ҮЙ ТАЛАШТАН УЛАМ ӨЛТҮРҮП, СУУГА ЧӨКТҮРҮП САЛЫШКАН

«АПАСЫНАН КАЛГАН ҮЙДҮ МЫЙЗАМДЫН НЕГИЗИНДЕ КАЙТАРЫП АЛГАН»
Бакыт Султеков Чүй облустук балдар жана жетимдер мектеп-интернатында тарбиялангандыктан, анын жакындарын табуу кыйын болду. Сураштырып, интернаттагы тарбиячысы ИРИНА ГАЛКИНАГА жолуктук. Ал маркум тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бакыт Султеков 1990-жылы 25-апрелде туулган. Атасы 1992-жылы, апасы 2001-жылы каза болгон. Апасы катуу ооруга чалдыгып, Бакытты мектеп-интернатка тапшырган. Ал бизге томолой жетим катары кабыл алынып, тарбияланды. 16 жашынан бери билем. Мектеп-интернатты аяктагандан кийин Бакыт үйүнө кеткен, бирок «ал жерде башкалар жашап жатыптыр, сатып алдык деп айтышты» деп келди. Анан жатаканада жашады. Москвага барып, иштеп да келди. Таап келген акчасына машина алып, ошондо эле жашап жүрдү. Мага баламдай болуп калган үчүн ал кайда, эмне кылып жүргөнүнөн кабардар болуп турчумун. Бир кыз менен никелешип алган экен. Бирок мен ага аралашкан жокмун.
Көп окуду, бардык нерсеге так болчу. Эки диплому, аскердик билети бар эле. Айдоочулук күбөлүгү менен паспортун ар дайым жанына алып жүрчү. Мыйзамга туура келбеген иш кылчу эмес. Ичимдик ичпеген, токтоо бала болчу. Туулган күнүмдө, 8-Март майрамында келип куттуктап турчу. Биздин үйгө бир эле Бакыт эмес, андан башка да тарбиялаган балдарым келип турат.
Бакыттын үйү кандай жол менен башкаларга өтүп кеткенинен маалыматым жок. Бирок мыйзамдын негизинде Жогорку Сотко чейин соттошуп жүрүп Бакыт жеңип алган. Агасы Марс абакта болчу. Бакытты мыкаачылык менен өлтүрүштү, мен эми агасынын коопсуздугунан коркуп жатам. Аны да бир нерсе кылып коюшпаса болду. Бакытты бизчелик эч ким жакшы билчү эмес. Окуя болгонго чейин биздин үйдө жашаган.

«БАКЫТТЫ ТАТУИРОВКАСЫНАН УЛАМ ТААНЫДЫМ»
КРИСТИНА МЕЛЬНИКОВА, Бакыт Султековдун таанышы:
– Бакыт 23-июнь күнү кийинип, чыгып баратыптыр. «Кайда барасың?» десем «иштер менен, мени Ысык-Көлгө барда иштөөгө чакырып жатышат» деп кетти. Түштө телефон чалып «Кечки тамакка келесиңби?» десем «кечирээк барам» деди. Кечки саат 9 болгондо чалсам телефону өчүк экен. Досуна чалып сурасам «билбейм» деди. 2-3 күн телефонуна чалып турдум. Апам анын жактоочусуна байланышты эле, ал албай койду.
Бир күнү курбум менен сүйлөшүп отурсам ал «Бакыт табылдыбы? Бүгүн дүкөндөн азык-түлүк алып жүрүп бир гезиттен Сокулуктан 33-35 жаштагы адамдын жансыз денеси табылганын окудум. Аты-жөнү такталбай жатыптыр» деди. Курбумдун жолдошуна телефон чалып, гезиттен ошол маалыматты окуп берүүсүн сурандык. Ал табылган жансыз дененин үстүндө кандай кийимдер, денесиндеги татуировкалар тууралуу окуп берди. Мен ошол жерде өзүмдү жоготуп, кыйкырып жибердим. Себеби алардын баары Бакытка тийиштүү эле. Маалыматтын астындагы кайрылуу номерине байланышып, суудан табылган жансыз дене биздин Бакытка тийиштүү болуусу мүмкүн экенин айттым. Мен арыз жаза албадым, себеби Бакытка эч ким эмесмин. Укук коргоо кызматкерлерине Бакыттын келинчегин издөөсүн сунуштадым.
Атасы жагынан да, апасы жагынан да көп эле туугандары бар экен. Бирок алар Бакыт кантип чоңойгонун, машинада жашап, ач калып кыйналган күндөрүнүн эч бирин бизчелик билишпейт экен. Ага күйүп, ыйлап жатсам милиция кызматкерлери «Эмне мынча күйүп жатасың, интимдик мамилеңер бар беле?» деп кыжырымды келтиришти. Бакыт мен үчүн бир тууган инимдей болчу. Жапжаш эле, аяп, наристедей мамиле кылчубуз. Мусулманчылыкта 40 күн аза күтөт тура, биз да 40 күн аза күттүк.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ 5 ЖАРАН КАРМАЛГАН
Бул кылмыш тууралуу Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ыкчам изилдөөлөрдүн жүрүшүндө мыкаачылык менен жасалган бул кылмышка шектүү делинип 1991-жылы туулган Бегулан Шакиров, 1986-жылы туулган Кубат Алмасбеков, 1985-жылы туулган Жакшылык Өмүралиев жана 1977-жылы туулган Нурлан Алымкулов аттуу жарандар кармалып, кылмыштарын моюнуна алышты. Ошондой эле 1984-жылкы Искандер Асланов аттуу жаран да «адам уурдоо» беренеси менен шектелип жатат. Дагы бир кылмыштын уюштуруучусу, «киши уурдоого жана өлтүрүүгө түздөн-түз катышкан» деген шек менен Нуркан Алымкулов аттуу жаран издөөдө жүрөт.
Иликтөөдө белгилүү болгондой, Бакыт Султеков апасынан калган үйдү соттошуп кайра кайтарып алган экен. Бирок экинчи тарап үйдү кайра күч менен тартып алууну көздөшкөнбү же өчөшүп калышканбы, айтор, Бакыт Султековду Сокулук районунун аймагында жайгашкан өздөрүнүн сарайына алып барып токмоктошкон. Өтө катуу сабалган Бакыт Султеков ошол жерде өлүп калган. Кылмышка шектүүлөр сөөктү жашыруу үчүн маркумдун башына целлофан баштык кийгизип, бутуна каз таман трактордун темирин кошо байлап, сууга чөктүрүп салышкан. Бул кылмыш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Искандер Асланов үй камагына чыгарылып, калгандары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Башына целлофан баштык кийгизип, колу-бутуна темир байлап чөктүрүшкөн.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Колу-бутун таңып, сууга ыргытып жиберишкен
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Jamalym
2014-08-18 18:40:33
Чырактай баланы жок кылышыптыр го,акмактар.Эми акча берип чыгып кетишсе керек,соттор да бул баланын жакындары жок экен деп кылмышкерлерди кое бериши мумкун акча алып.Соттор тууган-туушкандары барларды жакшы карабай атышат го азыр.
+1
mi-li-na
2014-08-18 20:02:02
мындайларга кыргыздардын "илгеееерки жазасы" керек, ал жазаны дааналап жазсам админ крестик кылып коет экен((( тушунгон болушунар керек, андан башка айла жок болуп баратат мындай мыкаачыларга.
0
Samar9220
2014-08-18 20:56:42
кантип колу барат ушундай кылмышты жазаганга акыркы мезгилде кайда баратабыз
0
shkiper
2014-08-19 00:12:52
Ээ Алла жаткан жерин жайлуу кыл.Абдан кейиштуу'журогун ооруйт.
0
jigit.85
2014-08-19 08:19:55
Ворошиловский снайпер деген кинону кордунор беле,корсонор бул мыкаачыларга ошол кинодогудай жазалаш керек!!!
+1
Eshka
2014-08-19 10:15:45
Jamalym туура айтасын бул байкуштун сурап алар эч кимиси жок деп тигил акмак мыкаачылардан акча алып койо берет го чын эле.Кан кое бербесин айвандарды.
0
chyngyz01
2014-08-19 10:58:14
байкуш жакшы кун корбоптурсунда жашондоо жетим болуп.анан да мындай ажал.жаткан жерин бейиш болсун.сени кордогондор кор болуп сендей ажал табышсын.
+2
kipchak
2014-08-19 15:48:21
Озулорунун да баштарына целофан пакет кийгизип туруп четинен чоктуруп салуу керек! Суротуно караганда чогуп жатканда тируудой корунот бул бала...
+1
jaaaaanymka93
2014-08-19 18:51:04
Жаткан жери жайлуу болсун)))айбандарга атып салуу женил жаза болуп калат
+4
niet
2014-08-19 20:08:00
бул баланы тв дан корсом керек эле же алмаштырып жатамбы уй талаш болуп жаткандыгы тууралуу
+1
Aikoo2014
2014-08-20 01:28:22
Жаткан жайы жайлуу болсун! Тиги мыкаачыларды Аллахым озу жазаласын,жаш баланын убалы уктатпасын!!!!
+1
Boldukan86
2014-08-20 13:51:32
багы жокко дагы жок кылып бечара жетимди олтургондорун кара. мыйзам мн иштегилечи куноолуулор жазасын алсын. акчага алданбагылачыыы эчким туркук болбойт бул жашоодо ошол акча алганында олтургонунда олгонунда оо дуйнодо жоопко тартыласын. Кудайдан корккула пендеден эмес.
0
aijan280389
2014-08-20 14:23:38
Бир иш кылып эл оозуна алынсак/Мен кылдым деп мактанууга тушобуз/ Адамзаты жолубуздан ашашсак/Шайтан менен заманага туртобуз/! Заманда айып жок,ошол заманда жашап жаткан адамдын ниети бузулган. Аллахтан ынсап тилейли!
0
aijan280389
2014-08-20 14:25:34
Бир иш кылып эл оозуна алынсак/Мен кылдым деп мактанууга тушобуз/ Адамзаты жолубуздан адашсак/Шайтан менен заманага туртобуз/! Заманда айып жок,ошол заманда жашап жаткан адамдын ниети бузулган. Аллахтан ынсап тилейли!
0
netsa
2014-08-24 11:47:56
Алмончоктой баланын тубуно жеткен тура айбандар! Куйуп кетем да куйуп! Биздеги паракорчуктун,башаламандыктын,жоопкерсиздиктин айынан болуп жатат ушулар. Жогоруда айткандай "атуу"киргизсе сестенет беле?
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан