«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Бул жолку атактуу сериал тууралуу баяныбыз “Даңазалуу кылымдын” сценаристтери, алардын каармандарга байланыштуу көргөн түштөрү, матракчы Насух эфендинин тарыхтагы орду жана Дайе хатундун ролун жараткан актриса тууралуу болот.

ЭКИНЧИ СЕЗОН
46-56-сериялар: Мустафа менен атасынын мамилеси начарлайт

Валиде Айше Хафса султан Хүрремдин таасири жогорулай баштаганынан кайрадан тузак салууга киришип, ал Хүрремдин жүзүн күйгүзүү менен аяктайт. Бул окуянын айынан гарем тополоңго түшүп, атүгүл гаремдин тартиби үчүн жооп берген Дайе хатун ордун Гүлшах хатунга бошотуп берүүгө аргасыз болот. Мустафа менен Махидевран Эдирнеден хан сарайга кайтып келген соң Мустафанын катышуусунда кылыч тапшыруу жана султанга ант берүү аземи болуп өтөт. Тактын негизги мураскери атасы менен жүрүшкө барып келет. Көп өтпөй Мустафа менен Сулейман бири-бирине кайрадан ачуу сөздөрдү айтышат. Ал Махидеврандын Хүрремди жаакка чапмакчы болуп жатканына султандын күбө болуп калуусунан келип чыгат. Сулеймандын буйругу менен Хүрремден кечирим сураган Махидеврандын бөлмөсүндө ыйлап отурганын көрүп туталанган Мустафа атасына келип “Биздин тагдырды ким чечет, ата, сизби же Хүрремби?” деп суроо салат. Султан Ибрагимге бул окуя тууралуу айтып берип жатып: “Ачууга алдырганымдан маңдайымда уулум турганын унутуп жибердим”,- дейт.
Ибрагимдин бийликтен улам көзүн май басканынын дагы бир далили калкып чыгат. Ал өзүнүн эстелигин жасаттыра коём деп, анын кесепетинен өз башынан ажырап кала жаздайт.
Ал ортодо Хүррем Мустафага тымызын Нора аттуу күңдү жиберип, ага тактын мураскеринин жүрөгүн багындыруусун, кийинчерээк тамагына уу кошуусун табыштайт. Бирок күң Мустафаны сүйүп калып, ал ортодо кош бойлуу болот. Тактын мураскери хан сарайдан өз дубанына кеткенге чейин балалуу боло албайт деген талапка ылайык, Нора боюнан алдырууга аргасыз болуп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калганда Мустафага “Хүрремден сак болуңуз” деп керээзин айтат.
Ал эми Хүрремдин эң кичүү уулу Жихангирдин бүкүр болору билинип, султан үстөккө-босток башына түшкөн кыйынчылыктардан эс ооп жыгылат. Махидевран Сулеймандын мындай оор абалына кайгыруунун ордуна “уулум такка отурат” деп, даярдык-камын көрүүгө киришип, Хүрремди балдары менен кошо көзүн тазалай турганын айтып коркутат. Гаремдин абасы кан жыттана баштаганда Хүррем күтүлбөгөн жерден валиде Айше хафса султан, Хатиже, Ибрагимдин коргоосуна алынат. “Султан жок, мага да жашоо жок” деген Хүррем балкондон өзүн таштап жиберейин деп, “Сулейман кайтыш болуп кетсе, канжардын мизинен ажал таппайлы” деген ойдо өзү менен балдарына уу алдырат. Махидеврандын кайгысына, Хүрремдин бактысына султан эсине келип, көзүн ачат.
Бул аралыкта Малкочоглу Бали бей башынан дагы бир ашыктык отун өткөрүп, ал валиде Айше Хафса султандын Крымдан келген жээни Айбигеге байланыштуу болот. Бирок Айбиге улуулардын чечими боюнча Мустафа менен турмуш курары жарыяланып, ал-бул болгуча Малкочоглу Бали бей менен сүйлөшүп жүрүшкөнү ачыкка чыгып, эр жүрөк баатыр зынданга камалат.
Ибрагим паша менен Нигар калфанын сүйүүсүнө келсек, Нигар матракчы Насух эфенди менен ажырашып, калфанын улуу вазир менен болгон мамилеси күндөн-күнгө бекемдейт.

“ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ” ОРТО ЖОЛДО “ИЛХАМСЫЗ” КАЛЫП КЕТКЕН
Дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнүн көрөрмандары ээрчип көргөн “Даңазалуу кылым” 56-сериясында илхам берүүчүсү, башкы сценаристи Мерал Окайсыз калып кеткен. М.Окайдын Осмон империясынын алтын доору тууралуу сценарий жазып, аны элге тартууласам экен деген көп жыл бою багып-бапестеп келген кыялынын эсебинен, продюсер Тимур Савжыны да бул кыялга ишендире алгандыгы менен “Даңазалуу кылымды” көрүп отурабыз. Сценарист бир катар тасма жана сериалдарда да роль жараткан, жаш кезинде кабарчы болуп иштеген. 53 жашында көз жумуп кете берген Мерал өмүрүнүн соңку жылдарында рак илдети менен күрөшүп жүргөн. М.Окайдын актёрлукту аркалаган жолдошу да рак оорусунан улам кайтыш болгон.
“Даңазалуу кылым” сериалынын сценаристтер тобунда орточо 4 киши иштеп, М.Окайдын ордуна ага чейин анын жардамчысы болуп келген Шахин Йылмаз топтун жетекчиси болуп дайындалат. “Эң башында сериялар үчүн кыска анонс түзүү менен алек болуп жүрдүм. Жалпы жумуш процессине келсек, паргалык Ибрагим менен коштошуу мени эң көп кайгыга салды. Кадимкидей жакын адамымдан ажырап калгандай сезимди башымдан өткөрдүм. Атүгүл Ибрагимдин өлүмү баяндала турган сценарийди жазып жатканда да көзүбүздөн жаш тыйылбай койгон.
Анан да каармандар түшүмө көп кирет, бул бир жагынан оор учурлар боюнча сценарий жазууга да жардам берет. 55-серияда Сулейман өлүм төшөгүндө жатканда Хүрремдин канчалык кыйналганын чагылдырып берүү тапшырмасы мага жүктөлдү. Көпкө чейин ойлонуп, ылайыктуу эч нерсе таба албай чайналдым. Анан эле түшүмдө жардын кырында турган Хүрремди көрдүм. Ошентип көрүүчүлөр султандын террасасы Хүрремдин алдында түбү көрүнбөгөн жарга айланганына күбө болушкан”,- деп түрк басылмаларынын бирине Шахин Йылмаз маек куруп берген.

Мерьем Узерли менен Нур Феттахоглу сценаристти жерге берүү зыйнатында.


МАТРАКЧЫ НАСУХ ЭФЕНДИ КИМ БОЛГОН?
Сериалда Сулейман менен матрак ойноп күрөшкөн, Ибрагим пашанын досу Насух эфенди деген каарман ошондой эле ысым менен тарыхта орду бар адам. Осмон империясынын тарых, математика, география илимдери боюнча окумуштуусу, беш тилде сүйлөй алган, согуш куралдарынын чебери, өзүнүн миниатюралары жана иллюстрациялары менен атагы чыккан сүрөтчү болгон. Насух эфенди Сулейман султандын жүрүштөрүн өз эмгектеринде чагылдырган. Көчүрмөлөрү бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Керек болсо матрак оюнун да Насух эфенди ойлоп тапкан деп айтылат.
Матракчынын ролун жараткан Фатих Ал учурда 38 жашта, актёрдук карьерасын 2004-жылы баштаган. Анын “Даңазалуу кылымдагы” ролум мага атактуулук алып келди. Менин ишиме көз салгандар көбөйө баштады” деп айтканы бар.




ТЕАТРДЫ ЫЙЫК КӨРГӨН ДАЙЕ ХАТУН
Сериалдагы актёр менен актрисалар дал ошол ролду аткаруу үчүн гана бул жашоого жаралса керек деген ойго жетеленесиң. Дайе менен Гүлшахты алалы, валиделердин бир ооз сөзү үчүн жанын арноого да даяр.
Дайе хатундун ролун учурда 49 жаштагы Сема Кечик аткарган. Кичинесинен эле актриса болууну чечип, кийин театр бөлүмүнө тапшырат. Сема көп жылдарга чейин тасма жана сериалдарда карьера баштоодон кетенчиктеп келген. Соңунда сунуштарга баш ийип, “Мен бир булут болсом”, “Сыла” деген сериалдарга тартылганы менен, көрүүчүлөрдүн эсинде калбаган. “Даңазалуу кылым” ага чоң ийгилик алып келгенин актриса өзү да айткан.




Экрандарга жипсиз байлаган “Даңазалуу кылымдын” кызыктары эми кызыгына кирет. Ар бир баяныбызды калтырбай окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
maestro123
2014-07-21 11:00:38
Ушул сериалдын дубляжын сонун иштептир. Азамат дегим келет котормо студиясына.
0
emma.dinka
2014-07-21 17:11:52
Bul kino dagy bolobu ulandysy je 125-seriasynda ele kalyp kalaby
0
begimai1989
2014-07-21 19:47:14
emma.dinka, 140сериялдуу
0
MirlankMedina
2014-07-21 21:09:17
ооба жакшы которулган эн сонун ишиниздерге ийгилик
0
Oceana
2014-07-22 00:55:52
ka4an bolot kalgany tvdan?
0
konfetka_feri
2014-07-22 15:47:58
Maxedavranga karaganda Xurem akylduu ee.birok e4 jakpait Xurem
0
never-cry
2014-07-22 23:48:57
5сезонун кайсы сайттан корсо болот мен 4ко чейин эле таптым
0
feridde
2014-07-23 10:35:00
never-cry, бул сериал 4 сезон менен бутту.
0
sumaia.kg.kg
2014-07-24 23:55:24
4эле созон бешинчиси жок
0
elnu91
2014-07-26 03:20:07
5 сезон екенго
0
MINURA-93
2014-07-31 18:00:56
Эээннн сонун сериал


0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан