Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчы кызматында иштеп жаткандыгына 100 күн толуп, 3 айдан ашуун убакытты камтыган мезгил ичинде жаңы өкмөттүн көзгө урунар иштерин карап чыктык.
ПРЕМЬЕРДИН ЧЕТ ӨЛКӨГӨ САПАРЛАРДАН КОЛУ БОШОБОЙ ЖАТАБЫ?
Жоомарт Оторбаев 4-апрелде премьер-министр болуп дайындалган. “Ата Мекен” фракциясынын квотасынан премьер-министрликке талапкер болуп жаткан Ж.Оторбаевди Өмүрбек Текебаев “ал азыркы аткаминерлерге антипод, анын биографиясы, мүнөзү, керек болсо, сырткы кебетеси да классикалык, биз көрүүгө көнгөн аткаминерлерден айырмаланып турат. Эл билиши керек, ал буга чейинкилердей эмес, ал таптакыр башка адам” деп айткан.
Расмий маалыматтар боюнча, Оторбаев премьер болуп дайындалгандан бери 6 жолу чет өлкөгө иш сапарларга чыгып келген. Орусиядан башталган иш сапарлары Казакстан, Түркия, Беларусь, Азербайжан, Польшада уланып, өткөн аптада Монголияда болуп кайтты.
Өкмөт башчынын ишинин башы 14-апрелде өлкөнүн түштүк аймагы көгүлтүр отсуз калышы менен белгиленип, 100 күндүгүндө Баткен облусунда чек арага байланыштуу эки жаңжал орун алганы менен эсте калды.
Карапайым калкка керектүү болгон жаңычылдык иш-чараларга келсек, министрлердин коомчулук менен байланышуу акцияларынын башталганы көзгө урунат.
“КУМТӨРДҮН” ТАГДЫРЫ “АСЫЛГАН” БОЙДОН ТУРАТ
Министрлер кабинети чечиши керек болгон эң орчундуу иштердин бири –“Кумтөр” маселеси. «Ата мекенчи» депутаттар «алтын кен ишканасындагы Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек» деген пикирди катуу карманышкан болчу. Ал фракциянын атынан өкмөт башчылыкка келген адам бул талапты ишке ашырууга аракет кылуусу тийиш эле. Бирок Ж.Оторбаев 27-марттагы КСДП фракциясынын жыйынында «мен 50/50 пайыздык үлүштөн турган позицияны колдойм. Ал жолго барбасак, бизди сот иштери күтөт. “Кумтөр” ишин токтотпошу үчүн бардыгын жасайбыз» деп айткан. Өткөн айда «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы “кыргыз өкмөтү кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип бербей жатат, эгерде белгиленген мөөнөткө чейин бекитилбей калса, кенде иш токтотулат” деп билдирүү таркатты. “Ата Мекен” фракциясы өкмөткө “Кумтөрдөгү” кенди казуу иштерин жүргүзүү планын бекитпөөнү сунуштап, акырындык менен процесс “Кумтөрдүн” ишин токтотууга бара жатты. Бюджетке эң көп киреше алып келген ишкананын ишин токтотуу чыгашалуу. Андыктан өкмөт кендин борбордук бөлүгүндө кен казуу иштерин улантууга уруксат берди. Ошентип, “Кумтөрдүн” маселеси бир жаңсыл болуп чечилбей турат.
Өкмөттүн экинчи баш оорусу – электр энергиясынын тарифтик саясаты. Жалпы керектөөчүлөргө болбосо да, үч фазалуу абоненттерге тарифти көтөрүү дымагы убактылуу ишке ашпай калганы менен өкмөт Жогорку Кеңештен тарифти өз алдынча аныктоо укугун кайтарып алды. Эртең же бүрсүгүнү электр энергиясынын тарифи ЖКнын макулдугу жок эле жогорулашы ыктымал. Азыртадан кыштан жарык өчүрүүсүз чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычында керектүү суунун аздыгы айтыла баштады.
ОТОРБАЕВДИН КОМАНДАСЫ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАТАБЫ?
Жоомарт Оторбаев премьерликте дээрлик эски бойдон калган министрлер кабинети менен жумуш баштаган. Ж.Оторбаевдин башчылыгындагы курамга вице-премьерлердин деңгээлинде социалдык блок боюнча Эльвира Сариева, күч түзүмдөрү боюнча Абдырахман Маматалиев менен экономика жана инвестиция боюнча Валерий Диль гана жаңы кошулган. Үчөө тең буга чейин мамлекеттик чоң кызматтарды ээлеген эмес жана мунун айынан “тажрыйбасыз” деген сындарга кабылышкан. Ал эми министрлердин катары дээрлик өзгөрүүсүз калган. Ж.Оторбаевдин үч айлык иш жыйынтыгын чыгарууда ал жетектеген команданын ар бир мүчөсүнүн кошкон салымы да, кетирген кемчиликтери да маанилүү.
100 күн өлкө ичиндеги көйгөйлөрдү чечип коюуга өтө аз убакыт. Бирок кайсы бир орчундуу маселелер боюнча алга жылуу же артка кетүү учурларын байкоого жетиштүү мөөнөт. Өзгөчө деп мүнөздөлгөн Оторбаевдин өзгөчө кадамдарын көрүү азырынча мүмкүн боло элек.