«Күндүзү кымыз, түнү кыз, күрүлдөгөн эр кыргыз» деген тамашалуу сөздүн төркүнүн ар кимибиз эле түшүнө бербесек керек. Ата-бабаларыбыз кымызга баглан козунун куйругун салдырып, ден соолукка пайдалуу күчала өңдүү дары чөптөрдү кошуп, кымызды кырааты менен ичишкен. Күчаланы ичкендердин айтымында, бул чөп денени күчтөндүрүп, эркектердин бел кубатын арттырат. Күчаланын таасири ушунчалык күчтүүбү? Азыр кимдер колдонушат? Баасы канча турат? Мына ушундай суроолор менен тиешелүү адамдарга суроо салып, жооп алдык.
Дүйшөнбек Чомо уулу, элдик табып: «КҮЧАЛАНЫ АШЫГЫ МЕНЕН ИЧКЕН АДАМ ТЫРЫШЫП КАЛАТ»– Күчала эркек жана ургаачы болуп эки түргө бөлүнөт. Ургаачысы көбүнчө Жалал-Абад облусундагы капчыгайлардагы жыш токойлуу жерлерде өсөт. Жердин шартына жараша шагылдуу жерде өскөндөрү майда, ал эми кара топурактуу жерлерде өскөнү чоңураак болот. Сабагы жалгыз аяк же эки аяктуу, түбү картошкадай, гүлүнүн өңү мала кызыл.
Ал эми эркеги бийик кыркалуу тоолордо, бөксө, бадалсыз, чөбү тайкы чыккан бел-аңыздарда өсөт. Кыргызстанда көбүнчө Ош, Баткен облустарында кездешет. Мунун да сабагы жалгыз аяк, гүлүнүн өңү кочкул кызыл. Эркек күчаланын гүлү караңгыда күйөт. Ал эми ургаачысыныкы күйбөйт.
Дарылыгы тууралуу айта турган болсок, бийик тоолордо өскөн эркек күчала адамдын жалпы органдарын, сөөктү, белди, муундарды бекемдейт. Мындан тышкары иммунитетти көтөрөт, эркектердин бел суусунун кубатын арттырат. Ал эми ургаачысында андай касиет жок. Муну тиш оору, баш оору сыяктуу жеңил-желпи ооруларга ичишет.
Күчаланы сүткө ачытып (ал сүттү да жалаң өзүн эмес, бир аз суу кошуу керек), 3, 7, 9 күн чеги менен ичиш керек. Бул өтө уу болот. Ашыкча ичип ууланган адам куспайт, териси, тарамышы тырышып калат. «Күчала ичип тырышып калыптыр» деген сөздөр да бар. Илгери балбан күрөшкө же эр эңиштерге чыгар алдында атаандашына карышкырдын тарамышына күчаланы ачытып беришкенде балбандар тырышып калып, бир канча күн алдан тайып жүрүшкөн. Андан кийин адамды өзүнө келтирүү өтө кыйын болгон.
Адамдын организми ар башка да. Мисалы, мен бейтаптарымдын иммунитетин көтөрүү максатында кээ бирлерине күчаланы бычак менен кырып, бир аз эле ичирем. Айрымдарына бул да ашыкча болуп, тырышып калган учурлар кездешкен. Ошон үчүн аздан ичирип, организмине жараша акырындан көбөйтүү кажет. Илгери ата-бабаларыбыз муну 70 жаштан жогорулаганда омурткаларын бекемдеш үчүн, тукумсуздук абалынан чыгуу үчүн кымызга ачытып ичишкен. Азыркы күндө деле муну колдонгондор бар. 2008-жылкы Бээжиндеги Олимпиада болор алдында, атын атабай эле коёюн, биздин белгилүү эле спортчу жигиттер «күчала күч берет деп уктук» деп мага кайрылышты. Аларга «абайлап, чеги менен ичкиле» деп бергем, жыйынтыгында ошолордун эки-үчөөсү ийгиликке жетишкен. Алар күчала жардам бергенин кийин айтышты.
Жанар Алгожоева, дары чөптөрдү сатуучу: «КҮЧАЛА ЭРКЕКТЕРДИН БЕЛ КУБАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ»– Атам чабан болгондуктан дары чөптөрдү эрте тааныдым. Кайсы чөп кайсы ооруга пайдалуу экендигин чөптөрдү билген адамдардан үйрөндүм. Кийин өзүм дары чөптөрдү терип сата баштадым. Бул тармакта иштеп баштаганыма 19 жыл болду.
Күчаланы эрте жазда жалбырагы чыга электе же гүлдөп бышкан учурунда казып алып колдонсо дарылык касиети жогору болот. Бул чөптү 12 жаштан жогору курактагылар пайдаланышы керек. Ал ашказандагы жараны, омурткадагы грыжаны айыктырат, төрөбөгөн аялдар колдонсо да натыйжалуу жыйынтык берет. Ченеминен ашык колдонуу ден соолукка зыян. Ошондуктан аны элдик дарыгерлердин көрсөтмөсү менен пайдалануу абзел.
Күчаланы курсакты тойгузуп, күчтүү тамак менен ичүү сунушталат. Ата-бабаларыбыз бир литр кымызга 7 баш күчаланы салып, 7 күн караңгы жерге коюп, ал даяр болгондо күчтүү тамактар менен колдонушкан. Жөнөкөй ыкмасы, жүгөрүнүн данындай күкүмүн майдалап, жылуу суу менен ичишкен. Кийинки убактарда аны аракка кошуп, 21 күн караңгы жерде сактап, дары катары колдонуп келишет.
Бизде күчаланын эки түрү сатылат. Кыргызстандыкы жана кытайдыкы. Өлкөбүздө өскөн күчаланын көлөмү кытайдыкынан чоң, баасы да кымбатыраак. Ага суроо-талап жогору. Бир даанасы 100 сом болсо, кытайдыкы 10 сом.
Азыркы күндө деле күчаланы ичкен жаштар аз эмес. Алардын бири ФАРХАТ СУБАНБЕКОВ буларга токтолду:– Бир дарыгердин кеңеши менен күчаланы кымызга чылап ичип жүрдүм. «Ашыкча ичсе адам ууланып өлүп калышы мүмкүн» деп уккам. Даамы кадимки эрмендикине окшош ачуу болот. Бирок аты айтып тургандай чындап эле адамга күч-кубат берет экен. Мисалы, мен ичкен соң уйкум качып, чуркагым же жумуш жасагым келет. Күчала ичип иштесең чарчоо эмне экенин унутуп каласың. Иммунитетти да көтөрөт.
Эскертүү! Күчала уулуу болгондуктан, өз алдынча ичүүгө болбойт! Көп жылдан бери дары чөптөр менен алектенген, тажрыйбалуу, өзүнө ишенген табыптардын көзөмөлүндө гана колдонуу керек.
Асхат Субанбеков,
Султан Төрөбеков
koom@super.kg