"Сынган кылычтагы" улам жыйылып, бир түндүккө бириге албай кайра чачырап, өз багытын, өз жолун издеген маалыбыз дагы кайталанып жаткандай.
Ар бир кыргыздын китеп текчесиндеги сыйлуу орунда турушу зарыл болгон Төлөгөн Касымбековдун бул романын жаш муун окуп чыккан, билет деп айтуу кыйын. Андыктан кыргыздын тарыхынын бир бүктөмүн ачып берген романды кыскача баяндап берүүнү чечтик.
Бекназар Коконду көздөй согушка кетип, каза тапкан Темирдин өлүмүн угузуп, дан багарлардын айылы чууга толуп чыкты.
Темир кайраттуу, жүргөн жерин шаңга бөлөгөн ачык-айрым, кызыл жүздүү жигит катары сүрөттөлөт. Каада-салттар катуу кармалып, кудалап койгон жери бар кызды ала качуу мындай турсун, аялзатына ашыкча ирет карап коюу тарбиясыздыкка жаткан ошол заманда ал Айзаадасын ала качып алган. Эгер кыз өз көңүлү менен келгенин ачык айтып, атасынан бата берүүнү суранбаса, дан багарлардын айылы сөзгө жыгылып, кыз тарап келип чаап кетсе да, каршы үн дей алышмак эмес. Ошондой коркунучка бел байлап, өз киндигин өзү кескен жаш жубайлардын бактысы көпкө созулбады. Жаш келин жесир калып, дан багарлардын аксакалы Теңирберди өмүрүнүн күүгүмү келип калган маалда туягынан айрылып, боздоп турду.
Бул маалда Абил бий Бекназардан кантип өч алып, эл алдында аброюн кантип түшүрүүнүн айласын таппай жаткан. Ичтен бышып, айла-амал таппай турганында ордодон киши келди.
Алымкул аталык ордодогу каршылаштары тарабынан согуш талаасында атылып өлтүрүлгөн соң тактыдан куулуп калган Кудаяр кайрадан хандыкка ээ болгон. Ордо менен элеттин ортосун кайра бекемдеп, тоолуктарды эпке келтирүү керек эле. Ошондуктан Аксыга Мусулманкул аталыктын баласы Абдырахманды жөнөткөн.
Абил бий жайлоодо жыйын курду. Өзүн эл тагдырын чечишке тиешем бар деп сезгендин баары чубап келип жатышты.
Келер элдин баары келип бүттү деген күнү көк тектирдин дөңүндө жыйын болуп, Абил бий илгертеден келе жаткан каада-салтты, ынтымактын зарылдыгын, шарият жолун сөз кылып, элди муютуунун амалын кылды. Ушул маалда чогулгандардын арасынан бирөө капыстан суроо салды.
– Кудаяр көрбөй жүргөн Кудаяр беле, өзү элетте туулуп, элетте чоңойгон бала... Бактысыбы, шорубу, эки жолу хан болду эле, мына эми, үчүнчү жолу Кудайым мурадына жеткирип салыптыр... Кут болсундан башка каалаарыбыз барбы, кут болсун. Кудаяр-Кудаяр болуп жүрүп, айткылачы, не бейиш көрсөттү эле ушул элге? Бу Кудаяр амирин туткан элге эмне жакшылык убада кылыптыр?
Журтчулук дин тууралуу Абил бийдин эритип сүйлөгөн сөзүнө каршы ооз ача албай отурган эл сөз эртеңки көрөр күнүнө келип урунганда эстерине келе түшүштү. “Ак сөз! Айтсын элчиси, эмне жакшылыкты убада кылыптыр? Баягы кыпчактарга көрсөткөн бейишидир... Ачык айтсын элчиси!” деп гүрү-гүү түшүп кетишти.
Элчинин мындай суроолорго жообу даяр эле... “Мына, туугандар, мен кек алсам болор эле. Кек да кылдым. Алымкул аталык менен Алымбек датканы ээрчип жүрдүм, эмне таптым, ырк кеткенинен башка эмнени көрдүм? Ушу бүгүн силерди жамынып кубат сурасам бир көңүлдү сындырат белеңер, сындырбайт элеңер... Бирок мен кайра Кудаяр менен саруу тагаларынын ортосун колдон келсе данакерлеп кайтайын деп келдим...”
Элдин эртеңин, ынтымагын ойлоп, кечирдим деген адам кантип жакпасын? Чогулгандар ич ара күүлдөп, толкуй баштады. Абил бий менен элчиге ушул эле керек болчу. Шашылыш түрдө хандан келген жарлык окулду.
Кудаяр хан элден салык, кошуун чогултууну кайрадан баштаган экен.
– Мамлекеттин зарылчылыгы үчүн кылкуйруктан тандалган аргымак керек, аргымактарга минип чаба турган эр-азаматтар керек. Кылчаңдоого болбойт! Хан жарлыгы бир! Баягы колго барып жүргөн жигиттер бүт аттанат! Бир айлык күл азыгы, коштогон аты, куралы толук болсун! Түгөлүбүз менен түшүп, таажынын алдында таазим кылабыз...
Жигиттери менен катуу жүрүп келип аттан түшпөй, жыйын четине токтогон Бекназар элдин көзүн ачып, суроону кабыргасынан койду.
– Тууган!- деди Бекназар кыйкырып. – Хандын бизге кылар жакшылыгы ушул беле?! Эртең миңдеп айдап орус мылтыктын оозуна тосмокчу беле?! Сиз менен биз билебиз, орус мылтык түз болот, алыска тиет, бат атылат!.. Тууган, бул ордонун акылын, амирин туталы дедик. Чабышып жүрүп оңдукпу? Мына, амирин тутар замат ордо бизди Чырнай пашага аттандырат турбайбы?! Куп, аттаналы. Ордо биздики, коргойлу. Бирак, Ордо башылар акыл тапсын. Чырнай пашаныкындай түз, алыс атар, бат атар мылтык тапсын! Кыңырак жарабайт эми! Тууган! Жан күйөрлүк кылыңыз, бизден ушул дубай саламды ала кетиңиз. Тапсын бат атар мылтык, казынанын алтынын ары-бери качкан сайын артынып жүрбөй. А анте албайт экен, убара болбосун, биз карыш жыла албайбыз. Ат биздин канатыбыз, канатыбызды жулдуруп, боорубуз менен сойлоп калгыбыз жок. Жигиттер биздин жүрөгүбүз, жүрөгүбүздү окко жылаңач тосор алыбыз жок!
(Уландысы кийинки сандарда)