БОРОНЧУ МЕНЕН ЧУБАК АЖЫНЫН ЧЫРЫ ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?

Борончу Кудайбергенов менен Чубак ажынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ага бир нече адам аралашыптыр.Чубак ажынын тарапташтары куудулду жок кылабыз деп да чыгышканын Борончу Кудайбергенов айтып өттү.
Мындай окуя эмнеден улам чыгып, кандайча от алганын куудул мындайча баяндайт.
Мындан бир жыл мурда Чубак ажы менен президентти туураган сатирабыз жарык көргөн. Анда 3 журналист "Көзү ачыктардын алдын ала айткандары туурабы? Ата-эне балдарын отурушка жибериш керекпи?" деген суроолорду бергенбиз. Кимдир бирөө ошол сатиранын монтаждалганын интернетке чыгарып жибериптир.
Муну көргөн ажы өзүнүн интернет баракчасына “Куудулдар көптөн бери исламды шылдыңдап келишет, ушундай тамашасы менен исламдан чыгарын билишсин. Каапырларга жаназа окулбайтдеген сыяктуу оюн жазган. Тамаша экенин, монтаждалып мааниси өзгөрүп кеткенин түшүндүрөйүн деп Чубак ажыга телефон чалсам албайт, анан СМС жазгам. Интернет баракчасына “менден кечирим сурабасын, Алладан сурасын” деп жазыптыр. Биз ал кишини тамашаласак түшүнөт деп ойлогонбуз, анткени ал өзү деле элдин суроолоруна тамаша кошуп жооп берчү эле. Көзү ачыктардын кылганы туура эмес, адамдын тагдырын бир гана Кудай билет деген ойду айткыбыз келген” дейт бушайман болгон куудул.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (83)
sapargul
2014-07-23 19:08:11
ermak ооба ар кимдин оз эрки оз колунда окуса да, оз оюн билдирсе да
0
Asan-aka
2014-07-23 19:52:44
Экоо тен алжып тилине алы жетпегендер да
-2
shkolad87
2014-07-23 19:56:36
ойноп суйлосонда ойлоп суйло дейтго жаман болуптур кыргыздын бетке кармаган атактуу адамдары ушундай болсо
0
zamir91
2014-07-23 21:42:47
Эх кыргызым бирибиринди басмарлаганын качааааанкалат??? Силер тартышканынарды койбодунаргооо уф,уф,уф,,
0
tenshi
2014-07-24 11:57:43
Меня одного чтоли бесит эта ситуация
0
Revolyutsioner
2014-07-24 14:54:10
Чубак ажыдан Борончунун денгээли жогору экенин оздору корсотуп отурушат... Башка не дейбиз, уят эле динчилерге
0
oscar
2014-07-25 15:07:44
Revolyutsioner, туптуура
0
omurbek.rahmstov56
2014-07-24 19:37:16
Бул басмырлоо эмес, жон гана пародия, тамаша ирээтинде элди кулдуруу, молдолорду туурап кулдуруп койсо, эч нерсе деле болбосо керек, антпей бири-бириниздерге тушунуу менен мамиле кылышынар керек!!!
-1
kg.elik
2014-07-25 05:39:20
чубактын динден тушунугу болгондо ортого адам аралаштырбайт эле. озунчо афтаритет болуп ал дагы....акыркы кундордо кыргызстанды молдолор гана башкарып бараткансыйтко
-1
Gerachka
2014-07-25 09:41:32
Куранда жазылганбы молдолорду тамашалаган кишиге жаназа окулбайт деп? Азыркы ажылардын кыздар жонундо гана талкуусу и токол алгандары коп.А озулору жонундо соз кылса чычалашат.
0
Aidana91
2014-07-25 14:29:01
Тамашаларды жазып,аткарып акча таап жан багып жатышат. Олтуртом деген ажы аркы дуйнодо(кудай алдында)жооп берерин билбейби? Эгер ошол куноо болсо кудай озу жазалайт
0
mirlan15
2014-07-25 20:30:32
Кудулдар концерт койсонор деле дин жонундо аралаштырбай жонгана койсонор жакшы болмок мындайынар болбойт Борончу ага озунузда ажысызго туура эместа
+2
nuri1972
2014-07-26 08:20:53
сынчылар чектен чыкпагыла.кесибинер башка Борончуну капа кылып албайлы. юмор айтып жатканда силер да кулгонсунор
0
zhalynbek
2014-07-26 13:35:45
талантына талант кошулсун эскерте кетчуу нерсе кечиримдуу болойлу чындыкты билип-билбей тарынганга пайда жок
0
Aizatnur
2014-07-26 14:36:30
борончу туура айтат, ажы болуп тамаша кылса жарашат да. куудулдар тамаша кылса жарашбайбы? борончу адамдарды "андай кылбай мындай кылсак туура болот"- деп жакшы жака ундоп жатат да, ал ажы мн айтышайын деген эмес чыгар. ажы болуп туруп кечирбегенин кара. "кудайдан сура"- деп...
0
carcanat
2014-07-27 13:09:38
Кыйындан кыйын чыгып жаман эле болдукко куудулу бир жактан молдосу олтутртом десе озунчо рекеттерди айтпайле койойун . Озу элдик армия тузуп мындайларды эл душманы деп ит аткандай xxx жок кылыш керек болуп калды...
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан