Эне жүрөгү – кереметтердин бүтпөс булагы. Турмушка чыккандан кийин көпчүлүк ырчы айымдар үйүндө отуруп калса, Айнура тескерисинче чыгармачылыкта активдүү иштеп келет. Каарманыбыз бүгүн биз менен энелик милдет, карьера менен чыгармачылыкты айкалыштыруу сырлары менен бөлүшөт.
– Куш келипсиз, Айнура, адатта ырчы айымдар турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин чыгармачылыкта бир топко тыныгуу жасашчу эле, сизде тескерисинче күүлөнүп иштей турган мезгил болду окшойт?
– Негизи кичинеңде эмнени кыялдансаң, ошол нерсе аткарылат экен. Мен «күйөөм түшүнүктүү, мени сыйлаган, сүйгөн адам болсо экен» деп тилечүмүн. Азыр ал кыялым эки эсе орундалды. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, мени сүйгөн адамга жолуктум. Турмушка чыкканда «ырдатпай койсо эмне кылам?» деп корко берчүмүн. Тескерисинче, азыр жолдошум түрткүлөп жүрүп ыр жаздыртат. Кызыгы, күйөөгө чыкканга чейин 6 жыл сахнада жүрүп 6 эле клип тарттырыпмын, турмушка чыккандан кийин бир жылда 5 клип тартып салыпмын.
– Балалуу болгондон кийин баары бир чыгармачылыкта кыйналсаңыз керек?
– Боюмда бар кезде ай-күнүмө жеткиче эле тойлордо ырдап жүрдүм. Кайсы тойго барбайын такай Султан Садыралиев экөөбүз жолугуп калчубуз. Мени көргөн сайын «Айнура, тээтиги ичиңдеги бала ызы-чуу, катуу музыкадан коркот, дагы бир жолу тойдон көрсөм шашпа сениби» деп сөөмөйүн кезеп койчу.
Төрөгөндөн 20 күн өткөндөн кийин эле тойлорго чакыруулар түшө баштады. Башында баламды көтөрүп тойлорго барып, кезегим келгенде официанттарга кармата коюп ырдап жүргөм. Азыр апам каралашып жатат.
– Эне болуу сезимдери кандай экен анан?
– Ал сезимди эне болгондо гана билесиң. Өзүм мурун деле эжемдин кичинекей балдарын баса калып өпкүлөп аябай жакшы көрчүмүн. Бирок өзүң төрөгөн балага болгон сезим башкача экен. Мен аны сөз менен айтып жеткирип бере албайм. Уулубуз Дари 8 айлык болуп калды, кылыктары чыгып, атасы экөөбүздү бакытка бөлөп жаткан чагы. Жөрмөлөп, менин оозумдагы тамакты талашып жеп, бир жакка кетип баратсам ээрчип ыйлап кала турган болду. Азыр баламды эмизем, ошон үчүн да бир жакка кетсем көпкө жүрө албайм, оюмдан балам кетпей туруп алат. Чынын айтайын, балалуу болгондон кийин турмушка кеч чыкканыңа өкүнөт экенсиң. Мен да «бул жашка чейин эмне кылып жүрдүм, 17-18 жашымда турмушка чыгып катар-катар төрөп албай» деп кейип кетем.
– Биринчи наристеңизден кийин мунусунда да кооптонсоңуз керек?
– Ии, айтпа, ал окуядан кийин аябай коркуп калгам. Биринчи наристебиз кыз болчу, 5 күн жашап эле чарчап калды. Уулум боюмда бар кезде күндө эртең менен «балам турабы?» деп ичимди кармай берчүмүн. Кудайдан баламдын амандыгын эле тилеп калгам. Таң калычтуусу, чарчап калган кызымды 17-декабрда төрөгөн элем, бир жыл өтүп, ошол эле күнү Дарини төрөп жатпаймбы. Күйөөм сүйүнүп «көрдүңбү, сабыр кылыш керек, Кудай берем десе ушинтип эле берип коёт» деп мени жубаткан. Кудай бизге кызыбыздын ордуна уулубузду белекке берди.
– Жолдошум мени колдойт деп жатасыз, гастролдорго да чыгара береби?
– Бойдок кезде гастролдордон калчу эмесмин. Бирөө гастролго чыгып баратса жабышып «мени да кошуп алыңызчы» деп ээрчип алчумун. Анткени канчалык сени эл көргөн сайын жүзүң тааныла баштайт эмеспи. Азыр чыгармачылыктагы сиңдилерди, инилерди гастролго чакырсаң «канча бересиң?» деп эле сурашат. Учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу гастролду азайтып калдым.
– Санжар мырзанын берген эң кымбат белеги деп эмнени айтмаксыз?
– Биринчиден, жолдошумдун мага берген эң кымбат белеги өзү (күлүп). Анан жакында эле уулум экөөбүзгө Mercedes-Benz Е-класс үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылган, зуулдатып айдап жүрөм.
– Шоу-бизнестеги курбуларыңыз Азиза, Роза Шакирова менен жакын дос, үй-бүлөлүк катышта экениңизди билебиз. Достугуңуздар качан башталды эле?
– Азиза, Роза эже үчөөбүздүн дос болуп жүргөнүбүзгө быйыл он жыл болот. Кээде өзүбүз да «кантип ушунча жылдан бери бири-бирибизден тажабай жүрөбүз?» деп таң калып коёбуз. Алдыда болчу концертибизге даярдык көрүп акыркы кезде үчөөбүз күнүнө 5-6 жолу көрүшүп жатабыз. Роза эже шайыр, баскан-турганы эле күлкү жаратат. Азиза да адамды кызыктырып сүйлөп өзүнө тартып турат. Роза эже мени «сенин уюштуруучулук жөндөмүң күч, сенден коркуп эле Азиза экөөбүз студияга өз убагында келебиз» деп калат. Айтор, жылдар менен сыналган достугубуз жылдан жылга бекемделип келет.
– Сизди бир-эки кыргыз кинолорунан эпизоддук ролдордон көрүп калган элек?..
– Ооба, 1-2 кинодо 2-3 мүнөттүк эпизоддук ролдорду ойноп калдым. Кичинемде актриса болом десем апам «койчу, көрүнгөн менен кучакташып жүрмөк белең» деп кагып койчу. Бирок мен сүйгөн сериалдардын башкы каарманынын ролдоруна өзүмдү коюп фантазиямда клибимдин сюжетин түзгөндү жакшы көрөм. Эрнест Бөрүбаев «Атаңдын чокусу» комедиясын тартып жатканда «Эрнест байке, мага эпизоддук роль болсо да бериңизчи, шыпыргы кармап чуркап өтүп кетейинчи» деп аябай суранган элем. Суранычымды аткарып, 3 мүнөттүк роль берген.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg