Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖАРАМАЗАН АЙТЫП КЕЛДИК ЭШИГИҢЕ...

№612 25-июль-31-июль, 2014-ж


Рамазан айынын шааниси жарамазан айтуу эмеспи. Быйыл да салтыбызды улай ыр-күлкүгө тойбогон жарамазанчылардын «бандасын» топтоп, белгилүү адамдардыкына «ууга» чыктык. Бул сапар катарыбызды ырчылар Өктөм Сапар уулу, Минюра Рахимжанова, актёр Амантур Абдусалам уулу жана Улуттук консерваториянын студенттери толуктады.



«Чү» дегенде эле аргымактарды алкынтып белгилүү дизайнер, стилист Замира Молдошеванын иш ордуна кирип бардык. Кыдырата тизилген кыздарына кошулуп стилист айым «биринчи жолу силер жарамазан айтып келип жатасыңар» деп бизди жарык маанайда тосуп алды.

Кезек ырчы Айнура Салахидинованыкына жетти. Көп кабаттуу үйдүн 7-кабатына чейин жарамазан айтып чыккан бизди кошуна-колоңдор бир чети таңыркай, бир чети кызыгуу менен узатып жатышты. Күйүккөн жарамазанчыларды ырчы менен жолдошу ак дасторконго чакырышты.


Ырчы Назгүл Токтакунованын ак өргөөсүнө барганыбызда, алдыбыздан курбусу Чолпонай экөө утурлай чыгышты. Жарамазанды укканда «что за песня?» деп баарыбызды күлдүргөн ырчынын кичинекей сиңдиси кубанганынан чимириле бийлеп жиберди. Ак дасторкон үстүндө жарамазанды улай ыр кесе уюштурулду.

Биз чыккыча көз байланып караңгы кирди. «Менин жумушум күндүзү эмес, түнкүсү башталат» деген клипмейкер Эрнист Сыдыковдун сөзүнөн кармап, студиясына түн ката баш бактык. Жарамазанчылардын капыл-тапыл кирип келгенин көргөн клипмейкер бата алууга ашыкты.

«Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» демекчи, жарамазан айтып жүргөн биздин топко көчөдөн бир орус улутундагы балакай жарамазан айтып кирбеспи. Тапкан олжосунан берип, бата алган жарамазанчылар түнкү 12ден өткөндө үйлөрүнө тарашты.


ОШтогу ЖАРАМАЗАНЧЫЛАР КИЙИТ КИЙИШТИ...
Жарамазан айтуу салтын Ош шаарында уладык. Бир катар чыгармачыл адамдар менен шаардагы аты чыккан инсандардын үйүнө баш бактык. Бул жолу жарамазанчылардын катарын ырчы Кутман Султанов, Топчубай Айтмаматов, Самара Сабирова, Кыздаркан Келдибекова, обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошев жана диктор Турсун Умар толукташты.


Алгач жарамазаныбызды калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин үйүнөн баштадык. "Жеңеңер ооз ачууга кетти эле" деген мэрдин шаштысын кетирип жарамазанчылар токтобой ырдап туруп алышты. Шаар башчысы бизди жылуу тосуп алганына кубанып, куттуу үйдөн кур чыкпай, жарамазанчылар кийитин кийген соң жолубузду уладык.


Кезектеги жарамазан ырчы Самара Каримованын үйүнө айтылды. «Азыр эле Баткенден келдик эле» деген Самара айым жолдошу Асан Мансуров экөө тосуп чыгып, таттуу даамдардан ооз тийгизишти.


Кийин Ош облусунун жана шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун үйүнө бардык. "Биз ооз ачуудан келсек, акеңер уктап калыптыр" деген Сүйүн мырзанын жубайы баарына кымыз куюп, акчалай сыйлыгын берип узатты.
Ал күнү КРнын Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси Токон Эшбаевдин 65-туулган күнү эле, аны да куттуктап өттүк. Ошентип түн бир оокумда шайыр жарамазанчылар үйлөрүбүзгө жөнөдүк.


Айсана Паизова
Асыл Орозбекова,
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


(жаңыланды) "Жарамазан айтып келдик эшигиңе..."

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
Super TV
26.07.2014. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
22-11-2013
Соӊку аракети:
19-05-2017 00:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ваау классно боллуптур менда айткым келип кетт))
Super TV
26.07.2014. 12:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
04-12-2013
Соӊку аракети:
30-05-2015 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы шагдуу болуптур молодцыыыыыыыыыыы
Super TV
26.07.2014. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Yrchylar daiardanyp aluwkan okwoit ee..Dastorkondory bat ele jaiula kaluptyr... Baary jakty..
Super TV
26.07.2014. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
07-02-2017 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да жакты. Айнуранын баласы мотурайып чонойуп калыптыр. Атасынын озу экен. Эрнис Сыдыков крассавчик!
Super TV
26.07.2014. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
07-02-2017 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Минюранын бою аябай эле кичинекей экен. Жакшы.
Super TV
26.07.2014. 16:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
09-07-2014
Соӊку аракети:
29-04-2018 12:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
назгул токтакунованын таланты абдан мыкты экен ага ийгилик
Super TV
26.07.2014. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыркыларга караганда сонун айтышыптыр, азаматтар .Жаны жуздор, уну да сонун.
Super TV
26.07.2014. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
29-06-2014
Соӊку аракети:
20-07-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун болот турбайбы менин уйумо келгендей жагымдуу болду. Жандуу унго эмне жетсин!
Super TV
27.07.2014. 02:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
07-07-2014
Соӊку аракети:
10-04-2015 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун болуптур,урматтуу супер инфо амантур абдусалам уулу жонундо жазгылачы сураныч.
Super TV
27.07.2014. 13:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
20-09-2015 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм Амантур красавчик
Super TV
27.07.2014. 13:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-07-2013
Соӊку аракети:
30-09-2014 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Амантур крацавчик
Super TV
27.07.2014. 18:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-01-2014
Соӊку аракети:
01-07-2016 17:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
oo sonun aitywyptyr molodsy!
Super TV
28.07.2014. 04:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
11-08-2012
Соӊку аракети:
14-01-2017 06:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны ундор 3 бала сонун ырдашат экен....))и баары жакты молодцы быйыл сонун айтышыптыр
Super TV
28.07.2014. 12:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
15-12-2013
Соӊку аракети:
24-02-2015 19:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Амантур аябай жагат
Super TV
28.07.2014. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы айтышыптыр, кадимкидей маанайын которулот...
28.07.2014. 13:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
27-10-2013
Соӊку аракети:
17-10-2016 00:22
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бишкектеги жарамазанчылар алдын ала айтып койгон окшойт сеникине барабыз деп баары эле даярданып отургандайго Замира Молдошеванын ишинде кунуго борсок турбаса керек, Айнура кунуго уйундо ушинтип жасанып отурбаса керек стол толтура кылып даярдаган корунот, эки курбу кыздар да атайын бирге даярдана коюшса керек деп ойлоп калдым
30.07.2014. 16:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
30-10-2013
Соӊку аракети:
16-02-2015 17:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13, точно, Бишкектеги жарамазанчылар алдын ала даярданып алышыптыр :-)))
28.07.2014. 14:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
25-07-2014
Соӊку аракети:
12-05-2015 15:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу Кыргыз жери.
+2
Оштогу айткандардын видеосун да жуктоп койсонуздар сонун болмок эхххх,журогум Бир башкача болуп суйунуп алдым го.
28.07.2014. 14:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-07-2014
Соӊку аракети:
10-08-2014 12:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар. Оштун мэри жонокой адам экен ээ. тун болсо дагы жарамазанчыларга чоон конул буруптур. Канчалык жонокой болсон элге жакын болосун деген чын. Оштун мэринин уйуно баруу кимдин идеясы болду экен
28.07.2014. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-11-2011
Соӊку аракети:
05-03-2017 01:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назгул кыжырды келтирди ..что за песня дейт...орусям десе
30.07.2014. 19:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
21-05-2013
Соӊку аракети:
31-08-2015 10:39
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, тура айтасын тим еле айдан тушконсуп жарамаз илгертен айтылып келетко кантип еле билбей калсын
28.07.2014. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamarik Назгулдун синдиси, кичине конул буруп окусан. Барарда айтып барат окшойсунар а. Баары эле даярданып атышыптырго. Айттырбай барыш керек эле.
29.07.2014. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
07-07-2012
Соӊку аракети:
14-02-2018 21:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Айттырбай барсан уйуно киргизбей койбойбу. Булар кимдер деп.. А алдын ала айткандан кийин даярданышып коой кокуй супер инфо ж,б жарамазан айтып келишет элге уят болбойлу дегендей, суротко дагы тушобуз деп
29.07.2014. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
20-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 15:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Ошто көп адамдардын үйүнө барышты эле го. ОшТВдан көрдүм. укмуш сооонун болду. видеосун жүктөп койгулачы
31.07.2014. 15:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
15-06-2014
Соӊку аракети:
04-01-2015 03:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде Супер инфо ,суйунуп кадимкидей ыйладым жарамазанды ушундай ыйык данктаганынарга.
Super TV
31.07.2014. 16:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-09-2013
Соӊку аракети:
04-08-2014 23:04
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар жарамазан айса бул ачкачылыкты жарыялаганды билдирет
Модератор admin_superstan түзөттү 31.07.2014 16:11
Super TV
31.07.2014. 16:11 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
rus9223, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 15 күн БАН!
31.07.2014. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
12-09-2018 21:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Алдын ала даярдангандары белгилуу жасанып алышыптыр))
Super TV
01.08.2014. 20:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-07-2014
Соӊку аракети:
17-09-2014 22:39
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат ушул жарамазанды уюштурган супер инфого жана жарамазан айткан атуулдарга чыгармачылык ийгилик!
Super TV
02.08.2014. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
Оштогулар эмне бироосу да уйуно киргизишип, коноктошкон жок, ушунча белгилуу адамдар атайын барып жатышса, босогодон узатышканы жаман эле корунот экен.Мэр,Самара Каримова деген неме нанын кочого которуп чыкпай, уйуно киргизип чай берип коюшса эмне болмок.
Super TV
02.08.2014. 11:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
06-07-2018 12:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
бишкектин жарамазанчылары жасалма экен, бул болунуп жарылуу эмескенин айтып кетейин. алдын ала айтып коюп барышыптыр, ал эми ошто кутуусуз барганы байкалып турат. уйунуно киргизип чай бергенди кайдан кордунор эле. наркы каадасы эшиктен эле узатмай.
Super TV
03.08.2014. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
07-05-2018 11:46
Жынысы:
Белгисиз
0
СамараКаримова конок конок тосконго жок экен акчанын кучу менен журот!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: