«КЕМСИНИП, КЫЗДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨ АЛБАЙМ»

– Жашым 35те. Бул куракка келип калсам да алигиче үйлөнө элекмин. Ага себеп – бир колумдун майыптыгы. Мындан 20 жыл мурун кокустуктан майып кылып алгам. Кыздар менен тил табышып сүйлөшө албайм. Убагында 2 кыз «майып» деп чанып кеткен. Ошондон тарта мен үчүн кыздар менен таанышуу, сүйлөшүү азапка айланды. Таанышсам да жолугушууга чакыра албай кыйналам. Чалган коңгуроомо жооп бербесе же «бошобой калдым» десе, «майып деп чанып жатат го» деген ой келет. Жиним келип телефон номерлерин дароо өчүрүп салам, кайра чалбайм. Эми кантип үй-бүлө күтүп, эл катары жашайм деп ойлонуп, сиздерден кеңеш сурап жатам.
Темирбек, 35 жашта, Ош
– Сиз «майыпмын» деп чөкпөңүз. Анткени гезит-журнал, интернеттерден бир колу эмес, эки бутунан айрылган адамдар деле үй-бүлө куруп, бактылуу жашап жаткандарын көрүп, окуп жүрөбүз. Андан көрө мүнөзүңүздүн жакшы жактарын, колдон келчү өнөрлөрүңүздү өркүндөтүп, ошолорго басым жасашыңыз кажет. Тартынчаактыкты жыйыштырып, өзүңүзгө болгон ишенимди күчөтүңүз. Буга өзүңүздүн алыңыз жетпей жатса, психологдорго барып, жекече кеңеш алып, тренингдерге катышыңыз.
Адам өзүнө болгон баасын жогорулатып, жакшы сапаттарын өстүрүп, жаман адаттарынан кутулуп, көп ийгиликтерге жетсе болорун эске тутуңуз. Менимче, кыздардын бардыгы сизди чанган жок. Өзүңүз эле алардын ордуна чечим чыгарып жаткандай туюласыз. Телефон чалууңузга жооп бербесе, балким, колу бошобой же болбосо өздөрүнүн көйгөйлөрү менен алаксып жаткандыр. Сиз анык себептерин билмейинче жыйынтык чыгарбашыңыз керек. Андан көрө айымдарга жагынуунун, аларды каратуунун сырларын өздөштүрүңүз. Бул тууралуу атайын курстар бар, ошолорго жазылыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз,
бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
колум майып деп озунду кемсинтпе да сенден жамандар уй було кутуп жашап жатышпайбы
Менин келинчегим эпилепсия менен ооруп озун эч кимге керексизмин деп кемсинтип, жашоого кызыгы жоктой эле. Экообуз турмуш куруп, кыздуу болдук азыр деле ооруйт кээде ооруса карап, тушунуп эле жашап келетам, сизгеда жолугат тушунгон жар, аракет кылыныз.
Жараткан алла таалам, ар инсанга ар кандай сыноо берет экен. Бирин майып, бирин оорулуу дагы бирин жалгыз кылып жаратыптыр, сыноого сынып калбай аракет кылсак, берекет болот албетте жараткан алла таалам мээримдуу.
Билбеген адамга оной корунушу мумкун. Антип комплекстер менен жашоо чынында кыйын.Дуйнодо 7 миллиард адам бар. Эки кыз майынсын деп кемсинткен болсо калган кыздар менен суйлошуп корунуз. Менде дагы комплекстер бар. Ашыкча килограмм. Бир кыз менен суйлошуп калып, кайра кайра айта берип мен да комплексовать этип баштагам. Ойлоп корсом колумдан жумуш келет, айына $4000-5000 табат экенмин. Шаарда уй жай, машинем бар. Кызды алмаштырдым, баш оорудан да кутулдум. Лишний килограммдар деле озу эле кетти
burger, брат Аллахтын суйуктуу пенделери экенсинер молодцы!!!
Эээ брат кыжаалат боло бербе да.Кааарыган чалдардан караганда жапжаш жигитсинго болгонун болгондой айтып эле суйлошо бер эмнеси бар экен анын
Kudaydin buyurgani da ozundu kemsintpey aldyga umtuluu k.k. butu kolu aman birok akyly az bolgondor dele jawap juruwpoybu
эч чокпонуз!!!!!!!!! Кудааай деп баштаныз! жакшы болот буйруса!
Baarynyn komentine kowulam. azamatsingar!))) Kolundu senden murun beyiwke jonotuptur degrn eken paygambaribiz sav bir sahabaga...
Чындыгында сиз айткандай жагымсыз создорду угуу кыйын. Аны жене билиниз эч кадамынызды артка таштабаныз сиз озунунузго ишениниз кудайым сизди ушундай абалга салса анда сизге деген жакшы жагдай кубанчуу кундорду да аябагандыр. Ошондуктан оз тенинизди табууга аракет квлыныз ишениниз сизди тушунгон ушул жагдайдан алып чыга турган адам бар экендигине. Сизге ийгилик каалайм.
чынында бул адам озу эле чечи чыгарып жаман ойлоп, кыздар менен суйлошпой койот экен,бул адам андай ойлордон алыстап ,жаны жашоого умтулушу керек,мисалы:менин жигитимдин тандайы жок торолуп калган,суйлогон созуно эчким тушуно албачу жана жакшы укпай кетчумун, алда бул адамдай жаман ойлоп журчу,кокустан аны менен танышып мамилебиз жакшы болуп кетти,азыр ал башкача адам болуп калды,ал мурдакыдай адам эмес жана алдына койгон максаттары абдан коп , 2015 жылы кудай буюрса баш кошолу деп жатабыз!
доке такыр чокпо кыз кулагы жигит козу мн суйот дейт анысы кандай создон жакшы болсон эле озуно жаккан кызды аласын. Кыргыздын кыздары чанбайт аткени ыймандуу келет
Салам аке. Азыр статистика боюнча да кыргызстанда кыз бир аз коп эркектерге караганда. Бул созду айтканымдын себеби, кыздарды тандап тандап уйлонсонуз болот. Сиз озунузду эч кемсинтпениз.
salam baike siz antip ozunuzdu kemsitpeniz bilesizbi ar bir adam ozun suluu seziwet sizda owondoi oilonuwunuz kerek tuwungon kyzdar kop kaisy kyz menen taanywsanyz da baaryn a4yk aitynyz
suiuu bul suigondun wartyna konuu degen sozdu emi tuwundum sizdi da biroo suiso sizdin baardyk warttarynyzga 4ydait
№ 613, 01-август-07-август, 2014-ж