ВОРУХТУ АЙЛАНЫП ӨТҮҮЧҮ ЖОЛДУН КУРУЛУШУ КАЧАН БАШТАЛАТ?

Кыргыз-тажик чек арасында өткөн аптада катталган акыркы жаңжалдан кийин тажик тарап Баткен облусундагы Ак-Сай – Көк-Таш – Тамдык – Кишемиш унаа жолунун курулушун токтотууну суранды. Эскерте кетсек, 10-июлда кыргыз-тажик чек арачылары атышып, андан улам тажик тараптан 2 адам каза таап, 7 адам жаракат алган. Ошондой эле кыргыз тарабынан жаракат алган бир чек арачынын абалы канааттандырарлык деп билдирилген.
Андан көп өтпөй Тажикстандын жерге жайгаштыруу жана геодезия комитетинин башчысы Махмадтоир Зокиров "кыргыз-тажик чек арасы такталмайынча жаңы жол куруу боюнча сөз да болбошу керек" деп айтып чыкты. Ал эми Кыргызстандын вице-премьери Абдырахман Маматалиев “Тажикстан чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө 1924-1926-жылдары бекитилген карталарга жана документке таянууда. Коңшу өлкө бизге "ушул документти кабыл алгыла" деп жатат. Ал учурда Тажикстан Өзбекстандын курамында эле. Ал эми биз кийин чыккан 1957-1959-жылдарга тиешелүү документтерге карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал кагаздарга ылайык, такталбаган деп айтылган жерлер биздики” деди.




Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurbek_posol
2014-07-21 10:36:20
Туура, элдин бактысы учун ошол созунуздордо так турунуздар. Ошол карталарга таянып, колунуздардагыны жулдурбай, катуу, бек турунуздар. Антпесе тажик тамак жедирип (Жеген ооз уялат), ишин бутуруп алып журбосун. Ийгилик каалаймын!
+1
Batken
2014-07-21 18:30:05
Mitaamdanyp atkandaryn.
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан