Кесип
Ар бир кесип ардактуу дешет. А мен буга журналисттик кесип түйшүктүү деп кошумчалайт элем. Анын түйшүгүнө чыдаган адам гана асылын да көрө алат. Сизди түйшөлткөн, ойлонткон, балким, керектүү маалымат берген журналисттердин кесиби тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Эмесе сөз журналисттик кесиптин ырахаты, азабы тууралуу болмокчу.
КЕСИП ТУУРАЛУУ 5 ФАКТ
Журналист ким?
Эки барак ырын көтөрүп, журналист болом деп бизге көп жаштар келет. Эсиңизде болсун, журналисттин жашоосу сиз элестеткендей поэзия менен романтика эмес. Журналист болуу үчүн курч, тайманбас жүрөк, ыкчам ой жүгүртүү керек. Ошол ысыкка калып, суукка тоңуп алып келген маалыматты элге жеткирүү да өзүнчө искусство. Кызыктуу, көпчүлүккө түшүнүктүү тили менен маалыматын элге жайылтуу медалдын биринчи жагы болсо, экинчи жагында ага чейинки басып өткөн эчен этап жатат. Журналист дегенде жемиштин ширесин сыгып берген конвейерди элестетсеңиз болот. Коомдогу бир көрүнүштү эле элге жеткирүү үчүн мээсиндеги болгон маалыматты сыгып, ага сөздүн тузун кошуп бере алган адам гана чыныгы журналист боло алат.
Журналисттин максаты
Эң башкы максаты – керектүү маалыматты элге жеткирүү. Бул үчүн керек болсо бомжго, кайырчыга, сыйкырчыга да айлана алат. Өмүрүнө коркунуч туулган күндө да кызыктуу маалыматты алуусу керек. Берген маалыматы окурмандардын керегине жараса, жүрөгүнүн үшүн алса, кимдир бирөөнүн сезимин козгосо, ошол анын жеңиши. Журналисттер ар бир кадамы сайын Американы ачканга даяр. Ал эми ар кадамында “мина” жатканы аны көп тынчсыздандыра бербейт.
Жашоо образы
Ар бир күнү бирине-бири окшобойт. Акырындык менен жеке жашоосун унутуп, маалымат жыйноо үчүн гана жашап калышат. Майрамдарды, дем алыштарды, үй-бүлөсү менен конокко барууну дегеле экинчи планга калтырышат. Бир сөз менен айтканда бул – түбөлүк саякат.
Кимдер жаман көрөт?
Журналисттерди жаман көргөндөр да бар. Ырчысыбы, чоорчусубу, кызматкериби, карапайымбы журналистерге тиш кайрагандар четтен чыгат. Чындыгында, ким эле өзү тууралуу чындыкты уккусу келсин? Же каткан сыры элге даршан болуусун кааласын? Ошондон улам өздөрүн акташ үчүн журналисттерди ушакчы деген атка кондурууга аракет кылышат.
Өзгөчөлүгү
Журналисттин өзгөчөлүгү – алгач өзүнүн аты үчүн жанталашып иштесе, таанымал болуп калгандан кийин аты өзү үчүн иштеп баштайт. Тактап айтканда, карышкырды буту бакса, журналистти калеми жана аты багат.
Кыскасы...
Владимир Познердин «журналистика – жөн эле кесип эмес. Бул көңүлүнө жаккан иш менен алпурушуп жашоо» деп айткандыгы да бекеринен эмес. Журналист – эмгек кумарчысы. Ошол кумардын аркасынан кубалап жүрүп өз өмүрүн коркунучка салганын билбей калат. Күндүн кайсы убагы болсо да маалымат дегенде эт-бетинен кеткен адам эмгегинен ырахат да алып жашайт.
Ар собол
ЭҢ АЛГАЧКЫ МАКАЛАҢЫЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?
Мелис Эшимканов, Улуттук биринчи каналдын генералдык директору:
– Албетте, эсимде. Эң биринчи макалам 1975-жылы “Кыргызстан пионери” деген гезитке чыккан. Макаланы “Ак кемедеги Нургазы тууралуу” деп атап, ошол тууралуу жазгам. Дал ошол макалам үчүн 7 сом 35 тыйын гонорар алып сүйүнгөм. Апам менен почтага барып, акчаны алганым да эсимде. Бул менин эң алгачкы эмгегим жана эмгек акым болчу.
ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИП КУРМАНДЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАБЫ?
Шайлообек Дүйшеев, акын, журналист:
– Талап кылат. Макалаң үчүн ак жерден күйүп кеткен учурларың болот. Бир жолу бийлик биз иштеген гезитти жаптырып, имаратыбызды тартып алган. Ошондо 20 чактыдай журналист 2 ай ишсиз калганбыз. Баарыбыздын колубузду караган балдарыбыз, үй-бүлөбүз бар эле. Элестетсең, эки ай аларды акчасыз калтырганыңды. Анан да ошол жылдар башкача оор жылдар болчу. Эми бул бери эле жагы, дилиңди, эмгегиңди, мээңди баарын арнап иштейсиң да. Анын баары курмандык эмей эмне?
АЯЛЗАТЫ ҮЧҮН ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИП ООРБУ?
Аскер Сакыбаева, «Агым» гезитинин башкы редактору:
– Менин жеке оюмда журналисттик кесип аялзаты үчүн оор. Анткени жаңы идея, алдыга умтулуу, калемдин кызыгы деп ар дайым ой үстүндө болот. Ошентип, эки жагын карагыча мезгил өтүп кеткенин билбей калат тура. Журналист айымдар ушул үй-бүлө жагынан аксайт. Эки жакты тең жогорку деңгээлде алып кеткендер чанда гана. Көпчүлүгүнүн жеке турмушу бир жагы бөксө боюнча калат. Мен дагы чыгармачылык жактан көп нерсеге жетишкеним менен, үй-бүлө жагын алып кете албадым окшойт.
ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ӨМҮРҮ КЫЛДЫН УЧУНДА
2009-жылдын 23-мартында Нью-Йорк шаарында журналисттерди коргоо уюму “Жазасыз индекс” аттуу бирикме уюштурду. Бул уюм акыркы он жылдыкта киши колдуу болгон журналисттер тууралуу маалымат берди. Кызыгы, от күйүп согуш болуп жаткан жерлерде да журналисттер жаңылыш октон эмес, атайы буйрутма киши өлтүрүүчүлөрдүн колунан каза тапкан учурлар болгон.
Ирак. Журналисттер өлүмгө көп учураган өлкө. Акыркы он жылдын ичинде 139 журналист каза болуп, алардын 88и киши колдуу болгон.
Сомали. Көп жылдан берки жарандык согуш, ич ара чыр-чатактар менен келе жаткан бул мамлекетте 29 журналист каза болгон. Алардын ичинен үч журналисттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөн.
Филиппин. Бул өлкөдө акыркы он жылда 24 журналист киши колдуу болгон. Бийликке каршы сөз тараткан деген шектенүү менен күнөөсүзү да, күнөөлүүсү да өлүм тапкан.
Орусия. Акыркы он жылдыктын ичинде 50 журналист каза болуп, анын ичинде 30 адам киши колдуу болгон. Үстүбүздөгү эле жылы 16 журналист каза болуп, өлкөнүн президенти Д. Медведев: “Бул журналисттердин өлүмдөрүнүн бети ачылат”,- деп ишендирген. Бирок ушуга чейин ачыла элек. Алардын ичинен чоң резонанс жараткандар журналист-изилдөөчү Анна Политковская жана Пол Хлебниковдун өлүмдөрү.
Кыргызстан. Ал эми биздин өлкөдө “Журналист” коомдук уюмунун маалыматында, 2008-жылы журналисттерге беш жолу кол салуу болгон. Өлкөбүздө болгон курмандыктар тууралуу кеп кылсак, 2007-жылы Алишер Саипов белгисиз адамдардын колунан каза болсо, 2008-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысы Юрий Александров аялы экөө өлтүрүлгөн. Ошондой эле 2009-жылы “Репортёр Бишкек” гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди да белгисиз адамдар сабап кетишсе, Алмазбек Ташиев аттуу журналист киши колдуу болуп көз жумган. Ал эми 2-ноябрда “Ош шамы” гезитинин кабарчысы Кубанычбек Жолдошевди бирөөлөр сабап кетишти.
«Ош шамы» гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакулов: “Буга чейин да редакцияга телефон чалып, “материалдар жарык көрсө, өзүңөргө жараша жооп беребиз” деген коркутуп-үркүтүүлөр болгон” деп билдирди. Алдакуловдун айтымында, журналисттин Оштогу окуу жайларынын биринде студенттердин нааразылыктарын чагылдырган жана «Оштогу сойкулардын пайдасын ким көрөт?» деген макаласы гезиттин кийинки санында жарыяланмак. Белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган Кубанычбек Жолдошевдин өзү азырынча бул тууралуу эч нерсе айта албасын билдирди.
Жылмайып коюңуз!
Аялдар күйөөсүн тарттырып жиберүүдөн коркушса, эркектер жумушунан айрылуудан, айдоочу менттен корксо, ал жетекчисинен, жетекчи өз кезегинде бийликтин өзгөрүп кетүүсүнөн корксо, бийлик элдин көтөрүлүүсүнөн, ал эми эл чочко тумоосунан, крисизтен... Айтор, бардыгы биринен-бири коркушат. Бир гана журналисттер эч нерседен коркушпайт. Анткени кандай жаңылык болбосун андан пайда таба алат.
ххх
Бир имараттан чоң өрт чыгып жатат дейт. Элдин баары ал жактан качып жатса, бир гана адам өрттү көздөй алды-артын карабай шашып бара жатат имиш. Бирөө токтотуп “тиякта өрт, артка кач” десе ал “ошол, “живой” материал жасап калайын деп шашып баратпайымбы” деген экен.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg