БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТТЫ КИМ ЧОГУЛТАТ?

14-июль күнү президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-июнунда кабыл алынган Кыргызстандын жарандарын биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул үчүн өлкө жарандарынын биометрикалык маалыматтары чогултулушу зарыл.

ТЕНДЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ИЮЛДУН АЯГЫНДА ЧЫГАТ
Бүгүнкү күндө калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча даярдык иштери жүргүзүлө баштады. Аталган маалыматтарды жыйноо иштерин жүзөгө ашыруу боюнча тендерге катышкан 14 компания өздөрүнүн тажрыйбасы, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сунуштарын беришти.
Тендерден утуп чыккан компания 1-сентябрдан тарта 2015-жылдын июль айына чейин жарандардын биометрикалык маалыматтарын бирдиктүү маалымат базасына чогултат. Маалыматтарга ылайык, өлкөдө 3 миллион 880 миң жарандан биометрикалык маалымат топтолмокчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Дастан Догоев: «Комиссия мүмкүн болушунча тендерди таза өткөрүүгө аракет кылып жатат. 21-июлда анын жалпы жыйынтыгы чыгып, бир компания жеңүүчү болушу керек. Тендерди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган эч бир компания жок»,- деп айтты.
Тендердик комиссия биринчи турдун жыйынтыгында 7 компанияны 2-турга өткөрдү. Натыйжада Монголиянын «Интер Актив», Германиянын «Гизеке энд Девриент» жана «Мюльбауер», Франциянын «Гемальто», «Морфо» жана «Обертюрь», ошондой эле нидерландылык «Смартматик» компаниялары тендердин 2-туруна катышуу укугуна ээ болушту.

БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Биометрикалык маалыматтар — бул жасалмалоого болбой турган, адамдын өздүгүн жаңылбастан аныктоого мүмкүндүк берген, ар бир адам үчүн уникалдуу жана индивидуалдуу болуп эсептелген бармак издери, санарип сүрөт, электрондук кол тамга.
1. Биографиялык маалыматтар: жеке идентификациялык номер (ИНН); жарандын паспортто көрсөтүлгөн бардык маалыматтары; мобилдик телефон номери.
2. Биометрикалык маалыматтар: бардык манжаларынын издери; жүзүнүн санарип сүрөтү; жеке өзүнүн кол тамгасы.
Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны биометрикалык маалыматтарын милдеттүү түрдө тапшыруусу керек. Жаран биометрикалык маалыматтарын көрсөтүүдөн баш тартса, анда ага мыйзамда көрсөтүлгөндөй чара көрүлөт.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
uluk1982
2014-07-21 11:37:56
БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?бул деген Жоотордун программасы!!!
+2
Wave.
2014-07-21 14:09:20
Биометрикалык маалымат ар бир адамдын озуно гана таандык нерсе. Бул нерсе ар бир жарандын оз каалоосу менен гана берилиши керек. Аны мажбурлап алууга эч кимдин укугу болбошу керек. Антпесе мамлекет кепилдик бериши керек бул маалыматтар мыйзамсыз максатта колдонулбайт деп.
0
kursantbek
2014-07-21 14:34:38
Wave., ар Бир жаран алууга милдетту болгону Жакшы кыргыз элинде баарында бирдей паспорт болот ананда Кандай мыйзамсыз максатты айтып жатаасын Тушунбодум сенин паспортунан бироо мыйзамсыз максатта колдонур жатавы ???
0
Wave.
2014-07-21 16:04:23
kursantbek,

Азыр ар кимде ар кандай паспорт бар бекен? Азыркы паспортту да эптеп убагында бере албай кырылышып жатышат. Бул жерде бир гана паспорт жонундо соз болуп жаткан жок. Кылмыш кылган адамдын паспортун карап анын ошол кылмышка тийишелуу экенин билбейсин да. Бул системанын майда чуйдосу коп, ал мыйзамдуу да мыйзамсыз да нерселерге ото чон мумкунчулукторду берет... Ошондуктан МАЖБУР турундо менин оздук маалыматымды алуусуна каршымын.
0
kursantbek
2014-07-22 05:59:32
Wave., сенин оздук маалыматыны алат анан сенден башка эчким колдоно албайт сенин паспортуну сенден отпечатка алып жатпайбы башка эчким колдоно албайт озунун паспортуну озун колдоносун ошондо баары милдетту турдо алышса жарким озунун паспортун колдонуп калышат!!!!
0
Wave.
2014-07-22 12:37:42
kursantbek,
Мумкун сеники туурадыр. Бирок мен оз оюмда кала берем. Бул шашылыш нерсе эмес. Бюджеттеги акчаны сол жакка коротуунун дагы бир жолу. Бул нерседен бир кыйла маанилуу маселелер толуп жатат. Ошого жумшасын акчаны.
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан