“АПА ДЕГЕН СӨЗДҮ АЙТУУГА ЗАР БОЛУП ЧОҢОЙДУМ”
– “Апа” деп айтууга тилим келе электе апам мени атама таштап, башка бирөө менен турмуш куруп кетиптир. Апам ким экенин, эне мээрими кандай экенин билбей чоңойдум. Мен теңдүү балдардын “апа” деп айткандарын укканда көкүрөгүм суу сепкендей муздап, ичиркене түшчүмүн. Балалык аруу сезимимди сооротуп, элден алыс жерге чыгып, “апа” деп кайталагандан тажачу эмесмин. Менин таза наристе кыялымдагы бул сөздү жансыз талаа далай ирет угуп, өз кучагына сиңирип кетти. Атама “Башкалардын апасы бар, менин апам эмне үчүн болбойт?” деп ыйлаган күндөрүм көп эле болду. Атам үйдүн жалгыз баласы болгондуктан чоң энем менен бирге жашачубуз. Эс тартып калганымда энемден апам тууралуу сураганымда “апаң өлүп калган” деп мени түңүлтүп койгон. Чон энем мени канчалык эркелетип өз мээримине бөлөгөнү менен, апама болгон кусалыгым арылбай, зарыгуунун запкысын башымдан кечирип жүрдүм.
Мектеп босогосун аттаганымда да энем мени өзү жетелеп барды. “Сенин апаң кемпир экен, менин апам жаш, сулуу” деп мактанган классташтарымдын сөзүнө теригип, ыйлап жүргөн күндөрдө атам үйлөнүп, мени апалуу кылды. Ошондогу кубанганым эч эсимден кетпейт. Кайра-кайра так секирип “апалап”, бала үчүн эң баалуу бул сөздү айтып, жаңы апамды кучактап, өпкүлөгөм. Мээримге суусаган жүрөгүм бир ирет бошогондой болуп, кенедей кезимден кыйнап жүргөн кусалыктан өзүмдү сууруп алгандай болгом. Тилекке каршы, мындай кубанычым көпкө созулган жок.
Бир күнү эле чоң энемдин кан басымы жогорулап, эс учунан танган бойдон ойгонбой калды. Мени медер тутуп, энелик мээримге бөлөгөн, уктасам ойготуп, ыйласам соороткон аска-тоом урап түштү. Энемди жерге бергенден кийин күйүт, ага болгон кусалык мени алсыратып, жүдөп кеттим. Анын үстүнө өгөй энем заарын чачып, атам жокто желкемден тартып, башыма муштап жумуш жасатып, “тамакты көп ичесиң, тойбоссуң” деп итке теңеп кагып-силккенге өттү. Канча ирет кагуу жесем да атама айтпай жүрдүм. Атамдын көзүнчө мени эркелеткен болуп, кучагына кысымыш этет. Мен андай учурда жылуулук алгандын ордуна көкүрөгүм муздай түшчү.
Улам эс тарткан сайын өзүмдү басмырлап, Кудайга наалып, мени өгөйлөгөн турмушту жекирип, жанга жукпас өзүмчүлдүк пайда болду. Көз көрбөгөн башка бир жактарга кетким келип жүргөн күндөрдө мени таштап кеткен апам тууралуу угуп калдым.
“ЭКИ ӨГӨЙДҮН ОРТОСУНДА СОККУГА КАЛДЫМ”
– Апамдын телефон номерин шаардан келген бир эже берип, апам тууралуу айтты. Алгач телефон аркылуу байланышып, кыйналганымды, аны сагынганымды, көргүм келгенин айтып ыйладым. Кантсе да эне эмеспи, өз баласынын муңун укканда жүрөгү ооруса керек, мени алып кетүүгө келди. Атам канчалык каршылык көрсөтсө да апам менен кетүүнү каалап туруп алдым. Атам бир чети ачууланып, бир чети мени апамдан кызганып кала берди.
Көксөп жүргөн апамды таптым, бирок өгөйлүктөн кутула алган жокмун. Апам болгон мээримин төгүп, артта калган жаман күндөрүмдү унутууга аракет кылды. Мен келген күндөн көп өтпөй эле өгөй атам ичип келчү болду. Көрсө, мурда деле бул адаты бар экен, менин келишим аны дарбытып жибергендей эле болду. Мас болуп келип апамды сабап, үйгө тынчтык берген жок. Жакында эле апамды катуу сабап салды. Жаным ачыганынан арачалай койсом мени кошо токмоктоп, “ээрчиме апаңды сени кошо багам деп алган эмесмин, жогол” деп үйдөн айдап чыкты.
Азыр апамдын тааныштарынын үйүндө жашап жатам. Ал байкуш эмне кылсын, азыркы турмушунан дагы балдары бар. Мен үчүн ажырашып, чиедей балдарын жетим калтырмак беле? А менин келечектеги жашоом табышмактуу. Эки өгөйдүн ортосунда соккуга калдым. Айылга барайын десем “апам менен жашайм” деп атамды укпай келе бергем. Эми барсам өгөй апам батырмак беле?..
Сезим