ЫСЫК МЕГАЖАЙ АКЦИЯСЫ

MegaCom уюлдук оператору Ысык-Көлгө эс алганы келгендер үчүн көңүл көтөрүүчү иш-чараларды өткөрүүдө. 26-июлдан 23-августка чейин ар ишемби күнү «МегаЖАЙ» ажайып акциясы пансионаттардын жээктеринде болуп турат. Эс алуучулар MegaCom тартуулаган көңүлдүү оюн-зоок, кызыктуу сынактар, күтүүсүз белектер менен коштолгон жагымдуу көз ирмемдерге ортоктош болушууда.
Алгачкы «МегаЖАЙ» акциясы «Золотые пески» эс алуу жайынын жээгинде болуп, эс алып жаткандар үчүн ишемби күн өзгөчө болду. Алып баруучулар жээктеги бий аянтчасында чийки жумурткалардын, ооз боёгучтардын, аркан жиптердин жана башка буюмдардын жардамы менен түрдүү интерактивдүү сынактарды жана мурда болуп көрбөгөндөй мелдештерди уюштуруп, шамдагайлыгын жана тайманбастыгын көрсөтө алгандарга түрдүү байгелерди тартуулап жатышты.

ЖЫЛДЫЗ МАМЫТОВА, Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси:
– MegaCom компаниясы ар түрдүү шаңдуу оюндарды өткөрүү менен кыргыз берметинин жээгиндеги бардык эс алуучуларга майрамдык жагымдуу маанай белекке тартуулайт. Ал эми Ысык-Көл облусун толук каптаган, оператордун жогорку ылдамдыктагы 3,75G мобилдик интернети, тартылган шайыр видео же жүрөктү жылыткан күн батуусунун сүрөтү менен ыкчам бөлүшүүгө шарт түзөт.
Эң активдүү катышуучуларга MegaCom компаниясы кол чатырларды, футболкаларды, кепкаларды, трансформер-баштыктарды, кол чырактарды жана башка белектерди тапшырды. Баш байге IPhone 5S заманбап телефонунун ээси, Бишкек шаарынын тургуну Айзада Женалиева өз кубанычы менен мындайча бөлүшө кетти:
– Чынын айтсам, мындай баалуу байгени утуп алуу мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. 6 жылдан бери MegaCom компаниясынын байланыш кызматтарынан колдонуп келем жана сүйүктүү операторума мага тартуулаган унутулгус жайы үчүн ыраазычылык билдирмекчимин.
«МегаЖАЙ» акциясынын экинчи ишембиси 2-августта «Каприз» эс алуу борборунун жээгинде уланып, эс алуучулардын демине дем кошуп, жакшы маанай тартууланды. Алыстан келген артисттер чогулгандарга куба бийлерин жана шайыр ырларды тартуулап, бардык эс алуучулар үчүн эстен кеткис ишемби болду.

Серик, Казакстандан келген эс алуучу:
– Биз досторубуз менен алгачкы жолу Ысык-Көлгө эс алганы келгенбиз. Бардыгы ойдогудай өтүп жатат, тоого чыктык, кеме менен көлдө сүздүк. Суктанып бүтө электе күтүлбөгөн жерден жергиликтүү MegaCom уюлдук оператору жээкке келип, бизге мыкты маанай тартуулады. Ыр, бий, кызыктуу жана көңүлдү көтөргөн ар түрдүү сынактар сонун өттү. Туризмди өнүктүрүү үчүн ушул өңдүү иш-чаралардын уюштурулуп турганы жакшы, туристтер үчүн керек деп ойлойм. Андыктан уюлдук операторго ыраазычылык билдирем.
Шайыр мүнөз алып баруучулардын «Каприз» эс алуу борборунун кум жээгинде өткөргөн сынагында эс алуучулардын бири Каныкей Абдувалиева акцияда негизги байге болгон IPhone 5S заманбап телефонун утуп алды.
«МегаЖАЙ» акциясына катышкандар ал жактан өзүн же досторун уюлдук телефонго сүрөткө тартып, интернет түйүнүндөгү Facebook жана Instagram социалдык тармактарына жүктөп, белектерге ээ болушууда. Ал үчүн социалдык тармакка жүктөлгөн сүрөт башкалардыкынан көп «жактыруу» топтоосу керек.
Алдыда «МегаЖАЙ» акциясынын дагы үч ишембиси калды. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, кызыктын баары алдыда. MegaCom`дон мыкты белектер жана жээктеги оюн-зоок программалар эс алуучуларга тартууланат.
«МегаЖАЙ» акциясы абоненттерди оператор менен келишим түзүүгө тартууга, жаңыланган «Эл аралык» тарифтик планын жана жакындар, достор менен дайым байланышта болууга шарт түзгөн, бардык мобилдик түзмөктөр үчүн атайын иштелип чыккан «DEVICE» өзгөчө тарифтик планын жайылтууга багытталган. MegaCom`дун
жогорку ылдамдыктагы 3,75G мобилдик интернети Ысык-Көл облусунун жалпы аймагын каптап келет.




Жумгал Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан