НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА, “ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР АЛЫП БАРУУЧУСУ”: “КЫТАЙДАГЫ ТУУГАНДАРГА ЖОЛУГУП ЫЙЛАДЫК”

Эсиңиздерде болсо, Нурзат Токтосунова бизге берген интервьюларынын биринде “менин кыялым – ата-энемди Кытайга, туулган жерине жиберүү. Алар азыркыга чейин туулган жерин сагынышат. Жаз же жай айларында өзүм да алар менен кошо барып келсемби деп жатам” деп айткан эле. Алып баруучу айымдын көптөн бери көксөгөн тилеги ишке ашып, ата-энеси менен алардын киндик каны тамган Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Текес уездине барып, туугандары менен амандашып келди. Нурзат Токтосуновага кайрылганыбызда, Кытайга болгон сапары, ал жактагы кандаштарыбыздын жашоосу тууралуу оюн ортого салды.

– Нурзат айым, сөзүбүздү Кытайга болгон сапардан баштасак...
– 1916-жылкы үркүндө менин чоң ата, чоң эне, таята-таенелерим Кытайга качып барып, ата-энем ошол жакта төрөлүшкөн экен. Кыргызстанга 1958-жылы көчүп келишкен. Ар бир адамга киндик каны тамган жери ыйык болот эмеспи. Менин ата-энем дагы балалыгынын издери калган жерге барып келүү тилегин көп айтышчу. Алардын аруу тилегин ишке ашырууну максат кылдык эле, Кудай буюрса, ишке ашып отурат.
– Туугандарыңыз менен буга чейин байланыш бар беле?
– Ата-энем кыргыз жергесине кайтып келгенден кийин алар менен байланыш үзүлгөн экен. Алар тууралуу туугандарыбыз сырттан сураштырып жүрүшчү. Өткөн жылы ошол жактан келгендерден таенемдин агасы тууралуу уктук. Ал жарыктык кишинин көзү өтүп кеткенин, бирок артында калган уул-кыздары бар экенин билдик. Өзүбүзчө сүйлөшүп, Кытай жергесиндеги жакындарыбыз менен амандашууну көздөп, 80 жаштагы таякем баш болуп барып келдик. Тилекке каршы, 100 жаштагы таенемди алып бара алган жокпуз.
– Көп жыл көрүшпөгөн туугандарга жолуккандагы сезимдер өзгөчө болсо керек?
– Туугандарыбыз бизди аябай жакшы кабыл алышты. Сүйүнүчтөн бирин-бири көргөндө көздөрүбүзгө жаш алып, кеч болсо да жолукканыбызга ыраазы болушту. Ал жакка баргандан кийин таенемди инисинин балдары менен телефон аркылуу сүйлөштүрөлү десек, буркан-шаркан түшүп ыйлап сүйлөй албай койду. Биз кайтарда 70 жаштагы эжебиз “Мен силерди кайрадан көрөмбү? Кыргыз жергесине бара албайм, байланышып тургула” деп аябай ыйлап калды.
– Ата-энеңиз туулган жерин көрүп, балалыгы тууралуу эстеп айтып беришсе керек?
– Апамдын элес-булас эле эсинде калыптыр. Атам 11 жашында жетим калып, 22 жашында бул жакка келген. Чоң атамдын мүрзөсүн таппай койдук. Жүз жылда жер жаңы дегендей, атамдын айтышынча, жерлер өзгөрүлүп кетиптир. Ушул жерде болуш керек деп болжолдоп, арбактарга атап куран окутуп койдук.
– Кытайлык кыргыз туугандардан кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?
– Кытай тилин мыкты билип, кыргыз тилинде так сүйлөшөт экен. Ата-бабадан калган каада-салтты унутушпаптыр. Бизди кадимкидей кой союп, беш бармак жасап коноктошту. 20 күн жүрүп, 22 койдун этин жеп келдик.

Нурзат Токтосунова туулган күнүн кытайлык туугандарынын курчоосунда тосту.

Алып баруучу апасы менен бирге Кытайдагы туугандары менен.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
infiniti
2014-07-21 11:22:49
Нурзат озу кыргыз кызыбы же...?
0
aikol87
2014-07-21 11:42:26
Окшош экен
0
depu
2014-07-21 12:08:16
Мени Нурзаттын бир созу кыжалат кылды,мен учун ата-энеми меккеге эмес,туулган жерине алып барсам дегени. Бирок Нурзат ажылык сапар ойдо турат,собу коп. Кытайда кетерге чейинки айткан созу болчу. Мекке м-н салыштырбаганга аракет жасаныз.
-4
Aiday0514
2014-07-21 22:33:37
depu, мумкун ата энеси ажыга барып келгендир сиз кайдан билесиз,эн негизгиси ата энесинин каалоосун аткарып,ыраазычылыгын алыптырда
+1
lolalola
2014-07-22 00:19:32
depu,
jumurtkadan kyr chygarbai jon turchu...
-1
uluk1982
2014-07-23 16:59:09
depu, туураа!!!!!!
-1
admin_portal
2014-07-21 13:46:19
matteraza - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
aitysha-91
2014-07-21 14:53:16
Нурзат турмушка чыгып ажырашканбы
0
admin_portal
2014-07-21 17:13:46
mahabat. - эскертүү!
Мазактоого жол берилбейт.
0
sergo
2014-07-21 17:37:35
ужас мынча айланайын негативный болуп кеткенсинер. Ата энени ыраазы кылгандан жакшы нерсе барбы. Азамат аман бол эми ата нени меккеге алып барыш насип кылсын.
+3
Aikoo2014
2014-07-21 21:09:34
Нурзат азаматсын! Ата-энендин туулуп оскон жерин косотуп келуу эн чон эрдик. Эми мындан ары ажылык сапарга барганда насип этсин ата-энене. Сен мыкты алып баруучусун.
0
Aimirakan
2014-07-22 14:35:07
22 койду жегени жакты
0
kamarik
2014-07-22 16:24:45
Коп деле жакпайт
0
admin_portal
2014-07-23 10:45:39
wwwww - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Maite
2014-07-24 22:21:23
Нурзат бактылуу бол.Ата энени козу барда баркьпйлы.
0
jojolove
2014-07-24 22:24:49
Эн негизгиси ата-энеси, туугандары ыраазы болуптур.Нурзат эже азаматсыз!Мыкты алып баруучу, аябай сыйлайм!!!
0
antiwithin14
2014-07-25 01:41:47
эхх, окунучтуусу кыргыз элимдин уркундо ар кай жерден орун алып калышы. Нурзат сага ийгилик!
0
kizburak.81
2014-07-27 18:48:53
Эн негизгиси ата-эненди ыраазы кылыпсын бул деген чон жетишкендик.Ишине ийгилик Нурзат!
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан