Шоу-бизнес дүйнөсү
Окурман, алакан кызыта кол чаап, жыргап эс алгыңыз келгендир. Анда 8-ноябрда Спорт Ордосунда өтчү “Тумар” радиосу менен “Ecarecords” студиясы биргеликте уюштурган баасы 200 сомдон болгон “Super star” концертине келиңиз. Концертти эстрадабыздын белгилүү ырчылары менен чимирилте бийлеген бийчилери коштойт. Ар кандай оюн-зоок, ыр-бийге бай концертте сиз шоу-бизнестин дагы бир жаңы ысымын тандайсыз. Балким, сиздин добушуңуз чечүүчүдүр. Андыктан таланттардын мыктысын тандап алыңыз.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Super star” долбоору Ысык-Көл, Ош, Бишкек аймагынан таланттуу, ырга-бийге шыктуу кыз-жигиттерди тандап алган эле. Сынактан өткөн жаштарды белгилүү ырчылар бөлүп алышып, өз-өзүнчө команда түзүшкөн. Өткөн саныбызда Айжан, Ильяз, Султандын командалары менен тааныштырганбыз. Бүгүнкү саныбызда Урмат, Бактыгүл, Айдин Шердин командалары жана долбоор жөнүндө сөз кылабыз.
Айдин Шер: «SUPER STAR» АРКЫЛУУ ӨЗҮМ ДА САБАК АЛДЫМ»– Долбоор мага абдан жакты. Командаларга жетекчи болгон ырчылардын ичинен эң кенжеси менмин. Албетте, менден улуу ырчы байке-эжелеримдин катарында бир аз тажрыйбам аз болушу мүмкүн. Ошого карабай, командам менен концертке кызуу даярданып жатабыз. Чындыгында, бул долбоор мага деле чоң сабак болду деп ойлойм. Биздин командадагылар энергиялуу, таланттуу, бий десе бийчи, үн десе үнү бар жаштар. Азис аттуу жигит сыбызгыны сыздатат. Атайын ыр жаздырып даярдадык. Экинчи номерде мен алар менен биргеликте өзүмдүн репертуарымдагы “Махабат – өмүр көркү” аттуу ырымды ырдаймын. Кыскасы,
замандаш, мукамдуу ырлар коштойт, бийлер коштойт бул концертти. Келип көңүл ачып, жаңы ысымды тандаңыз.
Айдин Шердин командасы: «АРАКЕТ КЫЛСАК – БЕРЕКЕТ»
– Айдин Шер биздин бир тууган агабыздай болуп калды. Сыртынан көрүп, абдан бой көтөргөн ырчы дечүбүз. Көрсө, Айдин жөнөкөй, шайыр жигит экен. Сахнага кантип келип калганынан баштап, алгачкы сүйүүсү, окуучулук кези тууралуу айтып берди. Анан да машинасына салып алып, бир ыр жаздырганга алпарса, бирде бий үйрөткөнгө алпарып болгон күч-аракетин жумшап жатат. “Аракет кылсаң – берекет” дегендей, биз аны уят кылбайбыз деп турабыз. Бизди сүйүндүргөн дагы бир нерсе, Айдин Шер мындан ары да жардам берип турарын айткандыгы болду.
Урматтын командасы: «SUPER STAR» ШОУ-БИЗНЕСТИН ТОЗОГУН КӨРСӨТПӨЙ, БЕЙИШКЕ АЛПАРАТ»
– Негизи эле бул долбоорду уюштургандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз ич ара “Super star” шоу-бизнестин тозогун көрсөтпөй, бейишке алпарат деп ишенүүдөбүз. Ошондуктан жетекчибиз Урмат Усенов менен биргеликте концертке катуу даярданып жатабыз. “Non stop” аттуу сөзү Урмат Усеновго таандык ыр жаздырдык. Ал эми калган кызыктын баарына концертте күбө болосуздар.
Бактыгүл Бадыева: «SUPER STAR» – ЖАШ ТАЛАНТТАРГА КОЛДОО КӨРСӨТӨТ»– “Super star” – жаш таланттарга колдоо көрсөтүүчү мыкты долбоор. Негизи эле бул долбоор сахнаны дегдеп,
бирок чыга албай жүргөн жаштарга кенен жолду көрсөтүп берет. Мындай иш-аракетти дайыма колдой бермекчимин. 8-ноябрда өтчү концертке командам менен ыр жаздырып, кийим тиктирип дегендей, даярдык көрүп жүргөн чагыбыз. Менде сырткы сулуулугу менен ички сулуулугу ширелишкен, жөнөкөй, тапкыч, элпек таланттуулар бар. Алар менен бат эле тил табышып кеттим. Калганы концертке чейин сыр боюнча калып турсун.
Бактыгүлдүн командасы: «БИРӨӨ БААРЫ ҮЧҮН, БААРЫ БИРӨӨ ҮЧҮН»
– Биздин командада эч кандай атаандаштык жок. Ошондуктан биздин урааныбыз – бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн. Учурдан пайдаланып, жетекчибиз Бактыгүл Бадыевага жана долбоор уюштуруучулары Алексей менен Эрнистке чоң ыраазычылык билдиребиз. Ылайым, баштаган иштери алдыга жыла берсин. Заманбап бийди жана мыкты ырды даярдап койгонбуз. Мунун баарын концерттен көрө аласыздар.
«SUPER STAR» ТУУРАЛУУ ШОУ-БИЗНЕС ӨКҮЛДӨРҮ ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Динара Эсенгулова, продюсер:
– Шоу-дүйнө деген жаңыланып турушу керек. Ошон үчүн ушундай долбоорлор көп болсо жакшы болмок. Долбоорго кастинг жүргүзүлүп жатканда Айдин Шер калыстар тобунда болгондуктан, мен да барып көз салып калганым бар. Анан, албетте, Айдин Шердин командасы жеңишке жетишин каалайт элем. Башкаларга да ийгилик!
Канат Култаев, продюсер:
– Аталган долбоор шоу-бизнеске керектүү. Финалга чыккан жаштардын арасынан таланттуусу жеңип чыгып, эстрададан өз ордун тапса деген тилектебиз. Сахнага алгачкы кадам таштаган жаштардан өзгөчөлөнгөн жаңычылдыкты күтөм. “Устаттан шакирт озот” деп коёт эмеспи. Мүмкүн жаш аткаруучулардын арасында устатынан озуп кетчүлөрү бардыр. Эми муну убакыт көргөзөт.
Гүлнур Сатылганова, ырчы:
– Мен бул долбоор тууралуу абдан жакшы пикирдемин. Анткени долбоордун калыстар тобунун мүчөсү болуп келем. Негизи эле кыргыз эли таланттарга бай эмеспизби. Мына ошондой жаш таланттар бул долбоордо да бар экенине күбө болгом. Угушумча азыр абдан кызуу даярданып жатышыптыр. Кудай буюрса, сиздер менен концертте жолугушабыз.
Бурул Исмаилова
star@super.kg