КУРТ-КУМУРСКАЛАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛ

Күндүн жылышы менен көчөдөн, бак-дарактардын арасынан кыбыраган майда жандыктарды көрүп калабыз. Алардын жашоосу баарыбыз үчүн кызык болсо керек. Келгиле, балдар, курт-кумурскалардын жашоосуна саякат жасайлы.

КЫПЧУУР (УХОВЁРТКА)
Узундугу – 3,5-5 миллиметр
Жашоо узактыгы – 1-3 жылга чейин
Кыпчуурду жаш балдардын кулагына кирип, мээсин жеп салат деп коркутушат. Чындыгында, бул жомок. Алар үй ичине азык таап жеш үчүн киришет. Денесине тийип койсоң белин какайтып, кыпчууру менен кыпчыганга аракет кылат. Азыгы – гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн уруктары. Нымдалган жана жылуу жерлерде байыр алышат. Кышкысын 1,8-2,1 чарчы жердин тереңине кирип кетишет.

КАНТАЛА (КЛОП-СОЛДАТИК)
Узундугу – 7-12 миллиметр
Өмүрүнүн узактыгы – 14 айга чейин жашайт
Өңү кызыл, кара темгил тактары бар, үйүр-үйүрү менен тизилген бул жандыкты баарыңар эле көрсөңөр керек. Кантала жазында эрте чыгуучу курт-кумурскалардын катарына кирет. Күндүн жылуулугун жактыргандыктан жай аяктап, күн суук тарткычакты канталаны кезиктирүүгө болот. Эски өтүк, туюк кийимдерге кирип алгандыктан балдар өтүк тигер деп да атап алышат. Көпчүлүк курт-кумурскалар сыяктуу эле бак-дарактын жалбырагы, ширеси менен азыктанышат. Айрым учурларда өзүнөн майда курт-кумурскаларды жегендиктен каннибалдар деп коюшат.

ЭШЕК КУРТ (МОКРИЦА)
Узундугу – 10-16 миллиметр
Өмүрүнүн узактыгы – 9-12 ай
Жаздын жылышы менен үйлөрдүн кычыктарынан, кийиздердин астынан пайда боло калган боз курт бар. Башында эки мүйүзчөсү болгондуктан аталган жандыкты эшек курт деп коюшат. Денеси 8 катмарга бөлүнөт. Таштардын, жыгылган бак-дарактардын алдында жашашат. Өңүнүн боз болгондугуна байланыштуу көп учурда билинбей калып, душмандарынан аман калат. Негизги азыгы бак-дарактардын жалбырагы. Күндүз жашынып жатып, түнкүсүн тамактанууга чыгышат.

ЭЛ КАЙДА КӨЧӨТ (БОЖЬЯ КОРОВКА)
Узундугу – 7-8 миллиметр
Өмүрүнүн узактыгы – бир жылга чейин
Бул жаныбардын аты эмнеден калганын билесиңерби, балдар? Жомоктордо элдин кайда көчөрүн бул жандыкты колго кондуруп, учурушуп кайсыл тарапка багыт алса, ошол жакка жөнөшчү экен. Ошондон улам эл кайда көчөт аталып калыптыр. Бул жандыктын жер жүзүндө 4000ден ашык түрү кездешет. Дене түзүлүшү жарым шар же жумуртканын формасына окшош келет. Өңү кызыл, жондорунда кара темгилдери болот. Негизги азыгы бак-дарактардын жалбырактары. Душмандарынан денесинен чыга турган көк түстөгү жагымсыз жыттагы уулуу суюктугу менен коргонот.

САСЫК КОҢУЗ (ЖУЖЕЛИЦА)
Эң кичинеси – 1 миллиметр
Чоңдору – 10 сантиметр
Жашоо узактыгы – эки жылга жетет
Сасык коңуз курт-кумурскалардын ичинен түрүнүн көптүгү менен белгилүү. Жер жүзүндө анын 50 миңге жакын түрү кездешет. Булар бири-биринен түрү жана көлөмү менен айырмаланып турушат. Буттары узун келип, бат кыймылдоого шартталган. Канаттары болгону менен көп уча алышпайт. Кээ бир түрлөрү гана жакын аралыкка учушат. Бак-дарактардын жалбырактары жана чөптөр менен азыктанышат. Айрым түрлөрү өлүп калган майда курт-кумурскаларды жешет.

Султан Төрөбеков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kyzy
2014-08-18 16:52:36
Эл кайда кочот дегенди биз айлан кочок дейбиз го бизге ушинтип жетиптир да анда
0
aikol87
2014-08-20 00:10:20
итиркегип келип кетти, кызыктай жандыктар.
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан