Токон Эшпаев, КРнын Эл артисти: «МЕН ӨЛҮП КАЛСАМ ЭСТЕЙ ЖҮРГҮЛӨ»

«Бүгүн бар да эртең жок, ушундай тура дүнүйө» деген кеп бар эмеспи. Кечээ эле кыякта кол ойнотуп, шаңшыган үнү менен керемет обондорду созгон ырчы Токон Эшпаев арабыздан узап кетти.

КЕРМЕ-ТООНУН КУЛУНУ, АЛА-ТООНУН БУЛБУЛУ ЭЛЕ
Токон Эшпаев 1950-жылы 21-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси башка уулдары чарчап калгандыктан, ырым кылып атын Токтомамат деп коюшат. Кийин Токон болуп кыскарып кеткен экен. Балалыгы тууралуу бизге берген маегинде төмөндөгүдөй айтып берген эле: «Жалгыз уул болгонумдан улам ата-энем көзүмдүн кареги менен тең айланып, аярлап өстүрүштү. Эсимде, фестивалга катышып, республикалыкка жолдомо утуп алганымда коркуп, мени жөнөтпөй коюшкан. Баары эркелетип жүрүшүп, Токтомамат атым Токон болуп калган».
Жоош, мүнөзү жумшак Токонду көөдөндөгү угуту тынч койбой, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетине алып келет. Студент кезинде «Ай, эжеке» (ырдын текстин 21-беттен таба аласыздар) деген ыры менен таанылган экен. 1992-жылы Эмгек сиңирген артист наамына, 2011-жылы Эл артисти деген наамга татыган. Токон Эшпаевдин «Жаштык», «Кызыл желек», «Ай, эжеке», «Атама», «Актилек», «Чаткалым», «Ак көйнөкчөн аппак кыз» өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.
1970-жылы Иноват Камбаралиева менен баш кошуп, 44 жыл чогуу түтүн булатышып 5 бала, 14 неберелүү болушкан.

«АЙ, ЭЖЕКЕ» ЫРЫ КАЙСЫ АКТРИСАГА АРНАЛГАН?
Токон Эшпаев өз башынан өткөргөн махабатын ырга салган экен. Бул тууралуу көзү тирүүсүндө бизге айтып берген эле. Анда атактуунун махабаты тууралуу баянды окуңуз.
– 1969-жылы борбордон Кыргыз академиялык драма театрынын бригадасы Ошко келди. Даркүл Күйүкова жетектеген бригадага аккордеончу катары кошулуп калдым. Жамал Сейдакматова, Жаркын Балыкбаева, Болот Шалтаев баары бар болчу. Автобус менен барып жетекчиси менен сүйлөшкөнү Даркүл эже кирип кетти. Биз мээ кайнаткан ысыкта автобуста күтүп отурабыз. Артисттер автобустан түшүп, бактагы роза гүлүнөн үзүп келишип отуруп калышты. Карасам, баарынын колунда гүл бар. Жанымда бара жаткан эженин колундагы үч гүлүнө көңүлүм түшүп, «гүлүңүздүн бирөөсүн бериңизчи» десем, «эмнеге берет экенмин, бербейм» деп кагып койду. Кыздарга сүйлөбөгөн жаным кызарып жаман болдум. Жанындагы эже «жаш баланы сумсайтпай, берип коё берсең эмне» десе, тиги эжекем атайлап мага угуза, «керек болсо ал мага берсин» деди. Автобус бир жерге барып токтоду, аңгыча шамал башталып калды. Мен аккордеонумду желкеме асып алып жерге түшүп кеттим. Карап турсам баягы эже гүлүн колуна кармап алып автобустан түшүп келе жатат. Бир убакта шамал көйнөгүн жогору көтөрүп жиберсе болобу? Ал этегин жабам деди эле, гүлүнүн жалбырактары күүлүп түшүп калды. Менин моокумум канып, бактын ичине барып алып «Ай, эжеке» ырымды жаздым, аз өтпөй обонун жараттым. Мага гүлүн бербей койгон эже актриса Жаркын Балыкбаева болчу. Тагдыр экен, кийин агам Эрмек Мойдуновго турмушка чыгып, бизге жеңе болуп калды. Кийин бул ырым бат эле элге тарап кетти.

Ырчыны далай ирет ыйлатып, гүл сураса бербей койгон КРнын Эмгек сиңирген артисти ЖАРКЫН БАЛЫКБАЕВА буларды айтып берди:
– 1969-жылы Ошко баргандан кийин арабызга Токон Эшпаев деген кыяк ойногон жигит кошулду. Ошту кыдырып концерт берип баштадык. Эмнегедир мени көргөндө Токон бурчка туруп алып эле «эже» деп ыйлай берчү болду. Мен эмнеге ыйлаганын такыр түшүнбөйм.
Бир жолу колхозго концерт коюп барып калдык. Бакта жайнаган гүлдөр өсүп туруптур. Бакчаны иреттеп жаткан аксакал менин гүлдөргө кызыгып карап турганымды көрүп, бир кучак гүл карматты. Көтөрүп алып автобуска кирсем, Токон биринчи катарда отуруптур. Колумдагы гүлдү көрүп, «ай, эжеке, гүлүңүздөн бериңизчи» деп сурады эле, «сага берчү гүлүм жок» деп кагып салдым. Бир аз жол жүргөндөн кийин автобус токтоп калды эле, ал томсоргон боюнча жерге түшүп кетти. Бир-эки саат өттү, келген жок. Артынан барган артисттердин бири келип, «сен кызык экенсиң, жаш баланын шагын сындырбай гүлүңдөн берип койбойт белең. Токон тигил жакта ыйлап жатат» деди. Бир маалда «9 куплет ыр жазып келдим» деп автобуска кирип келди. Жазса жазган чыгар деп маани деле берген эмесмин.
Ал учурда Токон 17 жашта болсо керек эле. Гастроль бүткөндөн кийин мени алып калам деп ата-энесине айтып, даярданып алышыптыр. Биз Фрунзеге келгенден кийин артыбыздан бул жакка келди. Ата-энем Сокулук районунун Жыламыш айылында турчу. Үйгө келип, «мен кино тартып жүрөм» деп бир жума жүрүп алды. Мен «кет» дейм, ал болсо «сизди алып кетем» деп болбойт. Урушуп араң кетирдим. Аз өтпөй эле «Ай, эжеке» деген ырына обон жазып ырдап чыкты. Гезиттердин бирине ырдын таржымалы тууралуу жазылды. Жазган журналистти менин жолдошум Эрмек Мойдунов «эмнеге жазасың?» деп урушуп кууп, бир топ кызык болгонбуз.
Мындан 2-3 жыл мурун Ысык-Көлгө үй-бүлөбүз менен чогуу эс алганы барып калдык. Эл айланып курчап калган. Келген адамдарга «Ай, эжекени» Жаркын эжеме арнап жазгам» деп кайра-кайра кайталап, бир жарым саат токтолбой ырдап туруп алды. Өлөрүнүн алдында мага телефон чалып, жеңе дегиси келбей эжелеп ооруканада жаткандыгын айткан болчу.
Кийин телефондон «Жаркын эже, мурун ыйлай бергенимдин себебин түшүнбөсөңүз керек. Мен сизди сүйүп жүргөнүмдү кантип түшүндүрөрүмдү билбей ыйлачумун» деп тамашалап күлдү эле. Ажалга арга жок экен, арабыздан узап кетти. Жаткан жери жайлуу болсун!Чыгармачылыкта үзөңгүлөш болуп бирге жүргөн сахналаштары жана жакындары Токон Эшпаев тууралуу эстегенде терең үшкүрүп, жашып турушту.

Акмаанай Эшпаева, кызы: «АТАМДЫН АЛДЫНА КОЙГОН МАКСАТТАРЫ АТКАРЫЛБАЙ КАЛДЫ»
– 21-июлда атамдын туулган күнүн белгилегенбиз. Эки-үч күндөн кийин эле шишип баштап, 30-июль күнү ооруканага жатып калды. Атам боордун рагы менен ооруп жүрчү. Ооруканада жылыш болгон жок. Дарыгердин айтымында, боору таптакыр катып калыптыр. Акыркы учурларда «ичкен тамагым сиңбейт же чыгып кетпейт» деп көп айтып жаткан. Күтүлбөстөн эле бир сааттын ичинде өтүп кетти. Атам алдына көп максаттарды койгон эле. Сентябрь айында Бишкекте чоң концерт коёлу деп даярданып жатканбыз.

 

 

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти: «МАДАНИЯТТЫН КАЙМАКТАРЫ ЧЕТИНЕН КЕТИП ЖАТАТ» ДЕП КЕЙИГЕН»
– Мен акыркы жолу өлөрүнөн бир күн мурун ооруканага барып, жанында бир жарым саат отуруп келгем. Маркум Жаныбек Алыкулов тууралуу сурап, маданияттын каймактары четинен кетип жаткандыгына кейиген. Мага «эгер мен өлүп калсам, мени эстей жүргүлө» деп айтты эле. Көрсө, Токон акем менен акыркы жолу сүйлөшкөнүм экен.




Абдылда Иманкулов, куудул: «МИТААМДЫК, АРАМЗАЛЫК, ИЧИ ТАРДЫГЫ ЖОК ЭЛЕ»
– Токон акемди узатуу зыйнатында келген элди көрүп жүрөгүм эзилип, ичим туз куйгандай ачышып турат. Президент, премьер-министр, төрага үчөөнү түшүнсө болот. Жумушу чыгып бошой албай жаткан чыгар. Башкалары маркум жөнүндө жакшы сөз айтып койсо болбойт беле. Эгерде чоң кызматы бар, бийликтеги бирөө каза болчу болсо, 120 депутат, 7 губернатор, министрлердин баары бул жерде жүрүшмөк. Токон Эшпаевдин кадыр-баркын, чыгармачылыгын мен айтпасам да кыргыз эли билет. Мен бир гана нерсени айткым келет, ага-ини, туугандардын арасында айтылбаган сырларды Током экөөбүз гана бөлүшчүбүз. Токон акемде митаамдык, арамзалык, ичи тардык жок болчу.

 


Токон Эшпаевдин сөөгү 3-августта өзү туулуп-өскөн Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында жерге берилди.

21-июль күнү «Супер-Инфо» гезитинин жамааты Токон Эшпаевдин үйүнө жарамазан айтып барганыбызда, 65-туулган күнүн белгилеп жаткан экен. Ала-Тоого амандык тилеп, агынан жарылып батасын берген эле.

Уулбү Каныбекова,
Султан Төрөбеков,
Айсана Паизова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
kama_future_millioner
2014-08-11 21:07:06
Жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торкоолу болсун
+2
aiza.kyrgyzkyz
2014-08-12 06:17:15
Чындыгында эле Маданияттын каймактары агып биринин артынан бири кетип жатыптыр((( жаткан жери жайлуу болсун, жаны бейиштен орун алсын АМИИН
+1
Chon-Alai-kg0101
2014-08-12 09:35:41
Ыйманы салаамат болсун, жакшы инсан эле. Кыргыз эли учун Токон агайдын козу отуп кеткени абдан чон жоготуу болду.Кайталангыз талант эле.
+1
alhamdulillah
2014-08-12 11:44:13
Бугун барсан эртен жоксун деген ушуда
+1
papanstan
2014-08-12 11:52:08
Жайы жаннатан болсун
+1
Omur
2014-08-12 15:16:04
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакшы ырчы болчу
+1
muke.1971
2014-08-12 21:30:07
жаткан жери жайлуу болсун
+1
Narynbek
2014-08-12 21:51:51
Жаткан жери жайлуу,барган жери бейиш болсун!
+1
ainabaz82
2014-08-12 23:31:30
Откондо маданият кызматкерлери окмотко окуруп барышты эле ошондон кийин коп таланттуулардан кол жуудук. Кыргыз элимде бекеринен айтылган эмес да "ойноп суйлосон да ойлоп суйло деп"
-1
eltilek
2014-08-13 14:10:44
Эээх кыргызым дагы бир залкар инсанынан айрылып отурат,жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун....
+1
Manasemetei
2014-08-14 07:11:00
Yrlary tuboluk jawai beret biz menen
0
Aygul
2014-08-14 12:52:56
Жаткан жери жайлуу болсун! Топурагы торко болсун!
Жаны Жаннатта болсун!
Туугандарына Сабыр болсун!
0
rusana
2014-08-15 10:45:52
Жайы жаннатта болсун, топурагы торко болсун. Акманай Эшпаева жана башка уул кыздарына конул айтам. Кыргыздын ушундай алдынкы инсандары бул дуйнодон отуп кеткени бизге аябай оор жоготуу... Эмне кылабыз, куран окуп дуа кылабыз, жаркын элеси дайыма журогубуздо калат. Кыргыздын тарыхында чоон орунду ээлеп кала берет..
+1
Ayday2
2014-08-15 18:05:46
Лира эже, Токон агайдын узатуу зыйнатына барбаганыңыз абдан чеки иш болду, араңар узап кетсе да, ортоңордо кыз бар эле, адам бир өлөт, өткөн тагдырга көз жумуп, бир ууч топо салып койсоңуз,"аа эстүү зайып экен" деген атка конмоксуз
0
Mir94
2014-08-17 03:02:39
Жайы жаннаттан топурагы торкоо болсун.
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан