Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

“КУРБУМ ҮЙҮМДҮ ТАРТЫП АЛДЫ”

№366 6-12-ноябрь, 2009-ж.


“Эмнеге күндөн-күнгө бомждор көбөйүп баратат?” деген ой келеби сизге? Алардын арасында шылуундарга үйүн алдырып жиберип, көчөдө калгандар да болсо керек. Бүгүнкү биздин каарман Вера көчөдө калбаганы менен, жакын курбусу Светланага тамын тарттырып жиберген. Учурда эки жашар баласы бар жалгыз бой эне ата-энесиникинде жашап жатат.

ЧАЛМА
“Жүзүмдү элге көрсөтпөй эле койгулачы?” деп суранган Вера (аты өзгөртүлдү) редакцияга апасы менен келди. Ал Светлана аттуу аялга тааныштары аркылуу кабылган. Аны менен таанышканда эле жылдызы келишип, тил табышып кетет. Ошентип, эки айымдын сүйлөгөн сөзү, турмушка болгон көз карашы бир чыгып, жакын курбулардан болуп алышат. Светлана Верага өзүнүн “Жанат” деген фирмасы менен кошо көзү ачыктык касиети да бар экендигин айтат. Курбу катары жүргөн айымдын оюнда арамзаалык бар экенинен Вера шек санабайт. Курбусунун чалмасына кантип туш болгонун ал төмөндөгүчө баяндап берди:
– Светлана экөөбүз 2005-жылы тааныштык. Курбум көп эле учурда меникине келип түнөп кетчү. Жумуштан кеч келген учурларымда кээде тамак жасап койчу. Мен болсо жолдошум менен ажырашып кеткем. Эки жашар эркек балам бар. Аны апам карачу. Апамдын иши чыгып бир жакка кеткенде, баламды Светланага таштап кетер элем. 2007-жылы курбума чоң суммадагы акча керек болду. Ал: “Фирманын ишин жакшыртуу үчүн 25 000 доллар акча керек болуп жатат. Макул болсоң, квартираңды мага каттатып, анан аны күрөөгө коюп, акча алайын. Ошондо үйүң меники болуп калат да, жылдын аягында үйүң үчүн сага 50 000 доллар берейин”,- деп жалдырады. Ал чет жерге барып иштегиси келген адамдарга Астанадан жумуш таап берүү менен алектенчү. Мен ата-энем менен кеңешип, акыры жардам бермек болдум. Ошентип, балам экөөбүз квартирамды курбума бошотуп берип, ата-энемдикине көчүп кеттик.

УУРУСУ КҮЧ БОЛСО, ЭЭСИ ДООГО ЖЫГЫЛАТ
2007-жылдын март айында үйүн Светланага каттатып берген Вера ушул эле жылдын декабрь айында 50 000 долларды колуна алмай болот. Бул боюнча тил кат да жазылат. Акча кайтарылуучу убакыт өтүп баратканынан тынчсызданган Вера Светланага “акчаңа ыраазымын, үйүмдү кайтарып бер” дей баштайт. “Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” дегендей, Светлана ачык айтпаса да, Вераны коркуткандай мамиле жасайт.
– Үйдөн же акчадан жок отуруп калбайын деп чырылдаган жаным Светланадан кайра-кайра үйүмдү доолай баштадым. Ошондо ал: “Мен криминал менен да, милиция кызматкерлери менен да досмун. Жаш балаң бар, абайла, макулбу?!”- деп кекетти. Эмне болуп жатканын түшүнүп, эсимди жыйгыча банк үйүмдү Светланадан алып койду. Бул аралыкта Светлана өзүнүн квартирасын бир жумага күрөөгө коюп, Баймурат деген жигиттен 13 000 доллар карыз алган экен. Анын да акчасын белгиленген убакытта бере албай калат. Ошондо Баймурат квартираны тартып алып, башка бирөөгө сатып жиберет. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Светлана өз үйүн кайтарып алуу үчүн Баймуратты сотко берген. Светлананын үйү кайтарылса аны мага алып берсин деп, мен дагы сот­ко үчүнчү тарап катары кошулдум. Үйүмдү кайтарып алайын деп шаардык прокуратурага, финансы полициясына кайрылдым. Алар документтерди карап чыгып, “документтер баары жайында. Жарандык сотко кайрыл” деп кетирип жиберишти. Жарандык сотко кайрылгандан тарткынчыктоомдун себеби утулуп калышым мүмкүн. Анткени документтин баары чын эле жайында.
Свердлов РИИБинин тергөөчүлөрү болсо документтерди карап чыгып жакшы эле сүйлөшөт да, Светлана менен жолуккан соң анын сөзүн сүйлөп калышууда. Ушундан улам тергөөчүлөрдү алмаштырууга туура келди. Ошентип отуруп арыз жазганымдан бери иш боюнча баш-аягы төрт тергөөчү алмашты.


КАНТИП ҮЙДҮ КАЙТАРУУ КЕРЕК?
Бул маселе боюнча адвокат
Азамат Дүйшөнбаев мындай­ дейт:­
– Вера 2007-жылы март айында Светланага өзүнүн квартирасын каттатып берген экен. Юридикалык тил менен айтсам, бул нерсе бүтүм болуп айтылат. Ошол бүтүмдү Вера сот аркылуу жокко чыгара алса, квартирасын кайтарып алышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 197-беренесинде алдоонун, коркутуунун таасири астында эки тараптын ортосунда аргасыз түзүлгөн бүтүм болсо, жабырлануучуда экинчи жакка караганда кыйын шарт түзүлсө, арыздануучунун доосу боюнча бүтүм жараксыз деп табылышы мүмкүн.
“Криминал, милиция менен досмун” деген сөздөргө маани бербей, бир соттон утулуп калса, соттун кийинки инстанцияларына арыздана берүү керек. Андан сырткары, Веранын прокуратурага, каржы полициясына бул маселе боюнча кайрылганга укугу бар. Эгерде ошол органдар арызын кабыл албаса, анда эмне үчүн кабыл албай жаткандыктарын кагаз жүзүндө түшүндүрүп берүүлөрү абзел.
Ал эми Светлананын "Баймурат сатып жиберген үйгө ээлик кыла аламбы?" деген суроосуна келсек. Сот Светлананын арызын карап, аягына чыгаргандан кийин гана үчүнчү жак катары кошулган Веранын маселесине өтөт. Бул учурда Светлананын азыркыга чейин тил катта көрсөтүлгөн акчаны Верага бере электигин далилдөө чоң роль ойнойт.
Учурда мындай маселелер күн санап өсүүдө. Ошондон улам окурмандарга үй маселесинде этият мамиле кылгыла деп эскерте кетмекчимин.

Cүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
05.03.2010. 14:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
18-03-2009
Соӊку аракети:
01-05-2014 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Вот дебилы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: