«БРАЗИЛИЯ-2014» ТАКТЫДА ГЕРМАНИЯ!

14-июль. Финал.
Германия – Аргентина
1:0
“Бразилия-2014”. Испаниянын тактан кулашы. Үй ээлеринин акыркы оюндарда 7:1 жана 3:0 ири эсебинде утулушу. Коста-Рика менен Колумбиянын ийгилиги. Суарестин тиштөөсү. Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда эмнелерди гана көргөн жокпуз. Ал эми ток этер жери, албетте, укмуштуудай оюн көрсөтүп келген Германия финалда атаандашы Аргентинаны жеңип, 24 жылдан соң кайрадан Дүйнө чемпиону аталды. Алгачкы оюнда эле от алган немис машинеси акыркы атаандашын утуп тынды. Берлинде майрам! Германия 4 жолку
Дүйнө чемпиону!


ОЮНГА ЧЕЙИН
Бундестим бардык атаандаштарынан алда канча күчтүү болуп, ишенимдүү түрдө финалга чыккан. Ооба, бул команда башынан эле чемпиондукка негизги талапкер эле. Финал алдында “Германия утпаса, анда футболдун өлгөнү” деген кептер да айтыла баштады. Себеби алардын ар бир оюну көзгө жагымдуу болуп, күйөрмандарга чыныгы футбол майрамын тартуулап жатты. Ал эми Аргентина курама командасы атаандаштын карама-каршысы. Бул курамдын мыкты оюнчулары чабуулчулар болсо да, өз оюнунун негизги багыты бекем коргонуу болду. Бирок Мессинин кандай оюн болбосун бир мүнөттө оюндун тагдырын чечип коё турган жөндөмүн унутпоо керек.

ОЮН
Оюн баштала элек жатып немистер негизги курамдагы футболчусунан айрылды. Талаанын ортоңку бөлүгүндө оюн жүргүзгөн Хедира оюнга чыгар астында жаракат алып калды. Анын ордун жаш футболчу Крамер алмаштырды. Ал эми Аргентинанын көрүнүктүү жарым коргоочусу Ди Мария чейрек финалда алган жаракатынан улам көк майсанга чыга алган жок.
Топко көпчүлүк убакта немистер ээлик кылса, “альбиселеста” ыңгайы келгенде каршы чабуулдарды уюштуруп жатты. Кроостун жаңылыштыгынан улам Игуаиндин эсепти ачууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал ошол учурда топту дарбазага кантип таамай тебе албай калганын өзү да айтып бере албаса керек. Ал эми бундестимдин коргоочусу Хеведестин соккусу дарбазанын мамысына тийди.
Оюндун экинчи бөлүгүндө командалар коргонууга ыктап, курч чабуулдар сейрек уюштурулду. Ошентсе да оюндун чыңалуусу футболчуларга эле эмес, көрүүчүлөргө да сезилип жатты. Кошумча берилген убакытта Паласио өз мүмкүнчүлүгүн кетирсе, 22 жаштагы Марио Гётце дарбазага таамай сокку узатты. Бул гол “алтын гол” аталды. Германия кайрадан футбол тагында!

ОЮНДАН СОҢ
Башкы калыстын ышкырыгы жаңырган соң талаада баш аламандык башталды. Немистер кубанычын жашырышкан жок. Бундестимдин таланттуу мууну татыктуу түрдө жеңишке жетишти. “Аргентинада Месси, Португалияда Роналду, ал эми Германияда чыныгы команда!” Финалдан соң дал ушундай мүнөздөгү сөздөр айтылып жатты.

КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЛЫС БРАЗИЛИЯДАН КАЙТЫП КЕЛДИ
Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда 4 беттеште каптал калысынын милдетин аркалаган кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров Кыргызстанга кайтып келди. Түштүк Африкада 2010-жылы өткөн мундиалда да калыстык кылган жердешибиз Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында 9 беттешти тейлеген калыс катары Равшан Ирматов менен биргеликте жаңы рекорддун ээси. Ал Бразилияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу тууралуу китеп жазарын билдирди.

Швейцария-Эквадор.Антонио Валенсия, Бахадыр Кочкаров жана Гёкхан Инлер.

Мекендешибизди аэропорттон жылуу тосуп алышты.



КОЛО БАЙГЕ ГОЛЛАНДИЯДА!
Голландия курама командасы 3-орун үчүн болгон беттеште Бразилияны утуп алды. Жарым финалда 1:7 эсебинде утулган үй ээлери эсине келе албай Роббен жана анын командасына эч кандай туруштук бере алган жок. Ван Перси, Блинд жана Вейналдум эсепти 3:0 кылышты. Голландия өзүнүн тарыхында алгачкы ирет мундиалда 3-орунду алды. Ал эми Бразилия өз үйүндө байгелүү орунга илинген жок. Алардын бир эле кубанычы бар – Аргентинанын финалда жеңилиши.



ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ

"Алтын топ" – Лионель Месси (Аргентина)
Бул сыйлык Мессинин бардык сыйлыктарынын ичинен эң талаш туудурган сыйлыгы болуп калды. Анын мундиалдагы оюну көпчүлүккө жага берген жок. Бирок ФИФА Мессини эң көп кооптуу абал жараткан футболчу деп таап, "Мыкты футболчу" наамын ыйгарды. Ооба, чындыгында Месси тайпалык баскычта 4 гол киргизип, Аргентинаны финалдык баскычка алып чыкты. Бирок ал эң маанилүү оюндарда өзүнүн мыктылыгын көрсөтө алган жок. Ага салыштырмалуу Томас Мюллер көбүрөөк гол киргизди, Арьен Роббен Голландияны өзү сүйрөдү. Атүгүл Марадона бул сыйлыкка Мессиге караганда колумбиялык Хамес Родригес татыктуу экенин жар салды.

"Мыкты бомбардир" – Хамес Родригес 6 гол (Колумбия)
Командасы менен чейрек финалда утулуп калган Хамес Родригес "Мундиалдын мыкты бомбардири" аталды. Ал ар бир катышкан оюнунда гол жаратып жатты. Ошондой эле анын 1/8 финалда жараткан голу Дүйнө биринчилигинин эң мыкты голу саналды. Томас Мюллер жана Лео Месси андан 2 оюн ашыкча өткөрүшсө да,
Хамеске жеткен жок.





"Мыкты жаш оюнчу" – Поль Погба (Франция)
“Мыкты жаш оюнчу” наамына Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба татыды. Ал 5 оюнда тең негизги курам менен чыгып, жандуу футбол тартуулай алды.
Швейцария менен болгон беттеште голдук пасты Карим Бенземага узатса, Нигерияга өзү гол киргизди. Көпчүлүк футбол адистери 21 жаштагы футболчуну Франциянын келечеги дешүүдө.






"Алтын кол кап" – Мануэль Нойер (Германия)
Бул мундиалда мыкты дарбазачылар көп болду. Ошол эле Мексиканын дарбазачысы Гильерме Очоа, Коста-Риканын дарбазачысы Кейлор Навас. Бирок баарынан да чемпиондордун дарбазачысы бул мундиалда көпчүлүк учурда өз дарбазасынан алыска чыгып, либеро милдетин аткаруусу менен эсте калды. Анын дарбазасына 7 оюнда 4 гана гол кирди. Атактуу Оливер Кандын жолун жолдогон “Бавариянын” дарбазачысы бул наамды татыктуу алды десек болот.







“Фэйр плей” команда – Колумбия
Колумбия курама командасы мундиалдын “фэйр плей” командасы аталды. “Кафетерос” өткөргөн 5 оюнда болгону 5 эскертүү сары кагазын алган. Таза ойногон команданы тандоодо ФИФА оюнчулардын алган эскертүү кагаздарына эле эмес, оюн талаасында каршы оюнчуларга карата сый мамилени да эске алышкан.




"Мыкты машыктыруучу" – Луи ван Гал (Голландия)
ФИФА тарабынан расмий түрдө "Мыкты машыктыруучу" деген наам ыйгарылбагандыгы кандайдыр бир боштук калган сыяктуу. Бул наамга негизги талапкерлер Лёв жана ван Галды атасак болчудай. Йоахим командасын өзү түзүп, 10 жылдын ичинде бийиктикке жеткирди. Ал эми ван Гал Голландияны футболчулар мууну алмашып жатканда колго алып, ушул курам менен мүмкүн эмес ишти жасай алды. Өлүм тайпасынан 1-орун менен чыгып, жарым финалга чейин барды. Аргентинадан пенальти сериясында гана утулса, 3-орун үчүн болгон беттеште Бразилияны ири эсепте утту. Ван Гал жаш жана жаңыдан тажрыйба топтоп келе жаткан команда менен коло байгеге татыды. Ван Галдын ушунусуна карап футбол коомчулугу аны мыкты машыктыруучу деп тааныды.

Гётценин "чемпиондук" соккусу.


1986-жыл. Мехико. Аргентина – Германия 3:2 Курч мүнөздө өткөн бул оюнда Марадонанын пасынан Бурручага гол киргизип, жеңиш алып келген.

1990-жыл. Рим. Аргентина – Германия 0:1 Германия айып соккудан киргизген голдун эсебинен жеңишке жеткен.

Аргентина курамасы финалдан кийин.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Acer
2014-07-21 11:23:37
Немистердин татыктуу жениши!
+4
oscar
2014-07-25 16:26:45
Acer, татыктуу
0
ksb
2014-07-22 07:32:47
Немцы были лучшими и одержали достойную победу, но в то же время так жалко аргентинцев.
+1
erko77
2014-07-22 09:40:35
Немец оюнчусу Мирослав Клозенин сыйлыгын жазбапсынар///ал бул сезондо 16гол киргизип//тарыхтагы Рональдону да очуруп кетти//
0
Japan
2014-07-23 12:34:32
erko77, эч ким бул сезондо 16 гол киргизген жок жана Рональдону футбол тарыхынан эч ким очуро албайт. Клозе мыкты футболист, ал буга чейинки дуйно чемпионаттарына киргизген голдорун эсептегенде 16 болду.
-1
erko77
2014-07-24 08:32:57
Japan, сен чемпионатты акырына чейин корсон
+1
altynbek9191
2014-07-22 11:00:47
Мюллер киргизбегени окунучтуу болду да
+1
assss
2014-07-23 13:03:59
Мессиге неге алтын топ беришти билбейм жаштарды шыктандырса болмок мисалы ошол эле Хамес Родригеске берсе жакшы болмок
+1
A_l_i_b_e_k
2014-07-25 03:19:32
бразидияга ищендим эле да. этегинде капа кылып коюшту
0
Revolyutsioner
2014-07-27 02:01:53
Мексика менен Колумбия мыкты оюндары менен эсте калды, Аргентина менен Голландиянын аракети куч болду, бирок чемпиондуктун акыркы тепкичине которуло албай калышты,анткени Германиябаарынан мыкты оюн корсотуп татыктуу чемпион болушту!!!
0
Revolyutsioner
2014-07-27 02:03:52
Античемпиондор Испания, Бразилия, Россия, болду, аларды да "куттуктап" коелу...
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан