"Түндүк-түштүк альтернативдик жолу Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылы аркылуу өтпөсүн!" деп чыгышты айылдын тургундары. Алар өз учурунда жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүн негиз кылып жатышат. “Жолдун туурасы 16 метрге жеткенде биздин үйлөрдүн дал жанынан өтүп калат экен. Башка айылдарда жаңы трасса алардын чарбактарынын жанынан өтсө, биздин үйлөр жолго жакын салынган. Ошонун баарын эске алып, биз менен эсептешиш керек болчу. Жолду биздин айыл аркылуу эмес, айлантып салышсын”,- дешет кызыл-жылдыздык жашоочулар.
Азыркы тапта бул айылда мурда салынган жолдун туурасы болгону 8 метрди түзөт. Жолдун долбоору түзүлүп жатканда кээ бир аймактарда анча-мынча курулуштар бузулушу мүмкүн экендиги айтылган. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Бектур Кыдырмаев “Альтернативдик жолду биздин айылды айлантып салууга мамлекеттин каражаты жок. Ошондуктан бул жол биздин айылды аралап өтүүсү керек” деди.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова