Кытайда Жеки Чандын коюусундагы “Ажыдаардын кылычы” фильмине тартылып жаткан кыргыз актёру Канатбек Абдырахманов менен скайп аркылуу байланыштык. Канатбектин айткандары кытай туугандардын иштерман, өжөр экенин дагы бир жолу далилдеди. Башкача айтканда, тартуу иштери күнүнө 12-14 саатка созулуп жатыптыр.
– Канат, сени "Салам, Бишкек!", "Бакыт баасы" тасмаларынан улам билебиз. Кандайча Жеки Чан катышып жаткан фильмге тартылып калдың?
– Бул киного тартылып калышыма кытайлык кыргыз досум Элчоро себепкер. Ал “Жеки Чан “Ажыдаардын кылычы” аттуу фильм тартканы жатат, келбейсиңби” деп калды. Анан келишимдин негизинде учурда аталган тасмага тартылып жатам. Бул жерде менден башка дагы көптөгөн чет өлкөлүк жигиттер бар. АКШ, Бразилия, Франция сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары да катышууда. Баарыбыз чогуу Рим аскерлеринин ролун жараттык.
– Сени менен кино тартуучу топтун ортосунда сүйлөшүүлөр канча убакыт болду?
– Сүйлөшүүлөр 3 айга созулду.
– Кастинг аркылуу өттүңбү, мисалы, согуштуруп көрүшүп же келбетиң жагып калгандыр дегендей...
– Кыргызстандан сүрөттөрүмдү жана өзүм жөнүндө кыскача роликти жөнөткөн элем. Кытайлардан “келсин” деген жооп алдым. Кытайга келген соң актёрлорду тандаган адамга жолуктум. Ал менин келбетимди, кыймыл-аракетимди байкап "жарайсың" деди.
– Ошондо тасмада кимдин ролун жаратып жатасың?
– Мен туурасында мекенимдеги айрым басылмалар башкы ролдордун бирин жаратып жатат дегендей жазышыптыр, андай эмес. Белгилүү актёрлор дагы мендей эле роль жаратышууда. Мен Голливуддун атактуу актёру, “Пианист” тасмасындагы ролу үчүн “Оскардын” “Мыкты актёр” сыйлыгын алган Эдриен Броудинин (ал аскер башчынын ролунда) кол астындагы жоокерлердин биринин образын жаратам. Рим аскерлери убагында Кытайга чейин кирип келишкен экен. Бирок Рим аскерлери көп жоготууга учурашканда артка кайтууга аргасыз болушкан. Бул окуяны кечээ тартып бүттүк. Мисалы, менин ролум ушуну менен эле чектелип калбайт. Бир окуяга тартылгандан кийин мага окшогон актёрлор башка көрүнүштөргө да башка костюмдар менен тартылып жатабыз.
– Качан кеттиң эле жана мекениңе качан келесиң?
– Бир ай мурун келгем, буюрса, августта барам.
– Артыңдагы имарат (скайп аркылуу сүйлөшүп жатканыбызда актёр бир имараттын алдында отурган) эмне болгон жай экен?
– Бул биздин мейманканабыз. Мейманканада жашоо жакшы. Кино тартылып жаткан чөл мейманканадан бир канча чакырым алыстыкта, бир жарым саатта жетебиз. Жумушубуз эртең мененки саат 6да башталып, кечки 11лерде бүтөт. Ошондо жол жүргөнүбүздү кошпогондо күнүнө 12-14 саат иштеп жатабыз.
– Алардын тамак-ашына көнүп калдыңбы?
– Бул жерде чоң масштабдагы кино тартылып жаткандыктан бардык нерсеге кылдат көңүл бурулуптур. Тамак иччү жайыбыз съёмка жүрүп жаткан жерден анча алыс эмес. Актёрлордун арасында 10 чакты мусулман барбыз, бизге өзүнчө тамак даярдап беришет.
– Атайын убактыңды бөлүп маек куруп бергениңе рахмат, ишиңе ийгилик!
– Рахмат.
Cүйүн Кулматова
star@super.kg