КАРГАНБЕК САМАКОВ "АТА МЕКЕНДЕН" ЧЫКТЫ

«Ата Мекендин» катарында Жогорку Кеңешке шайланып келген Карганбек Самаковдун парламенттик шайлоого бир жыл калганда партиядан чыгуусу бул аптада талкуу жаратты. “Сиз менен көптөн бери өз ойлорум тууралуу бөлүшсөм деп жүрчүмүн. Эми убакыт келди окшойт. Мен “Ата Мекен” партиясынан чыгып жатам. Себебин түшүндүрүп берейин. Мамлекетке терең берилгендиги үчүн бардык "ата мекенчилерге" ыраазычылык билдиргим келет. 18 жыл бул партия диктатура жана коррупцияга каршы чыккан адамдарды бириктирип келди. Ар жылы “Ата Мекенге” белгилүү саясатчылар кирген, алардын арасында башка партиялардын лидерлери да бар болчу. Социалисттер, либералдар, консерваторлор... Бул мезгилде “Ата Мекен” күрөштүн символу болгон. Анын эмгеги элде унутулгус бойдон калат”,- деп башталган кайрылууда депутаттын партиядан чыгышына парламенттик системдеги кемчиликтер себеп болгону айтылат. Депутат билдирүү менен катар «пикирлештерим менен партия түздүм» деп жарыялады. Карганбек Самаков "Биримдик" деген аталышта партия түзгөнү кабарланды. Жаңы партиябы же "уктап" жаткан партияны ойготмокчубу?
«Биримдик» деп атала турган саясий уюмдун башы 2005-жылы каттоодон өткөн «Кыргызстан аялдары» партиясына барып такалат. Демилгечилердин баары аялдар, арасында «Ар-намыс» партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Айнуру Алтыбаеванын да ысымы жүрөт. 2010-жылы кайрадан катталып, А.Алтыбаеванын жетекчилигинде Кыргызстан демократиялык «Биримдик» партиясына айланган. Ал эми Карганбек мырзанын жардамчысы болгон Абай Таштанбековдун жетекчилигине аталган саясий уюм 2013-жылы «Биримдик» ("Единство") демократиялык партиясы болуп өткөн.
Бул окуянын тегерегинде саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров мындай дейт:
– Карганбек Самаковдун партиядан чыгышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Анын «Ата Мекенден» чыгышын Кыргызстандын саясий аренасынан жаңы ролдо өз ордун тапкысы келип жаткандыгы менен байланыштырсак болот.
Депутаттын бул аракеттери «Ата Мекен» партиясына терс таасир тийгизбейт. Себеби ал коомдо туруктуу позициясы жана электораты бар партия. Ал эми жаңы түзүлгөн партияларга саясий аренадан өз ордун табуу үчүн көп эмгек талап кылынат.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Шайлоо алдында өзүнүн партиясын түптөө – бул анын укугу. Ал көптөн бери кийинки шайлоого өз алдынча барууну ойлонуп жаткан, бизге ага ийгилик каалоо гана калат" деди.

Алтынай Аманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
depu
2014-07-21 15:19:07
Кийин ар бир кыргызга бирден партия туш келип калат окшойт. Ар бир кучтуу политик оз озунчо боло берсе.
0
depu
2014-07-21 15:21:58
ар бир кыргызга бирден партия туш келип калат окшойт. Ар бир кучтуу политик оз озунчо боло берсе. Буларды башка кошоматчылар коштоп коюп,алдыга жакшысын коюп,арканкы саптагылары сасып кеткен.
0
nargiz_96
2014-07-23 00:26:54
130 партия болсо 130 желек бирда мекен учун иштеген адам жок
0
taalay89
2014-07-23 00:30:12
Балким болушу мүнкүн минтип жүрүп олтурсак
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан