле токтоп калат” деп зар какшап келишет. Айрымдары чарбагына майда-чүйдө жер-жемиш да айдап алышат экен. Жыл сайын суунун тартыштыгынан айдалган жер-жемиштерге суу жетпей куурап калып жаткандыгын айтышат.

“СУУ ТАШЫП БЕРИП ЖАТАБЫЗ” ДЕЙТ, БИРОК БИЗ КӨРӨ ЭЛЕКПИЗ”
Ичерге суусу жок, какырап турган бөлүк Арча-Бешиктин эң алгачкы турак үйлөр түшүрүлгөн аймагы болуп саналат. Чечилбей жаткан көйгөй тууралуу 75-кварталдын башчысы Таалайбек Корукчиев төмөнкүлөргө токтолду:

– Көйгөй туудурган көчөлөр Он-Арча, Бах көчөсүнүн күн чыгыш жагы жана Көк-Дөбө чолок көчөсү. Бул жерлерде май айынын ортосунан баштап эле жайкысын ичүүчү суу токтойт. Жашоочулар жакынкы көчөлөрдөн чыккан суу түтүктөн ташып келип ичишет. “Бишкексууканал” ишканасына бир нече ирет кайрылганбыз. Алар “Ушул суу келбей жаткан бөлүк Арча-Бешик жаңы конушундагы эң алгачкы эл отурукташкан аймак. Кийин айланасына кошулган турак үйлөр жаңы конуш катары баланска кирип, так ушул көчөлөр кирбей калган. Шаардык чарбага таандык болбогондуктан коммуналдык тейлөөлөр көрсөтүлбөйт” деп түшүндүрүштү. Баланска киргизип, коммуналдык кызматтарын көрсөтпөсө анда эмнеге ай сайын ичүүчү сууга жана сугат сууга деп акча жыйнап жатышат? Мындай суроо менен дагы аталган ишканага кайрылганыбызда “суу ташуучу унаа менен күнүнө 3 маал үйлөрдү кыдырып, суу жеткирип кетип турабыз” дешкен. Арызыбызды таштап, босогосун аттап чыккандан кийин эле кулактын сыртында калса керек, бир да жолу көчөбүздөн суу ташуучу унаанын караанын көргөн жокпуз.

“БАЛАНСКА КИРГЕН ЭМЕССИҢЕР” ДЕП СУУ БЕРБЕЙ ЖАТЫШАТ”
Арча-Бешик жаңы конушун аралай басып, тургундар менен да баарлаштык. Баары бир ооздон “айлабыз калбай калды, үйлөрүбүздү, 10 жылдан ашык байырлаган, балдарыбыз төрөлгөн жерди таштап кете албайт экенсиң” деген ойлорун билдиришти. Суу тартыштыгынын айрым себептерин болжолдоп, байкап жүргөн аталган конуштун тургуну Закир Медеров буларга токтолду:

– Биздин аймак ушул жерге отурукташканда, суу түтүктөрү тартыла элек кезинде жакынкы көчөлөрдөн ташып иччүбүз. Кийин айыл өкмөтүбүз демилге көтөрүп, суу түтүктөрүн сатып келип, Бах көчөсүн жээктей жайгашкан борбордук суу түтүктөн бул жакка суу тарттырган. Ар бир үй-бүлө акча чогултуп бергенбиз. Жай мезгилинен башка учурларда суу келет, бирок жай келсе эле тып токтойт. “Бишкексууканалга” кайрылсак бирде мөңгү эрибей суу тартыш десе, бирде суунун басымы жетпей жатат деген шылтоолорду айтып келишет.
Билишимче, суу шаркырап эле агып жатат. Жогору жактагы көчөлөрдө суунун басымы ашып, чакаңды тоcсоң жарым мүнөттө толуп-ташып кетет. Анысы аз келгенсип биз ичерге таппай жаткан суу менен короолорун сугарышып, ал тургай крандарын күнү-түнү ачык таштап коюп жаткандар деле бар. Ошол ашыкча коромжу болуп жаткан сууну жетпей жаткан аймактарга туура бөлүштүрсө болбойбу?
Күнүгө эртең менен саат 06:20 чамасында жумушка чыгып Бах көчөсү аркылуу кетем. Ошол учурда дайыма "Бишкексууканалдын" кызматкерлери келишип, Бах көчөсү менен Көк-Дөбө көчөсүнүн кесилишиндеги кудукту ачып бир нерселерин бурап кетишет. Жарым сааттан кийин эле биздин аймакта суу токтойт. Мен муну бир нече ирет көрдүм. Андан ары жакта катар-катар тизилген унаа жуучу жайлар сууну каалашынча колдонуп жатышат. Үйдө балдардын ичерге суусу жок отурушканын эстеп зээниң кейип кетет. Короодо бак-шак, алма-өрүк, майда жер-жемиш өстүрүү дегенди унутканбыз. Бишкек шаардык муниципалдык жашылдандыруу мекемеси да каналдан суу буруп алууга тыюу салып коюптур.

“ИЧҮҮЧҮ СУУНУ СУГАТ ИШТЕРИНЕ КОЛДОНУП ЖАТЫШАТ”
Мындай көйгөй бир эле Арча-Бешик жаңы конушунда эмес, Ак-Өргөө, Ак-Ордо жаңы конуштарынын да айрым аймактарында кездешет. Ал жактарда Арча-Бешикке салыштырмалуу маал-маалы менен суу берилип, кайра токтотулуп турат. Мындай көйгөйдүн жаралышына эмне себеп экенин билүү максатында “Бишкексууканал” ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиевге кайрылып, төмөнкүчө жооп алдык:
– Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагы болгон Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Өргөө жаңы конуштарында суу маселеси түйшөлтүп жатат. Бирок мындай көйгөй жайкысын гана. Себеби сууну ичкенден башка сугат иштерине да колдонуп жиберишип, конуштун башка аймактары суусуз калууда. Азыр конуштарда адам саны көбөйүп, сууга болгон талап да жогорулап жатат. Мунун натыйжасында суу тартыш болуп, тургундар нааразы болушууда. Маселени жоюш үчүн ар кандай аракеттерди көрүп жатабыз. Таңкы саат 4төн эртең мененки 8ге чейин суу беребиз, толтуруп жетишкендер алып калышат. Ошондой эле Арча-Бешик менен Ак-Өргөө жаңы конуштарына күнүгө 18-20 каттам жасап машина менен суу жеткизип жатабыз. Башка айла жок. Бир чайнек болсо да чайын кайнатып ичип турушсун деген ой. Жалпысынан 5 машина иштөөдө.
Кабыргасы ката элек чыт курсак балдардын колдоруна желим бөтөлкө, чака-чайнектерин көтөрүп, ийрелеңдеп суу ташып келе жатканын көрүп “алдыга жылып жатабызбы же артыбызга кетип баратабызбы?” деген суроого кептелдик.

Суу ресурстары жетиштүү деп саналган өлкөбүздүн болгондо да борборунда сапатсыз тейлөөнүн кесепетинен суу ташып ичкен жашоочулар көп экени өкүндүрөт.

Жакынкы көчөлөрдөн минтип идиш аттуунун баарына суу ташып келишет.

Канистра, чака, желим бөтөлкөлөр зарыл идиш болуп калган.

Короодогу гүл, бак-даракты сугаруу, кир жууш үчүн да арыкка суу келгенде жаш балдар суу ташып келишет.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Суусуз кыйналган Арча-Бешиктин тургундары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
DSD
2014-07-21 21:17:38
салатсыздарбы супер инфо. Рахмат сиздерге ушул маселени которуп чыкканыздар учун. Алдыга же артка баратабызбы деген суроону бишкексууканалына эле эмес.андан жогору инстанцияларга берип корунуздозчу сураныч.балким ойгонушааар!!! Эмнеге суу тутукторун тартып жатканда ойлонушкан эмес, бул суу аягына чейин жетеби эгер ойдодо сугат иштерине иштелип кетсе ?суунун басымын олчоп, болбосо параллельно дагы суу тутугун тартып болуштуруп койушпайбы?
+2
Multicam
2014-07-25 22:22:11
DSD,
Биринчиден Бишкексууканалы жаны конуштарга ылайыкталып жасалган эмес. Жаны конушта жашагандардын копчулугу, оздорунун бейиштей айылдарын таштап келишип отурукташып калды. Копчулук конуштарды басып алып ээлик кылганы аз келгенсип, дагы асмандагыны талап кылышат. Жаны конуштарда , суу, свет жок экенин билип , ошого макул болуп, умут менен уй салып жатышат. Анысы аз келгенсип, шаардын мусорун токкон жерлерди да конуштарга айландырып жатышат.
0
DSD
2014-07-21 21:27:44
анан эле боорукер болуша калат, бир чайнек чайына болсо да жеткирип атабыз деп. Андан коро баарына бирдей тутук(акчасын эл берет) койуп,рационалдуу турдо болуштуруп койушса.оздорунун да уйкусу тынч болот эле. Канчалаган гулдор гулдойт эле эххх...супер инфо ушундай соцпроблемага кобуроок дагы конул буруп турса онолот белек.себеби сиздердин окурманыныздар салыштырмалуу абдан эле коп....
+1
chevrolet
2014-07-22 04:21:46
Ушул элдерге тушунбойм кээде жашоого мумкун болбогон жерлерди басып алышат да анан Ар кайсы проблема менен арызданышат . Ошол жаны конуштун кээлери жашоого даяр эмес болчу да. Итирейтип кепе там салып алып жашап атышат. Ошонун айынан шаарыбыз шаар эмес эле айыл. Кээ бирки айыл дар анча мыча ойдоорок. Андан коро ошол жерлерге жакшы проекттерди иштетип коп кабат уйлорду куруп, суу тарып ,свет коюп адамча жашаса болот Эле да. Силерди окмот кыйнап жер берип уй курдурду беле? Кээде так жалко,...
0
DSD
2014-07-22 12:03:39
chevrolet, саламатсызбы! Сиздин суроонуз балким мага арналган чыгаар. Биринчиден ал жаны конуштарда мен жашабайм, анан баары эле сизге окшоп коп кабаттуу уйлордон кв метрине 700доллар толоп сатып ала алышпайт эле,экинчиден ал жаны конуштар чуй облусунун эмес Бишкек шаарынын балансыда, жана баардык жашооого тийешелуу инфраструктураны тузуп берууго милдеттуу!!! Эгер окмот озун сыйласа,Суроттогу жаш балдардын келечегин ойлосо.
0
DSD
2014-07-22 12:40:15
chevrolet, балким сизда ойунузду озгортоорсуз. Кепедей уй болсо да гулдор гулдоп , балдардын кулкусу угулуп,дарактын саясында отуруп китеп окушса жакшы болот беле,кечке суу ташыбай....
0
NUR.DIM
2014-07-27 10:13:15
ким эле жыргаганынан кепедей уйдо суусу жок жерде жашап атыптыр. Кор тирилик айла жоктон да.Окмот кыйнап уй салдырды беле деп ошол окмотту кыйнабай кепедей уй салып жашап атышканына суйунуу керек. окмот болгондон кийин оздорун эле ойлошпой ар бир кыргызстандык жаран учун кам корууго милдеттуу.
0
nargiz-94kg
2014-07-27 10:25:03
Кыргызстанга омур бойу , суу, свет жетпей отуп кетет го?
Башка мамлеккетерде , суунун ,светтин проблемасы жок, ушу кыргызстанда эле?
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан