Турмуш жолуна аттанып, АКШда жашап жаткан Каныкей жакында эле океандын ары жагынан мекенибизге келди. “Тынч жашоого аябай көнүп алыптырмын, Бишкекке келгенде элдин көр турмуш деп тытынганын көрүп стресске кабылдым” деген ырчы менен чакан маек курдук.
– Американын жашоосуна көнүп калдыңбы?
– Американын жашоосу көптөр үчүн жомок болушу мүмкүн. Бирок жашай келгенде ар түрдүү кырдаалдары бар. Мисалы, тамактардын түрү бар, бирок даам деген такыр жок. Жашоосунда көп нерсе оңой көрүнгөнү менен анын баасы кымбат, мунун себеби мамлекеттин катуу өнүккөнүндө болсо керек. Американын дүйнөсүндө баары бар, бирок кыргыздын таза суусу жана кереметтүү тоолору жок. Тоолор менен кыргыздын даамдуу тамагы көзүмдөн учту. АКШда жүргөн 3 айлык жашоомдо кыргыз элин сагындым. Көрсө, адам эл-журту менен адам турбайбы.
– Жолдошуң да келдиби?
– Жолдошум жакында келет, экөөбүз тең туулуп-өскөн жерибизди, элибизди, туугандарыбызды сагындык.
– Кыргызстанга келгенге чейин Азербайжанда өткөн фестивалга катыштың, ал жакка кандайча барып калдың?
– Азербайжанга "Жибек жолу" аталышындагы фестивалга катышуу үчүн баргам. Ал жерден Жумагүл Сариева, Айдай Асангулова деген дизайнерлеримдин коллекциясынын көргөзмөсүнө ырдап катыштым. Сахнага кыргыздын нукура чапаны менен кийиз көйнөгүн кийип чыгуу мен үчүн сыймык болду.
– “Курманжан датка” фильмине саундтректи качан угабыз?
– “Курманжан датка” тарыхый тасмасына "Курманжан датканын каты" аттуу саундтрек жаздыруу үчүн жаздан бери иштеп келебиз. Бул үчүн атайын Жолдош Апасов обон жазып, музыкасынын үстүндө иштеп, Элмирбек Иманалиев сөзүн жазды. Режиссёр Садык Шер-Нияздын чоң эмгеги артында мен бул ырды аткарганы турам. Буюрса, августта уга аласыздар.
– Рахмат маегиңе, бар бол.