«Жыл сайын кулпунай, малина, өрүктөн кыям жасайм. Башкача түрүн жасагым келет, бирок кандай?» деп кышка даярдык башталган кезде баш катырып калабыз. Эми биз мындай жагдайга тушукпайбыз. Анткени төмөнкү рецепттер бизге жол көрсөтө алат. Кулпунай+шабдалы, коон+малина, өрүк+шабдалы... Мөмө-жемиштердин ар кандай түрүн кошуп кыям жасап жакындарыбызды өзгөчө, кайталангыс даамдар менен тамшандыра алабыз.
КУЛПУНАЙ+ШАБДАЛЫ КЫЯМЫ Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 2 килограмм
Шабдалы – 6 даана
Кумшекер – 2 килограмм
1 лимондун ширеси
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды тазалап, аны муздак суу менен жууп, суусун сарыктырабыз.
2. Шабдалы менен лимонду жууп, данегинен ажыратып, узатасынан калыңдыгын 0,5 миллиметрден кылып тилимдерге бөлөбүз.
3. Мөмө-жемиштерди аралаштырып, кумшекерди салып, ширеси бөлүнүп чыкканча, 6-8 саатка чейин тыныктырабыз.
4. Мөмөлөрдү сүзгүч менен сүзүп алып, ширени кайнатабыз да, дароо мөмөнүн үстүнө куябыз. Мындан соң 3-4 саатка тыныктырып коёбуз.
5. Эми кыямды жай отто 10-15 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.
КООН+КИВИ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Киви – 5-6 даана
Коон – 2 килограмм
Кумшекер – 1,5 килограмм
Суу – 1 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Коон менен кивинин кабыгын аарчып, көлөмүн 1,5х1,5 сантиметр кылып туурайбыз.
2. Эми 1 стакан сууну мискейге куюп, ага кумшекерди салып эритип шире даярдайбыз. Кайнап жаткан ширеге тууралган мөмөлөрдү салып бир бурк эттире кайнатып, отту өчүрөбүз. 3. Кыям муздаган соң кайра 10-15 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга жабабыз.КУЛПУНАЙ+АНАНАС КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 2 килограмм
Ананас – 400 грамм
Кумшекер – 2 килограмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Ананасты аарчып, 1,5х1,5 сантиметр көлөмүндө туурап, ага кумшекерди салып 1-2 саатка, ширеси чыкканча тыныктыра турабыз. Андан соң жай отто 10 мүнөт кайнатабыз.
2. Бул аралыкта кулпунайды жууп-тазалайбыз да, кайнап жаткан ананас ширесине салып, бир бурк эттире кайнатып, отту өчүрөбүз.
3. Кыям муздаган соң кайра 10 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.ШАБДАЛЫ+ӨРҮК КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Шабдалы – 1 килограмм
Өрүк – 1 килограмм
Кумшекер – 2 килограмм
Суу – 1 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалы менен өрүктү жууп-тазалап, бирдей көлөмдө туурап алабыз.
2. 1 стакан сууну мискейге куюп, ага кумшекерди салып сироп даярдайбыз. Кайнап чыккан сиропту тууралган мөмөнүн үстүнө куюп, 5-6 саатка тыныктырып коёбуз.
3. Андан соң кыямды 10-15 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз.
ДААМДУУ КЫЯМ ДАЯРДАЛГАН ИДИШТЕН КӨЗ КАРАНДЫ!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg