СУУ ТАРТЫШТЫГЫ КЫШЫНДА КӨЙГӨЙ ЖАРАТАБЫ?

Жайдын ысык аптабы башталгандан бери элеттиктер да, шаардыктар да сугат суунун жетишсиздигинен кыйналууда. Эми энергетиктер «суу тартыштыгы жарыкты маал-маалы менен өчүрүүгө алып келиши ыктымал» деген сөздүн башын кылтыйтып отурат. Бизди деги эмне күтүп жатат?

  • Кыргызстанда мөңгүлөрдүн саны 6000дин тегерегинде, анын ичинен эң ирилери – Түштүк Эңилчек, Түндүк Эңилчек, Кайыңды жана башкалар.
  • Мөңгүлөр бир жылда жаткан жерине, бийиктигине жана көлөмүнө жараша ордунан ондогон, кээде жүздөгөн метрге жылышат. Жайдын күнү калыңдыгын 2 метрге чейин жоготушат.
  • Тоо өзөндөрү 30-35 пайызга чейин мөңгүлөрдөн байышат.
  • Мөңгүлөрдөгү таза суу запасы 600 миллиард метр кубдун тегерегинде. Эгер мөңгүлөрдүн баарын эрите келсе, анда өлкөбүздү 1 метрден бийик суу каптамак. Окумуштуулардын божомолу боюнча, 20 жылдан кийин Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 35 пайызы эрип жок болот.

«МӨҢГҮЛӨР ЭРИБЕЙ ЖАТКАНДЫГЫ ҮЧҮН СУУ ТАРТЫШ»
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментинин башчысынын орун басары Тилек Исабеков маселе боюнча суроолорубузга мындай жооп узатты: «Быйыл мөңгүлөр жакшы эрибей, анын кесепетинен агып түшкөн суунун көлөмү өтө аз болуп жатат. Июнь айынын биринчи жарымынан июлдун ортосуна чейин суу жетпей кыйналдык. Мындан улам сугат суу жер-жерлерде аянтына жараша ченеп берилип жатты. Азыр бул маселе чечилди, суу үзгүлтүксүз, керектүү көлөмдө берилүүдө».
Өзөн менен түшкөн мөңгү суунун аздыгы чоң каналдарды да суусуз калтырган. «Мындай көрүнүш ар 5 жылда кайталанып турат. Айыл чарба адистери табияттын бул өзгөчөлүктөрүнүн айласын эбак табыш керек болчу. Өлкө боюнча эң көп Чүй өрөөнүндө суу тартыш болуп жатат»,- деди биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Аталган дубандагы суу тартыштыгын жоюу максатында Жайыл районунда керек болсо балык багылган көлмөлөрдүн суусун эгин талааларга агызуу керектиги чечилди.
Ал эми Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Койсун Курманалиева «убагында сугарылбай калгандыктан, азыр 300 гектарга эгилген буудайды жоготтук дей берсек болот» деп билдирди.

СУУНУН БАШЫ БОЛО ТУРУП СУУДАН КУРУДУК...
Илимдер академиясынын маалыматына таянсак, 1997-жылы Кыргызстанда 8200 мөңгү болсо, азыр болгону 6000дин тегерегинде мөңгү калган. 2200дөй мөңгү эрип жоголгон.
«Айыл чарба департаментинин балансында турган 33 суу сактагыч жана 50 бассейн 1-апрелге карата 100 пайыз толтурулган. Бул камдалган суу жаздан баштап сентябрга чейин тоодон агып түшкөн сууну кошкондо жетиштүү болмок. Бирок быйыл кыш узакка созулуп, жазды чала-була көрүп, жайга өтүп кеттик. Анын кесепетинен, мисалы, Чүй өрөөнүндөгү Орто-Токой суу сактагычында 470 миллион метр куб суу толтурулган, аны пайдалангандан кийин 20 пайызы гана калды. Ала-Арча, Аламүдүн, Найман, Спарта, Кара-Буура жана башка суу сактагычтары да иштелди. Азыр мөңгүлөрдөн эриген суу керектүү көлөмдө түшүп баштады»,- деди Суу чарба департаментинин башчысынын орун басары Тилек Исабеков.

Энергетиктер:«СУУ АЗ, ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР БОЛУШУ МҮМКҮН»
«Кыргызстандын улуттук электр тармактар» ишканасы "быйыл суу тартыштыгынан улам кышында элге жакпаган чечимдерге барышы мүмкүн" деген билдирүүсүн 15-июлда таркатты. Демек, өкмөт кычыраган кышта маал-маалы менен жарыкты өчүрүүгө даярданууда деп түшүнүүгө болот. Учурда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард метр кубдун тегерегинде суу топтолгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга аздык кылат. Кошумча ресурстук электр энергияны сатып алуу ниетинде кыргыз өкмөтү Казакстан менен Тажикстанга каттар жөнөткөн.
2008-2009-жылдары да дал ушундай кургакчылык болуп, Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигинен чектөөлөр киргизилген болчу. Күнүнө 8 сааттап жарык өчүрүлгөнүн карапайым калк унута элек чыгар. Анын айынан көптөгөн ишкерлердин жумушу толук кандуу жүрбөй, мамлекеттик казына чыгашага учураган. Ага кошумча электр энергиясынын тарифи эки эсеге жогорулап, бул кымбаттоо Апрель революциясында негизги себеп катары колдонулган.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги жыл башынан бери эле электр энергиясынын тарифин жогорулатуу демилгесин көтөрүп келе жатат. Азырынча ал ишке аша элек.
Ал ортодо вице-премьер Валерий Диль 23-июлда күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча программа иштеп чыгуу керектигин, эң башкысы, анда маал-маалы менен жарык өчүрүүлөргө чейин жазып чыгууну сунуштады. Буга энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев «быйыл электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт» деп жооп берди. Бирок Токтогул суу сактагычынын учурда суусу аз болуп жаткандыгын, жогорудагы тарифти кымбаттатуу аракеттерин жана «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын саратанда эле «кышында маал-маалы менен жарык өчүрүүлөр болушу мүмкүн» деп саймедирей баштаганын эске алсак, анда Кыргызстанды кандай кыш күтүп турат, белгисиз.

«Супердин» сурак бурчу
СУГАТ СУУДАН КЫЙНАЛГАН ЖОКСУЗБУ?

Канат Нааматов, Нарын облусу:
– Тоо тарапка айдалган дан эгиндер быйыл дагы куурап калды. Мен жашаган Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын ылдый жагындагы эгиндерге суу жакшы эле жетип жатат. Себеби ал жакты токойду аралап келген суу менен сугарабыз.

Адилет Бурабаев, Ысык-Көл облусу:
– Суу быйыл биз турган Ак-Суу районунун Курбу айылына таптакыр аз келип жатат. Эгинди койдум, андан керектүү картөшкө дегендерибизди сугара албай убарабыз. Биз айылдын аяк жагында турабыз, жай башынан бери суудан кыйналып келе жатабыз.

Чыңгыз Чалов, Талас облусу:
– Быйыл сугат суу жетишпегендиктен дыйкандар арасында суу талаштан чатактар чыгууда. Чөптү экинчи жолу чабабызбы же жокпу, белгисиз. Бир түк чөптүн баасы 180-200 сом болуп азыртадан эле кымбаттады. Түшүмдүүлүк да жылдагыдан аз.

Гүлнар Балтабаева, Жалал-Абад облусу:
– Сугат суусу тургай ичкенге да кээде суу таппай калабыз. Бизде жакын жайгашкан бир нече айылга бир каналдан суу берилет. Бирибизге суу келип жыргаганда, калганы какшып сууга зар болуп отурушат. Кыскасы, суу чындыгында тартыш.

Чыңгыз Авганов, Баткен облусу:
– Азыркы тапта бизде суу жетиштүү. Лимит менен ченеп жеткизип берип жатышат. Бирок биздин Лейлек районунун Кулунду айылы суу башына жакын жайгашкан. Ал эми төмөн жактагы дыйкандар кантип жатышат, аны айта албайм.

Паризат Жуманазарова, Ош облусу:
– Быйыл жамгыр жаабай койгондуктан, дыйкандар анын запкысын көп жеди. Мен өзүм шаарда эле тургандыктан, сууну крандан алып, мөмөлөрүбүздү сактап калдым. Бирок талааларга эгин эккендер зыянын көрдү.

Валерий Бекжанов, Чүй облусу:
– Биз турган Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылы суу башына жакын. Сугат суудан кыйналган жокпуз. Бирок айылдын аяк жагында жерлери барлардан уктум, суу жакшы барбаптыр.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
siezd
2014-07-28 16:48:33
газ жок суу аз эми кышында свет жок болсо кандай жашоо болот билиш кыйын
+1
furkat80
2014-07-29 14:52:15
суу озубуздон чыкса кандайча кыргызстан светсиз отурат тушунуш кыйын. озбекстанга азыраак сатыш керек эледа. булар озбекстандан,цемент карыз болушуп кыргызстанда цементти кымбаттатып озбекстанга карыз беришкен май айында ушул жылдын. мумкун озбекстандан берелек суунун акчасын алдын ала алып алышкан ошон учун. светти кыргызстанга убактысынча конуп калган кыргыздар жашай берет деп. алдын ала кыргыздарга даярдангыла деп угузуп жатышат. кыргызстан свети жок отурганда коробузго озбекстанда свет болоб
+1
ayakosya
2014-08-02 09:55:47
Бизде суу жок болсо анда олгон экенбиз
0
munar85
2014-08-04 11:55:33
ошол светти кышында очурбой азыр жайдын куну очуруп озбекистанга агып жаткан сууну токтотуп уномдосо болбойбу
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА