ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-августтан 24-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында кой жылдызындагылар бардык ишти талдап, кылдат аткаруусу зарыл, чоң катачылык кетирүү коркунучу бар. Шейшембиде каржылык жаатта ийгилик сиз тарапка жылмаят. Аптанын экинчи жарымында сууга байланыштуу коркунуч жаралышы мүмкүн, сак болуңуз. Дем алыш күндөрү жакын адамыңыз белек берип, көңүлүңүздү көтөрмөкчү.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбү күнү өзүңүздү жеңил сезип, жаңы идеяларыңыз менен жетекчиликти кубантасыз. Шаршембиде бир жакка чыгардан мурун бут кийимиңизди текшерип алууну унутпаңыз, үзүлүп же такасы түшүп калуусу ыктымал дешет жылдыздар. Ишемби, жекшемби күндөрү досторуңуз же туугандарыңыз куру убадалары менен сизди алдап кетиши мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Мурунку көрсөткөн ийгиликтериңиздин жемишин ушул аптада аласыз. Шейшемби күнү маанилүү иштерди бирөөгө тапшырбаңыз, зыян тартып каласыз. Бейшемби – романтикалык кечти сүйүктүүңүз менен чогуу өткөрүүгө ылайыктуу күн. Жекшембини өзүңүзгө гана арнап, китеп окуп, театрга барып эс алыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи күнү ката кетирсеңиз, кызмат ордуңуздан төмөндөп же айлыгыңыз кыскарышы мүмкүн. Шаршембиде сиз күткөн адамдан жагымдуу кабар келет. Бейшемби, жума күндөрү маанилүү адамдар менен жолугасыз, алардын колдоосуна ээ болуу өзүңүздөн гана көз каранды. Дем алышта үй-бүлөңүздүн курчоосунда эс алуу сунушталат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбү күнү бир нерсеге урунуп жаракат алып калуудан сак болуңуз. Шейшембиде суу, электр жарыгына байланыштуу маселе жаралуусу ыктымал. Бейшемби сиз үчүн ийгиликтүү күн, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кармап калыңыз. Дем алыш күндөрү жаңы таанышкан адам сизге келечекте чоң пайда алып келет.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта бийкеч жылдызындагылар үчүн жемиштүү болот. Шейшемби чыгармачыл адамдарга көп ийгиликтерди алып келиши күтүлөт. Бейшемби, жума күндөрү балык уулоого же аңчылыкка чыгам деген оюңуздан баш тартыңыз, ийгилик сиз тарапта болбойт. Жекшембиде үй-бүлө мүчөлөрү менен чырдашып кетүүңүз ыктымал, сабырдуулукту сактаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбү күнү электр приборлорун сатып алуу сунушталбайт, бат эле бузулуп калышы мүмкүн. Шаршемби – өзүңүз жабыркап келген жаман сапаттардан арылууга ыңгайлуу күн. Бейшембиде таарынышып жүргөн адамдар менен жарашасыз. Дем алыш күндөрү табият койнуна чыгып эс алып, кийинки аптага энергия топтой аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада жетекчиликке кайрылбай эле коюңуз, канааттандырарлык жооп ала албайсыз. Шейшемби күнү оор нерсе көтөрбөңүз, белиңизди оорутуп алуу коркунучу бар. Бейшемби күнү айланаңыздагылар менен болгон маектешүү сизге көп пайдалуу маалыматтарды берет. Ишемби, жекшембини жакындарыңызга арнаңыз, жумушка караганда үй-бүлө баалуу экенин унутпоо зарыл.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта жагымдуу да, жагымсыз да кабарларга жыш болот. Шейшембиде кылдан кыйкым таап, жакындарыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн, акылга салып иш кылыңыз. Бейшемби күнү көз кыйбай келген буюмдарды ыргытып, бөлмөдөгү эмеректердин ордун алмаштыруу сунушталат. Жекшембиде досторуңуз менен көңүлдүү эс алып келесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта башында көп түшүнбөстүктөр орун алат, нерв коротпой, баарын сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылыңыз. Шейшемби күнү жетекчилик, кесиптештер сиздин иш жөндөмүңүздү кылдат байкоого алышат. Бейшембиде каржылык жактан жоготууга учурайсыз. Аптанын аягы сиз үчүн пайдалуу болуп, көптөн берки чечилбей келген түйүндүү иштерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көп каражат кетчү ишти баштабай туруңуз, коромжу болуп калышыңыз ыктымал. Шейшембиде жолдон кош бойлуу аял көрүп калсаңыз, ошол күнү жолум болот деп эсептей бериңиз. Ишемби күнү чыгармачыл адамдарга талантын өркүндөтүүгө ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү. Жекшембиде түшүңүзгө кирип жүргөн сырдуу адамга жолугушуңуз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө туугандар менен чырдашуудан алыс болуңуз, антпесе көпкө чейин алардын таарынычын жаза албай убара болосуз. Шейшембиде сиз түңүлүп калган адам карызды берип таң калтырат. Аптанын ортосунда кан басымыңыз көтөрүлүп кетиши мүмкүн, абайлаңыз. Ишемби күнү кумар оюндарына азгырылбаңыз, баары бир уттуруп жибересиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан