Америкалык рэп ырчысы Питбуль дүйнөнүн белгилүү ырчылары менен дуэт ырдап атактуулугун арттырып келет. Кала берсе анын жалгыз ырдаганын күйөрмандары анча кабыл алышпай турганын да билебиз. Ал эми бизде дуэт ырдоо жаатында абал кандай? Атактуулардын кайсы дуэттери ийгилик жаратты? Аны аткаруу кимдин идеясы эле? Бул суроолордун жообун ушул макаладан издеңиз.
Гүлзат Байзакова: «ДИЛ КАЙРЫК» ҮЧҮН АЙБЕККЕ ЫРААЗЫМЫН»
Бир эмес, эки ырчынын багын ачкан «Дил кайрык» ырын кимдер гана сүйүп укпаган. Ырдын көркүнө көрк кошкон Гүлзат Байзакова дуэттин жаралуу тарыхына кайрылды:
– 2000-жылдары Айбек экөөбүз Спорт Сарайында өткөн бир концертте таанышканбыз. Айбек мен жашаган Жумушчулар шаарчасында жашачу, концерттен чыгып алып мен, жолдошум Ишен, Айбек болуп ошол районго чейин жөө сүйлөшүп кетчүбүз. Бир күнү «эже, ырым бар эле, ошону дуэт кылып ырдабайлыбы» деп сунуштап калды, ойлонбой эле макул болгом. Бул ыр экөөбүздүн тең чыгармачылыгыбызга жол салган, ак жолтой чыгармалардан болду. Мен Айбекке «Дил кайрык» үчүн ыраазымын.
Чогуу иштешип Кербенде концерт берип жүргөнбүз. Айбекти бир киши чакырып кетти. Бир аздан соң Айбек кубарып кирип келип «эже, жаман бир кызыктай окуя болду, айтсам ишенбейсиз» дейт. «Эмне болду?» десем, «жанагы киши чакырган жакка барсам, бир жаш келин туруптур, зордоп эле оозумдан өөп-өөп алды» дейт. Ал кезде Айбектин артынан чуркаган кыздар көп болчу, ошол жакшы көргөн келиндердин бири болсо керек да. Угуп алып боорум эзилгенче күлдүм. Айбек эшикке чыгып баратса «абайла, дагы караңгы жакка ээрчитип кетишпесин» деп тамашалап калчумун.
Роза Шакирова: «КАРАБАЧЫ» ДЕГЕН ЫРДЫН АРТЫНАН НУРБЕК ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ ЫРЧЫ БОЛУП КЕТТИК»
«Карабачы, антип мени караба» деп сыздаган Нурбек Дайырбек уулу менен Роза Шакирова учурунда эчен жаштардын жүрөгүндөгү сырын сыртка алып чыккан. Аны аткаруучулардын бири Роза мындай дейт:
– «Карабачы» деген ырды Ошто институтта окуп жүргөндө ырдын автору Чынара Сейитбурханова экөөбүз комузга салып ырдап жүрчүбүз. Окуумду бүтүп, Бишкекке келип, 2003-жылы «Туңгуч» театрында иштеп калдым. Ошол жактан Нурбек менен таанышкам. Нурбек да, мен да комуз чертип ушул ырды ырдап калчубуз.
Бир жолу дуэт жаздырууну чечип, ырларды тандап отуруп ушул ырга токтолдук. Ыр эл тарабынан жакшы кабыл алынып, бат эле популярдуу болуп кетти. Ал кезде Нурбек экөөбүз тең тааныла элек болчубуз. Бул чыгарма экөөбүздү тең ырчы кылды. Ырга клип тарттыралы десек акчабыз жок, карыздан карызга батып сахнага кийген кийимибизди араң тапчубуз. Ошентип кийимдерибизден уялып жүрүп эле сахнага чогуу көп чыкпай калдык. Азыр ойлоп калам, экөөбүз көп дуэт жаздырып жакшы иштеп алсак болмок экен деп. Андан кийин мен турмушка чыгып кеттим. Нурбек менен чогуу иштешип жүргөндө экөөбүз бир туугандай элек.
Мухтар Атаналиев: «АЗИЗАНЫ МАГА АТА-ЭНЕСИ ТАБЫШТАГАН»
Бир кездеги ырчылардын жаңы агымы менен кошо кирип келген ырчы Азиза «Кайдасың, азыр кайдасың?» деп сүйүктүүсүн издөөдөн мурун, Мухтар Атаналиев менен толкундарга суктанып "Толкундар, ак толкундар" деп чогуу ырдап жүргөнүн билебиз. Аталган ырдын популярдуулугун эстен чыкпай калган кайрыктар айтып турат. Анда дуэттин жаралуу тарыхын Мухтар Атаналиев айтып берсин:
– Азизанын апасы биздин тууганыбыз. Бир жолу шайлоо алдында концерт коюп айылга барсам, Азизанын апасы «ырга шыктуу кызым бар, ошону алып чыкпайсыңбы, азыр Ошто окуйт» деп калды. Кийинчерээк өзүм топ ачканда Азизаны Оштон Бишкекке чакырдым. Ал институттагы окуусун таштап, Бишкекке келе бериптир. «Окуусун таштап келгенден кийин эми чыгармачылыкты эптеп кетсе экен» деп бушайман болгом.
Келгенде экөөбүз альбом жаздырдык, анда «Толкундар», «Кыз-жигит», «Тоолордо жүрөгүм» деген ырларыбыз бар эле. Мени менен иштеп жүргөндө Азиза 18-19 жашта эле, жаш, бойдок кызга жигиттердин баары кызыгат эмеспи, Орусияга барганда «бизге таштап кет, бербесең алып качып кетебиз» деп тийишкендеричи.
Азиза абдан тил алчаак, аракети күч кыз. Экөөбүз чогуу иштешкен 4 жылды текке кетирбей, чыгармачылыктын өтөсүнөн чыгып ырчылыгын улантып кеткенине кубанам.
Назира Токонова: «ДОБРДУ БАШЫНДА БАЙКЕ ДЕЧҮМҮН»
Кыргыз шоу-бизнесинде дуэт ырлардын саны жагынан Добр менен Назира Токонова эч кимди алдына салбайт болуш керек. «Жашоо бир келет», «Ла-ла-лей», «Кел, бийле» деген ырлары менен жаштардын сүймөнчүгүнө айланган Добр менен Назира жашоодо да кыйышпас достордон. Бул тууралуу Назира Токонова мындай дейт:
– 2009-жылы тушоо кесүү концертимди өзүм төрөлгөн Кызыл-Ой айылында коюп келгем. Ошол концертке тааныштарым Добрду да чакырышкан эле. Экөөбүз жолдо баратып таанышып, башында «сиз», «байке» деп кайрылчумун. Кийин эле "сенге" өтүп кеттим. Ошондон бери чыгармачылыкта тыгыз иштешип келебиз. Кайсы ырды жазбасын сөзсүз үн коштоого мени чакырат, анан мен «баарын эле мен коштой беремби, көп болуп кеткен жокмунбу?» десем «башка ким бар, сенден бөлөктү элестете албайм» деп калат.
Добрдун мүнөзү аябай жумшак, сөз көтөрүмдүү, чыгармачылыкта да, жашоодо да достугубуз көпкө уланат деп ишенем.
Сема: «90-60-90ДУ» РАДИОГО АЛЫП БАРГАНДА «УШУЛ ДА ЫРБЫ?!» ДЕП ШЫЛДЫҢДАШКАН»Көпчүлүк Сема менен Кундуздун тандеминен жаралган «90-60-90» деген ырдан кийин кыздар үчүн стандарттык параметр 90-60-90 экенин билгендер да болгон. Ырдын жаратуучусу Сема чыгарма жөнүндө мындайча ой бөлүшөт:
– Жаштарга сиңимдүү, жеңил ыр жараткым келип жүргөн. Бул ырды жаздырып, аранжировкасын даяр кылгандан 1 жылдан кийин жарыкка чыккан. Анткени мен ырга төп келген кызды көпкө издеп калдым. Кундуз менен Караколдо гастролдо жүрүп концерттен таанышып калдык. Ал учурда Кундуздун 1-2 ыр ырдап жаңы ырчы болом деп аракет кылып жүргөн кези экен. Чогуу ырдоо сунушун киргизип «100 пайыз кепилдик берем, бул хит болчу ыр» десем, дароо макул болгон. Ырды жаздырып бүтүп, радиолорго алып барсам «ушул да ырбы?!» деп аябай шылдыңдашкан. Анан мен «бир жума болбосо да, эки эле күн коюп көргүлөчү, эч кимге жакпаса алып саласыңар» деп араң көндүрдүм. Ошол бойдон «90-60-90» радиодон түшкөн жок, хит-параддардан алдыңкы орундарды алып жатты. Кундуз менен гастролдорго чыгып эки жылдай иштештик. Кундуз абдан кичи пейил, тарбиясы жакшы кыз.
Негизи, мен көп ырчылар менен дуэт ырдагам, өзүмө да дуэт ырдаган жагат. Биздин аткаруубуздагы дуэттердин элге көп тараганы «90-60-90» болду окшойт.
Лунара Бекиева
star@super.kg