Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири ЖУСУП АБДРАХМАНОВДУН кызы Ленина Абдрахмановага 70 миң сомдук материалдык жардам көрсөттү.
Бишкектин экс-мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВ боюнча сот иши судья Жамиля Сабитованын ооруп калгандыгына байланыштуу 23-июлга жылдырылды.
Өлкөдө көл сезонуна карата ТУРИСТТЕРДИ кабыл алуу үчүн чек арада 7 өткөрүү пункту күнү-түнү иштеп жатат. Анын алтоосу Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көлдө жайгашкан.
Куралдуу күчтөр башкы штабынын өкүлү Руслан Абдрахмановдун айтымында, июнь-июль айларында чукул аскердик кызмат өтөөгө 3 миңден ашуун киши чакырылды, анын ичинде экс-депутат КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН уулу Таймурас Ташиев да бар.
Нарын шаарынын мэри БААТЫРБЕК ЖЭЭНАЛИЕВ кызматынан өз каалоосу менен кетти. Буга чейин Жээналиевге шаардык кеңештин 12 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн эле.
Өлкөнүн түштүк аймагында жаратылыш газы жоктугуна байланыштуу “ОШ ЭЛЕКТР” ишканасы электр энергияны керектөө лимитин 48,6 миллион киловатт-саатка жогорулатты.
АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ боюнча сот отуруму депутаттын ден соолугуна байланыштуу белгиленген 15-июлдан 22-июлга жылдырылды.
Нарын облусундагы “СОЛТОН-САРЫ” алтын кени каражаттын тартыштыгынан улам 2 айга ишин токтотту. Кенде 170ке жакын жумушчу иштейт.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү ЖУМУШСУЗДУКТУН эң жогорку деңгээли Баткен облусунда, эң төмөнкү деңгээли Таласта белгиленди.
Бишкек мэриясы шаарда 1500дөй КУУРАП КАЛГАН бак-дарак бар экенин жана алардын жакын арада кыйыларын кабарлады.
“Жыл сайын кыргызстандык жарандарга 1 миңге жакын бала багып алууга берилет. 1-июлга карата АСЫРАП АЛУУ боюнча тизмеде 200дөй ата-эне бар”,- деди Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Марина Жапаркулова.
"КУДАЙБЕРГЕН" базарынын ээси Эльвира Сурабалдиевадан 300 миң сом пара талап кылып, алгандыгы үчүн колго түшүрүлгөн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров үй камагына чыгарылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.