Биз бүгүн дүйнөлүк спорттон бир аз четтеп, өзүбүздүн улуттук ат оюндарыбыздын бири болгон кыз куумай тууралуу кеп кылмакчыбыз. Көчмөндөр мезгилинде алгач салт катары пайда болгон бул оюн учурда да актуалдуулугун жоготпой келет.
ТАРЫХЫНАН
Кыз куумай кыргыз элинин байыртадан келаткан улуттук ат оюндарынын бири болуп эсептелет. Оюнду изилдеген окумуштуулар аны үйлөнүү тойго тиешелүү ырым-жырымдарга байланыштыгын айтышып, жаштардын нике алдында көңүл ачуучу оюндарына кошушат. Адатта ал мусулман майрамдарына (Орозо айт же Курман айт) карата өткөрүлө турган. Анан дагы жигит менен кыз гана кооз жана көрктүү кийинбестен, аттардын да мыкты жасалгаланышына зор көңүл бурулган.
ЖИГИТТЕР ҮЧҮН ЧЫНЫГЫ СЫНООЭреже боюнча жигит кызды кууп жетсе, анда анын бетинен өөп, ашыктыгын билдирген. А эгерде кууп жете албаса, оюн тескерисинен уланып, кыз жигитти кубалачу. Жигиттен айырмаланып, кыздар өбүүнүн ордуна камчы менен жонго чабышкан же болбосо камчы менен чаап, жигиттин баш кийимин башынан түшүрүүгө аракет кылышчу. Тарыхта “кыздар жигиттерди камчы менен башка чаап, жүзүн канга боёп койчу” деген маалыматтар да жок эмес. Анан, албетте, эгер кыз максатына жетсе, бул жигит үчүн чоң шылдың деп эсептелген. Мында жигит айыпка жыгылып, чогулгандарга мал союп бериши талап кылынган. Мындан тышкары, кызга үйлөнүү укугунан да ажыраган. Кызыгы, айрым авторлордун айтымында, өзгөчө эр жүрөк жигиттер кызга жетип аны өбүп гана тим болбостон, мамактарынан кармоого жетишишкен. Жадакалса “жигит менен кыз жарыштан кийин аттары менен алыска качып кетишип, түн ортосуна чейин келбей койгондору да болгон” деп айтылат.
ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Белгилеп кетчү нерсе, кыз куумай башка оюндардан өзгөчө бүйүр кызыткандыгы менен айырмаланат. Жигит менен кыздын жарышына эки тараптан тең өкүлдөр (келин-кесек, кыз-кыркын, жигит-жалаң) күбө болушуп, кыйкырып сүрөөнгө алып турушат. Мунун баары жалпы элге зор эмоционалдык рахат тартуулайт. Анан дагы жарышка чыга турган аргымактарды тандоого өзгөчө көңүл бурулган. Эгер жигит мине турган атын өз уруусунан гана тапса, кыз тарап кааласа күлүк ат сурап, жигит тарапка кайрыла алган.
УЧУРДА
Кыргызстанда кыз куумай боюнча атайын федерация жок. Ал боюнча мелдештер 4 жылда бир болуучу улуттук оюндардын (кыз куумайдан тышкары, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, тыйын эңмей, оодарыш, көк бөрү, ордо, күрөш жана тогуз коргоол) спартакиадасында гана өткөрүлөт. Мындан тышкары, эл арасында майрамдалчу Нооруз, Эгемендүүлүк күнү же башка мааракелерди кыз куумайсыз элестетүү кыйын. Өзгөчө бул жагынан Соң-Көлдө жыл сайын оюндардын өткөрүлүп келаткандыгын айта алабыз.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg