Учурдун эң ийгиликтүү продюсери. Дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүп, басса-турса телеберүү, концерт, клип, сахна тууралуу ойлогон адам. Кыргызстандагы популярдуу ырчы жигиттердин “атасы” Канат Култаевдин жашоосу, өмүр таржымалы тууралуу маек курдук.
– Саламатсызбы, Канат мырза? Канаттуу кыялдардын жетегинде бала чагыңызга бир кылчайсаңыз. Ошондо эле чыгармачылыкка жакын белеңиз?
– Балалыгымдын издери Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылында калды. Үй-бүлөдө жети бир туугандын эң кичүүсү, эркеси болгондуктан эмнени кааласам, бардыгына жетчүмүн. Ал эми чыгармачылыкка кызыгуу мектеп курагында башталды. Ар бир концерт, кече менин катышуумсуз өтчү эмес. Мектепти бүткөн соң Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырам деп дегдеп Бишкекке келдим. Тилекке каршы, оюм оңунан чыкпай, "Дастан" технологиялык университетинде окуп калгам.
– Кесибиңиз инженер экен, кантип алып баруучу болуп калдыңыз?
– 1-2-курс кезимде университетте кечелерди уюштура баштагам. Бир жолкусунда Мыктыбек Арстанбек деген агабызды калыстар тобунун мүчөсү катары чакырганбыз. Кече соңунда жаштар Мыктыбек байкеге жолугуп, “КТРге телеберүү ачсак кандай болот?” деп сунуштадык. Ал киши “келгиле, эгер жакшы долбоор болсо, албетте, жардам беребиз” деди.
Эсимде, биринчи жолу телевидениенин алдына келгенде Гүлшан Молдоева менен Болот Тилебаевди көрүп сүрдөгөнүмдөн качып кеткем. Эмнегедир ал жер, андагы кызматкерлер мага сүрдүү сезилген. Андан бир ай өткөндө “сени күткөнбүз, эмнеге келген жоксуң?” дешкенинен кайра барып “Марс плюс” деген долбоорумду сунуштадым, алар жактырышты. Ал долбоор азыркы “Муз Обонун” баштапкы варианты десем болот. Бир айдын ичинде демөөрчү таап, көрсөтүүм эфирге чыккан. Ал кезде көрсөтүүнү тезирээк элге жеткирип алуу үчүн өзүбүз оператор, режиссёр, алып баруучу, редактор болуп жүрдүк. Мага ошондо эле режиссёрлук жаккандыктан, кийин башка алып баруучу таап, ага өткөрүп бергем.
– Эмне үчүн телевидение? Эмне үчүн режиссёрлук, продюсерлик? Бул тармакка кайсы күнү, кандайча келип калдыңыз?
– КТРде музыкалык көрсөтүүлөрдү даярдап жүрүп, продюсерлик кылуу жөнүндө ой пайда болду. Себеби көп эле ырчыларга жардам берсең алар атын жасап алган соң киши тааныбай, саламдашканга жарабай калышат. Андайда, албетте, ичиңден таарынасың. Андан көрө бир ырчы менен сүйлөшүп, каражат, чыгармачылык жактан жардам берип, мыйзамдуу түрдө иштесек кандай болот деп ойлодум. Орусиянын, Казакстандын продюсерлери кантип иштешерин көрүп, 2004-2005-жылдары мен да продюсер болууну чечкем. Ошентип биринчи жолу мыйзамдуу түрдө Урмат Усенов жана Темир Назаров менен иштешип баштагам. Башында орусиялык продюсер Юрий Айзеншписти карап түздөнчүмүн. Себеби анын Дима Билан, андан башка мурунку долбоорлору да ийгиликтүү болгон.
– Продюсер болуудагы эң негизги максатыңыз?
– Продюсер деген кесипти алгач коомчулук түшүнгөн эмес. Башында эл арасында биз “акча жегич” деген атка конуп калсак керек. Кийин ырчынын чач жасалгасын, костюмунан тарта байпагына чейин продюсерлер даярдаарын билгенде кээ бир ырчылар да “силер чындап эле ушунун бардыгын жасайсыңарбы?” деп таң калышкан. Азыр элдин баары эле продюсер деген кандай кесип экенин түшүнүп калды болуш керек.
Башында продюсер болом деген жөн гана амбиция болчу. Анан бир таланттуу бала келсе, анын атын таанытсам деген кызыгууга айланды. Азыр болсо шоу-бизнес деп аты айтып тургандай эле бизнес болуп калган. Негизи, продюсердин максаты бирөө эле. Ал – ырчыга жардам берип, атын элге таанытып, анын үзүрүн көрүү.
– Режиссёрлук менен продюсерлик кесиптин кайсынысы сизге көбүрөөк жакын?
– Чынында, жан дүйнөмө режиссёрлук жакын.
– Темир Назаров, Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Даниель... Сиз менен иштешкен ырчылар өзгөчө ийгиликтерге жетип жатышат. Ырчыларды кандай критерийде тандайсыз?
– Албетте, талантына, сырткы келбетине, мүнөзүнө карайм. Башында үнүн текшерип көрөсүң. Келбетин болсо оңдоп алсаң болот, ал эми адамгерчилигин текшерүү үчүн бир топ убакыт кетет. Ырчы миң таланттуу болуп, мүнөзү жаман болсо, элге бат эле билинип калат.
– Ийгиликтерге жеттиңиз, кыйынчылыктарга да туш болдуңуз. Жаныңызда жүрүп сиздин эмгегиңиздин үзүрүн көрүп, кийин сатып кеткендер болду. Андай кыйынчылыктардан кантип өттүңүз?
– Андай учурлар да болду. Ар бир адам адашат эмеспи. Бирок популярдуу болгондо адам өзгөрүлөт экен. “Адамды акча жана бийлик менен сына” деген сөз бар эмеспи. Менин балдарымдан да эки-үчөөсү өзгөрүлүп кеткен, аттарын айтпай эле коёюн. Кээде адамдарга жакшылык кылсаң, түшүнбөсө капа болосуң.
– Ар качан концерт, клип, көрсөтүү деп изденип жүрүп, идея түгөнүп калган учурлар болобу?
– Ошондон Кудай сактасын. Идея түгөнүп калуу мен үчүн коркунучтуу. Идеянын калбай калышы – бул “бүттү” деген сөз. Күндө бир нерсени ойлонуп, изденип турбасам жашай албайм. Идея түгөнбөш үчүн өзүбүздүн казанда эле кайнап жүрө бербестен, башка өлкөлөрдүн да эмгектери менен таанышып туруу керек. Алардан идея жаралат. Мен азыркы учурда эмне мода, эмне актуалдуу болсо, ошондон калбаганга аракет жасайм. Мисалы, азыркы жаштардын кээ бирлери инстаграмга каттала элек болсо, мен артта калбайын деп күндө кирип турам.
Мен эс алганды деле билбейм. Майрамдарда жөн эле үйдө жатып сыналгы көрсөм, ал мен үчүн майрам. Билбейм, “ненормальный” окшоймун (күлүп).
– Кээ бирлер жумуш деп жүрө берип туугандар менен көп катышпай калышат, сиз тууганчылсызбы?
– Жумуш деп жүрүп бир туугандарыма, ата-энеме жолугууга убакыт аз болуп калат. Балким, мен туура эмес кылып жаткандырмын...
– Биздин гезитке берген маектериңиздин биринде “жалгыз карышкырмын” деген элеңиз. Түгөй болор сүйүктүүңүзгө жолуктуңузбу?
– Үйлөнгөнгө убакыт келмек тургай өтүп баратат. Жашым дагы бир топко келип калды. Дале жалгыз карышкырмын. Быйылкы Жаңы жылды жалгыз тостум. Жыл өткөн сайын жалгыздык сезими күчөй берет экен. Мисалы, тартуу иштери болуп жатканда аянтчада толтура кишилер жүрөт эмеспи. Жумуш бүткөн соң баары үйлөрүнө тарап кетип, мен жалгыз калам. Бардыгы Кудайдын буйругу менен экен. Балким, эртеңби же бир сааттан кийинби, жалгыз болбой калышым мүмкүн.
– Эмне үчүн кыздарга продюсерлик кылбайсыз?
– Анткени эркек балдар менен иштешүү оңой. Эркек балдар туура эмес иш кылса урушуп, кээде сөгүп деле койсоң болот. Маселени эркекче сүйлөшүп чечип аласың. Ал эми кыздар назик келишет. Аларды урушуп же катуу талап да коё албайсың. Бирок мен кыздар менен продюсер катары иштешүүгө даяр болуп калдым. Андыктан мурунтан бери айтып келе жаткан кыздардан топ түзөм деген максатым дале күчүндө.
– Учурда эмне менен алексиз?
–Азыр КТРКдан кетип, өз алдынча продакшн-студиямда командам менен сапаттуу иштерди аткарууга аракет жасап жүрөм. “Шоу-бизнес мектебин” ачып, жакында эле биринчи муунун узаттык. Биздин максат – жаш ырчыларга кантип сахнага чыгууну үйрөтүп, аларга жол көрсөтүү. Себеби азыр сахнага чыккысы келген жаштар өтө көп, продюсерлер аз. “Биздин ашкананы эмнеге башкаларга үйрөтөсүң?” деп таарынгандар болду, бирок менин максатым – Кыргызстандын шоу-бизнесин өнүктүрүү.
Учурда "Turkvision" эл аралык сынагынын уюштуруу иштерин баштоо үчүн Татарстандын Казань шаарында жүрөм.
Асхат Субанбеков
star@super.kg