– Жолдошум менен Москвада жүргөндө таанышып, баш кошком. Азыр деле ушул шаарда иштеп, жашайбыз. Бир кызыбыз бар, аны кичинесинен бери кайненем багып жатат. Кайын журтум башынан эле бизге «үй салып бересиңер» деген шартын коюшкан. Жолдошумдун үйүнө бара элегине 7 жылдын жүзү болду. Келгенден бери «үй салып алышсын» деп тапканыбыздын баарын ата-энесине сала берип, азыр өзүбүздүн топтогон акчабыз да, дүнүйөбүз да жок. Же алар үй салышкан жок. Ушунун баары күйөөмө катуу таасир тийгизип, кийинки кезде көп ичип баратат. Ичкиликти таштатайын деп бардык аракетимди жасадым, эч майнап чыкпай жатат. Сиздерден кеңеш күтөм.
Сахида, 33 жашта, Москва
– Сахида, жолдошуңуз ичкиликти депрессияда жүргөндүктөн ичип жатат. Анткени мас болуу адамды убактылуу реалдуу жашоодон алыстатат. Күйөөңүз «Айылга акчасыз барсак, үйдөгүлөрдүн бетин кантип карайбыз?» деп уялат. Чынында сиздер иштеп, ай сайын аларга акча салгансыздар, андыктан уялуунун кереги жок.
Кандай кырдаал болбосун, андан чыгуунун жолу бар. Сиздерге суроо, эгер айылдагылар 7 жыл ичинде үй салышпаса, мындан ары да аларга акча салуунун кажети барбы? Ойлонуп көрүңүздөр. Анткени акчанын баркын иштеп тапкан адам гана билет. Мындан ары акчаны өзүңүздөр чогултуп, ага үй салсаңыздар болбойбу? Анан да кызыңызды өзүңүздөргө алсаңыздар жакшы болмок, ал силердин сүйүүнү, мээримди билип чоңоёт эле. Балага ата-энеден артык эч ким кам көрө албайт. Акыркы чечимди экөөңүздөр ойлонуп, кабыл алууңуздар кажет.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз,
бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.