ПОРНОГРАФИЯ – КИРЕШЕЛҮҮ БИЗНЕС

Силер билесиңерби?

Порнотасмалар бүгүнкү күндө чоң киреше алып келчү бизнес экени талашсыз. Порнобизнес кыргыз эли үчүн жат көрүнүш болсо, АКШ үчүн жылына 4-6 миллиард доллар киреше алып келген булак катары эсептелинет.

ПОРНОСАЙТТАР ЖӨНҮНДӨ...

  • Интернет сайттарда суроо, сунуш талаптардын 25 пайызы секс жана порно жөнүндө.
  • Дүйнө жүзү боюнча секундасына 7224 адам порносайттарга кирип турат.
  • Дүйнө боюнча ар бир секунд сайын порно үчүн 89 доллар акча коротулат.
  • Күнүгө орто эсеп менен 266 жаңы порносайттар интернетте пайда болууда.
  • Америкалык эркектердин 72 пайызы, ал эми аялдардын 28 пайызы порносайттын колдонуучулары.
  • Маалыматтарга караганда, интернетте 372 миллион расмий порносайт катталган. Алардын 89 пайызы АКШга таандык.

ТАРЫХЫ
Маалыматтарга таянсак, порноиндустриянын башаты – Англия. Алгачкы порнографиялык тасма өбүшүү менен гана чектелген. 1856-жылы Томас Эдисон аттуу режиссёр “Өбүшүү” аттуу тасманы чоң экранга алып чыккан. Бул фильм көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, популярдуулуктун туу чокусуна жеткен. Мындан кийин 1896-жылы “Жубайлар төшөктө” аттуу тасма тартылып, мында аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле сүрөттөлгөн. Бул тасмадан кийин режиссёрлор порнотасмаларды тартууга кызыга башташкан. Бара-бара порнофильмдер бүт европа өлкөлөрүнө таркаган. 1970-жылдан тарта АКШда жана башка мамлекеттерде порнофильмдер расмий түрдө мыйзамдаштырылып, ачыкка чыккан.

ПОРНОАКТЁР БОЛУУНУН КЫЙЫНЧЫЛЫГЫ

  • Күнүмдүк жашоодогу секс менен порнофильмдеги секстин айырмасы асман менен жердей. Себеби мындай фильмдерде секс өтө көп берилет. Реалдуу жашоодо өзүн кумарлуу деп эсептеген эркек да эс алып турууга муктаж. Ал эми порноактёрлордун эс алууга убактысы тар. Кандай гана учур болбосун дүүлүгүүгө дайым даяр туруусу кажет. Кыскасы, алар үчүн секс күнүмдүк жумуш катары гана эсептелинип калат.
  • Порнофильмде жоопкерчилик эр­кектердин моюнунда болот. Жумушунун мүнөзүнөн улам порноактерлордун сексуалдык кудурети кадимки эркектердикине караганда эрте алсызданат. Мына ошондуктан, алар ар дайым дүүлүктүрүүчү дары-дармектерди колдонуп жүрүүгө аргасыз болушат. Тынымсыз иш үстүндө жүргөн актёрлорго виагра, иалис сыяктуу дүүлүктүрүүчү дарылар да таасирин тийгизбей калат. Мындай учурда алар дүүлүктүрүүчү уколдорду колдонууга мажбур болушат.
  • Порножылдыздар көп акча таап, бай келишет. Эркек актёрлор айымдарга салыштырмалуу азыраак айлык акы алышат. Мисалы, айымдар бир оюн үчүн 800 доллардан 2000 долларга чейин алышса, мырзаларга орточо эсеп менен 200 доллар төлөнөт. Ал эми жүзү элге жакшы таанылган эркектер 500 долларга чейин алышат. Анын үстүнө порно жылдыз болууну самаган эркектердин саны айымдардан көптүк кылат.
  • Порноактрисалар келбети, тулку бою боюнча ар түрдүү болушат. Иш маалында мейли эркек, мейли аял болобу, өнөктөш тандаганга укуктары жок. Төшөктө жыныстык катнашка барып, өз милдетин так, мыкты аткарып берүүсү шарт.
  • Иш маалында жалгыз иштешпейт. Жуп-жубу менен же андан да көбүрөөк санда болушат. Жанга жагымсыз нерсе катары камералар да эсептелинет. Бирок актёрлордун мындай нерсеге көз жумуудан башка аргасы жок.
  • Порножылдыздардын жумушу эң оор. Анткени алар уят-сыйытты жыйыштырууга мажбур. Ар бир актёрдун ата-энеси, дос, тууганы бар дегендей, алардын жакшы да, жаман да сөздөрүн көтөрүүгө аргасыз болушат. Жыйынтыгында, психикалык ооруларга да чалдыгышат.
  • Талапка ылайык, эркектердин «алигисинин» узундугу 20-25 сантиметрден кем болбоосу зарыл.
  • Тартуу учурунда жаракат алгандар да жок эмес. Мисалы, эркектин бел суусу көз­гө кирсе, аллергия жаратышы ыктымал.
  • Жыныстык жактан жугуштуу ооруларга чалдыгышат. Кырчындай жаш курагында СПИД оорусун жугузуп, өмүрү менен кош айтышкандар да жок эмес.

ПОРНОЖЫЛДЫЗДАРЫ
Эң көп порнофильмге тартылган мырза катары америкалык Жон Холмс (лакап аты Жон Вадд) эсептелинет. Ал 2250 порнофильмге тартылып, 1988-жылы СПИД оорусунан каза тапкан. Ал эми Шарон Кэйн аттуу айым 810 порнофильмге тартылып, «Секс рекорддор китебине» катталган.

ТӨШӨК АРКЫЛУУ ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНГАНДАР...

  • Сильвестр Сталлоне 1971-жылы жаңы гана кино дүйнөсүнө аралашып баштаганда “Италиялык айгыр” аттуу порнофильмге тартылган. Актёр камера алдында тартынбай өзүнүн жыныс мүчөсүн көрсөтүп бере алгандыгы үчүн 200 доллар гонорар алган.
  • Жеки Чан да порнофильмге тартылып, кино дүйнөсүнө жол ачкан актёрлордон. «Мен жашымда, үй-бүлөмдү багуу үчүн ушундай жолго аргасыздан баргам» деп комментарий да берген.
  • Голливуд жылдызы Камерон Диас да 19 жаш курагында акча үчүн садо-мазохисттик фильмде тартылганы маалым. Бүгүнкү күндө бул порно фильм интернет сайттардан кездешкендиктен, актрисаны абдан иренжитип келет.
  • “Жашыруун материалдар” сериалынын супер жылдызы Жиллиан Андерсон да порнофильмге тартылуу менен, атактуулукту багындыргандардын катарын толуктайт.
  • Бүгүнкү күндө мыкты роль жаратып, «Оскар» сыйлыгынын ээлерине айланган Шарлиз Терон, Антонио Бандерас, Дэвид Духовны өңдүү жылдыздар да бул жолду басып өтүшкөн экен. Булар да бир кезде камера алдында жылаңачтанып, төшөктө мыкты өнөктөштүн ролун жаратууга үлгүрүшкөн.
  • Орусия ырчысы Никита Малинин да сахнага карай жолду порнофильмге тартылуу менен баштаган. Атасы Александр Малинин: “Бардык эле жаңы чыгып келаткан жаш ырчылар “Плейбойго” же эротикалык порносүрөттөргө тартылуу аркылуу популярдуулукка жетишет”,- деп маалымдаган.


Алигидот

ҮЧ СПЕРМАНЫН ТАЛКУУСУ

Бир сперма шуулдап келе жатып:
– Менден чыйрак бала туулат,- дейт.
Анда экинчи сперма аны желкеден алып токтотуп:
– Мен турганда сага эмне жок!- дейт кү­пүлдөп.
– Во-о, көрөсүңөр, менден балбан бала жаралат,- дейт, илмийген үчүнчү сперма.
Экөө аны шылдыңдап күлүшөт. Аңгыча ал:
– Достор, өлдүк. Презервативге кирип бараткан турбайбызбы!- дейт бакырып. Алдыдагы экөө дароо артка бурулуп, шуу коюшат.
– Эх-хе, шашкан шайтандын иши. Менден итирейген, бирок куу бала төрөлөт,- деп каткырган боюнча жетчү жерине жетиптир.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
omurbek9393
2013-08-30 02:51:39
Бизде мындайлар жок деп ойлойм.
0
Bus
2014-05-21 17:03:46
omurbek9393, пустой дом корбодунбу?
0
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан