Ханзаада Уильям жана Кейт Миддлтондун уулу, Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин чөбүрөсү, дүйнөнүн эң атактуу наристеси Жорж Александр Луи 22-июлда 1 жашка толду. Кичинекей ханзааданын туулган күнүн Кенсингтон хан сарайында үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилешти.
Британия мураскеринин туулган күнүнө арнап, британ тыйын чыгаруучулары атайын сувенирдик 5 фунт стерлинг тыйындарын чыгарышты.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg