ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-июлдан 27-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында кызыктыруучу, азгырыктуу сунуштар түшөт. Ашыкпай, ойлонуп иш кылыңыз. Болбосо убакытты текке кетирип, пайда да таппай каласыз. Аптанын экинчи жарымында шектүү адамдар менен сапарлаш болуудан качыңыз. Дем алыш күнү үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин жакшылыгын белгилөөңүз мүмкүн.


БУКАЧАР
(21.04-20.05)
Бул аптада кыймылсыз мүлккө акча жумшооңуз ыктымал. Бирок ал акчанын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк чыгат. Энергия менен убактыңызды туура бөлүштүрсөңүз, максаттарды ишке ашыра аласыз. Жагымдуу сюрпризге же белекке ээ болушуңуз ыктымал. Аптанын аягында сиздин убактыңызды алчу адамдар чыгат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө эмоцияга алдырып, ката кетирүүдөн сак болуу кажет. Шейшембиде достордун тилин уксаңыз, бөөдө чырдын алдын аласыз. Бейшембиде таасирдүү адамдардын бири менен жолугасыз. Бул жолугушуу сизге пайда алып келиши мүмкүн. Жума күнү сүйүктүүңүз менен мамилени териштирүүңүз күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Шейшембиде келим-кетим көп болот, андыктан чоң иштерди пландабаганыңыз оң. Шаршембиде чырдашпоого аракет кылыңыз, болбосо уруш апта бою созулушу мүмкүн. Бейшембиде жакындарга кам көрүп, алар үчүн бир топ иштерди бүтүрөсүз. Жума күнү сыйлык алууңуз ыктымал. Ишембиде абайлабасаңыз, жаракатка кабылуу коркунучу бар.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө кандай маселе болбосун, сиздин пайдаңызга чечилет. Шаршембиде тааныштар үчүн чуркап, кейип-кепчийсиз. Бейшембиде сапатсыз тамак жеп алуудан абайлаңыз. Жума күнү жакындарыңыз менен урушуп, жалгыздыкка калууну самооңуз ыктымал. Ишембиде туугандар кайсы бир талаптары менен кайрылат. Жекшембиде чечкиндүү болбосоңуз, олжодон куру каласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында коңшулар менен маселе жаралышы мүмкүн. Шаршембиде чечилбеген маселелер боюнча чуркооңуз күтүлүүдө. Бейшембиде берген убадаңызды аткара албай, достор арасында ыңгайсыз абалда калууңуз ыктымал. Ишембиде акчаңызды туура бөлүштүрбөсөңүз, кийинки аптада каражаты жок каласыз.


ТАРАЗА
(24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө сизге бут тоскондордун бети ачылып, ким душман экени айкындалат. Шейшембиде чала тааныштарга жардам бербей эле койгонуңуз оң, мээнетиңиз акталбайт. Жума күнү жеке жашоого тиешелүү маселелер көтөрүлүп, бир топ убайымга салат. Ишембиде кайсы бир иштерге катышып, элдин көңүл борборунда болосуз. Жекшембиде конокко чакырык алууңуз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жумушта башкалар үчүн да иштөөгө туура келет. Шейшембиде тепкичтерден чыгып-түшүүдө, курч буюмдарды колдонууда абайлаңыз, жаракатка учурооңуз мүмкүн. Шаршембиде тааныштар ашарга чакыруусу ыктымал. Бейшембиде жетекчиликтин каарына калбоо үчүн талашып-тартышпаңыз. Жекшембиде үй-бүлөңүз менен эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө сүйүктүүңүз өзүнүн талаптарын коюп, таарынычтарын айтат. Шаршембиде кийинки жашооңузга таасирин тийгизүүчү окуяга кабыласыз. Бейшембиде жалкоолук жана тилазарлыктын айынан буга чейинки жетишкендиктерди жууп салбоо кажет. Ишембиде кыжалатка салчу интригага кабылып, бирөөлөр менен мамилелерди териштирүүңүз күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында жол жүрүүдө этияттык керек. Анткени кийимди айрып, кол-бутту кыпчытып алуу коркунучу бар. Шаршембиде бир кезде чогуу жүргөн досуңуз капыстан кезигиши ыктымал. Жума күнү күтүлбөгөн окуяга кабылып, чыгаша тартасыз. Дем алыш күндөрү өнөкөт ооруңуз козголбоосу үчүн күндө көп жүрбөңүз, оор жумуш жасабаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жумуш ордуңузду алмаштыруудан мурун жакшылап ойлонуңуз. Өзүңүздү жакшы сезбегенден улам врачка текшерилүүңүз ыктымал. Шаршембиде байкабай айткан сөзүңүз жакшы таанышыңызды таарынууга жеткириши мүмкүн. Бейшембиде көз карашыңыздар төп келген адамдар менен чогуу болосуз. Ишембиде жаңы маалыматтар менен таанышып, дүйнө таанымыңызды кеңейткениңиз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада каржылык абалыңыз жана жеке жашооңуз ойдогудай болот. Өзүн актабагандыктан, сапарга чыгууну кийинкиге жылдырыңыз. Шаршембиде күтүлбөгөн окуяда бирөөлөрдүн басмырлоосуна, кол көтөрүүсүнө жол бербеңиз. Жума күнү тилектериңиздин бири орундалат. Жекшембиде кечеге же тойго чакырык алууңуз күтүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан