(Башталышы өткөн сандарда)
Бул убакта Назик чет өлкөдөн биротоло келе турган болду. Кубанганымды айтпа, тим эле бир тууганым, бир боорум келчүдөй болуп күттүм.
– Назик келет экен биротоло.
Телефонду коюп Дастанга кубанычтуу тигиле бердим. Анын алгач дирт эте түшкөнүн сездим. Эмнегедир көзүн ала качты.
– Чогуу тосуп алалы,- дедим мен дагы эле тынч ала албай.
– Жок, жаным, мен бара албайм, иштерим көп.
Дастан ордунан туруп, мени, балдарын өөп эшикке бет алды. Тилектин атасына жакындыгы ай, кетеринде тим эле мойнуна асыла берип аны жыттап алды.
– Кантет, мени согушка узатып жаткансып...
Уулу менен кызын алмак-салмак өөп алып сыртка чыкты. Жүзүндө кандайдыр бир тынчсыздануу бар эле. Назикти биз кандай узатсак, Жанара экөөбүз ошондой тоcуп алдык. Тим эле чүрөк! Маңкая басып, узун бою ого бетер суналып, апакай жүзү, жазы маңдайы мурункудан да көрктүү. Баарынан дагы көзү өзгөрүлүптүр. Мурункудай бейтынч, шашма көздөр эмес, сырын тереңге катып, кусалуу адамдай муңаят. Жетип эле кучакташып калдык. Баарыбыздан кайраттуу Жанаранын да көзүнөн жашы атып кетти.
– Ой, бизге эмне болду, баскыла эми...
– Кандай, Азамат экөөңөр чогуу келдиңерби?
– Жок, Азамат экөөбүз ажырашып кеттик. Ал калды. Аны койгулачы, мен силерди аябай сагындым, кыздар. Биздин жолукканыбызды элестетип алып канча күн уктабай жүрдүм дейсиң.
Биз кайрадан үч эм козудай айрылышпай жүрүп калдык. Билбейм, мен азыркыга чейин өзүмдү түшүнө албайм. Мен адамдарга ишенип жашачу элем, айрыкча жакындарыма.
Назик жогоруда айтканымдай эле биздин үйгө көп келчү. Анын аркасынан Жанара келип калды. Адаттагыдай эле үйдө сүйлөшүп отурганыбызда Дастан кирди. Босогодо Назикти көрүп көздөрү чакчая түштү, саламдашпай да туруп калганына таң кала бердим.
– Өйдө өт, Назик менен Жанара келип калыптыр, биз менен чогуу чай ич.
Чай куюлуп, тамак желип жатты. Бирок ортодо эч ким сүйлөбөй тымтырс. Адатта оозу жабылбаган Жанара да сустайып сүйлөбөйт. Дастан бир жерди тиктеп мелтирейт. Буларга эмне болгон?
– Ой, сүйлөп отурбайсыңарбы?
– Сүйлөп жатабыз. Дастан, иштериң жакшыбы?- деди Назик.
– Жакшы, өзүңдүкүчү?
– Буюрса, жаңы иш баштайын деп жатам. Сен, Жанара мага жардамдашат деп ойлойм.
– Баштай бер, дагы көрөбүз. Мен дагы Баянга иш ачып берсемби деп жаткам. Болбосо балдар менен үйдөн сыртка чыкпай жүдөп кетти.
– Жо-ок, Дастан, мага иштин кереги деле жок. Үйдө отурганым эле жетишет.
Назик эмнегедир жеңиштүү жылмая берди. Жанара башын көтөрө алган жок. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей... Бирок эмнеден тынчсызданып жатканын учурунда билбептирмин.
ххх
Карды жакшы көрөм. Апакай үлбүрөктөр миллион болуп жумшак жаап, тим эле көздү сүйүнтөт. Жаңы жылга дасторкон жайып коюп, балдарды кийинтип Дастанды күтүп отурганбыз. Бирок ал эмнегедир кечиге берди. Ушунча жыл жашап Жаңы жылды эки башка тосуп көргөн эмеспиз, телефонуна кем дегенде кырк беш жолу чалдым, өчүрүлүптүр.
Башында үмүтүмдү үзбөй жаткам, саат жебеси 11ди какканда жүрөгүм зырылдай түштү. Байкуш балдарым эшиктен көзү өтүп, атасы адатынча колуна толтура белек-бечкек алып кирип келерин күтүп отурушту.
– Апа, атам кайда?- деди Тилек көзүн бакырайтып.
– Билбейм, иштери чыгып калган окшойт.
– Жо-ок, иштери чыккан жок. Мен билем анын кайда экенин...- деди зирек кызым.
– Тантырабачы, апам билбеген нерсени сен кайдан билесиң?
Бермет таарына түштү. Чукулдашып жаткан балдарымды араң токтоттум, өзүмдүн көзүмө жаш ирмелип араң турам. Бул эмнеси? Жок дегенде чалып койсо болбойт беле?
Ошентип биринчи жолу Жаңы жылды жалгыз тостум. Балдарды уктатып коюп көз ирмебей басып жүрүп таң атырдым. Эмнени гана ойлогон жокмун. Эртең менен көзүм илинип кеткен экен, телефондун чырылдаганынан ойгондум.
– Баян, кечирип кой,- деди Дастандын кырылдаган үнү.
– Кайдасың, аман-эсенсиңби?
– Баары жакшы эле. Жумуштагылар менен тоого кеткенбиз, телефон тартпай калды. Балдар кандай?
– Сени күтүп жатып укташты.
– Мен бир аздан кийин үйдө болом.
Телефон шак коюлду. Чын эле 2 сааттан кийин Дастан босогону аттады. Түнү менен уктабаганы көрүнүп турат. Биринчи жолу маңдайыман өппөй, унчукпай бөлмөгө кирип кетти. Мен анын үстүнө кире албадым. Корктум окшойт, же өзүмдү токтото албай калам деп ойлодумбу, алаксып ашканада бир нерсе кылып жаттым. Балдар туруп атасынын бөлмөсүнө чуркашты.
– Ата-а!
– Кайда жүрдүң сен?
Божурашып балдары менен адатта көпкө сүйлөшчү эле, бул жолу алардан алыстаганча шашты.
Ашканага кирип, мени бир азга тиктеп туруп сыртка бет алды.
– Токто...
– Токтодум.
– Кайда жүрдүң?
Дастандын чекеси бырыша түштү.
– Сен башка аялдардай эмессиң да, Баян. Урушуунун кереги жок. Кийин...
Үн ката албадым. Жаным сыздап азыр бычакка түшкөнгө даяр болуп турсам да, үн ката албадым. Биринчи жолкусунда кандай ачуумду жутуп койсом, кийинкилеринде деле ачуумду жутуп жүрдүм. Билбейм, башкага кандай, мага эр талашкан намыс эле. Намыс деп да айта албайм, балким, эсине келет, баары бир мени сүйөт деп ойлодумбу? Айтор, ал абалымды азыр түшүндүрө албайм. Бир билгеним, мен эрки бош, ыйлаак, кожойкенин гана милдетин аткарган жүдөө аял эмес болчумун.
Дастан күндөн-күнгө өзгөрүп бара жатты. Менден, балдардан алыстап, жок шылтоолор менен үйгө келбей калган учурлары көбөйдү. Алгач эрдимди тиштеп, эч кимге билдирбей жүрдүм. Бирок чыдамым кетип бара жатты. Дастандын жашоосунда кимдир бирөө бар экенин билсем да, ким экенине кызыккан эмесмин. Ал өзүнөн өзү билинди.
Бир күнү Дастан балдарын эркелетип отурган. Кызым мурдун чүйрүй берди.
– Ата, сен Назик эжедей жыттанып калыптырсың.
– Кана, мен дагы жыттайынчы,- деп жетип барган уулум да таң кала берди.
– Ооба, Назик эже дайыма ушундай жыттанат, апа. Мени кучактап өпкөндө ушул жыт жыттанып кетет. Менин кускум келет.
Уулум балалык дүйнөсү менен башына эмне келсе, ошону айтып алып мени көрүп чочуп кетти окшойт. Эми уулум эмес, мен кускум келип ваннага чуркап чыктым. Окшуп кусуп жибердим. Көзүмдөн талаа-талаа жаш кетти. Ошондо гана кимдир бирөө карегимди ачып койгондой реалдуу дүйнөнү көрө баштадым.
Буга чейин көргүм келбеген, балким, атайылап көз жумган нерселер биринен сала бири тасма болуп тартылып жатты.
Көрсө, боорума жылан сойлоп кирип, уямды бузуп жатканын билбеген экем...
(Уландысы кийинки санда)