КЫШ КАМЫЛГАСЫН ЖАЙДА КӨР

Жайдын таңдай катырган аптабы да бүтүп, күз алмашып, кыш келет. Ошол кыштын камылгасын эрте көргөн кожойкелерге төмөнкү рецепттер жардамга келет деп ишенебиз.

БОЛГАР КАЛЕМПИРИ ЖАНА КАБАК АССОРТИСИ

Керектелүүчү азыктар
(3 литрлик банкага):
Кабак (кабачки) – 1,5 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 3 даана
Лавр жалбырагы – 2-3 даана
Карагат жалбырагы – 2-3 даана
Алча жалбырагы – 5-6 даана
Суу – 1 литр
Туз – 50 грамм
Уксус (9%) – 1 аш кашык
Кара тоголок мурч – 6-8 даана
Укроп (гүлдөгөн) – 2-3 тал

Жасоо ыкмасы:
1. Кабакты таза жууп, 2 сантиметр калыңдыкта, тегерек формада кесип алабыз.
2. Кызыл болгар калемпирин жууп, данегин тазалап, узунунан 4 бөлүккө бөлөбүз.
3. Алдын ала бууланган банкага карагат, алча, лавр жалбырактарын, укроп, кара тоголок мурчту салабыз.
4. Андан кийин банкага кезеги менен кабакты жана кызыл болгар калемпирин тизип чыгабыз.
5. Сырдалган мискейге сууну куюп кайнатып, ага туз кошуп эритип алабыз. Кайнаган сууга уксусту кошуп, банкадагы жашылчалардын үстүнө куябыз.
6. Банкага капкакты жаап (толук эмес), мискейге 20 мүнөт сыртынан кайнатабыз. Банканын оозун жакшылап бекитип, жылуу ороп коёбуз.

«УНИВЕРСАЛ КЫЗЫЛЧА»

Керектелүүчү азыктар
(1 литрлик банкага):
Кызылча – 500 грамм
Кумшекер – 50 грамм
Туз – 1 чай кашык
Гвоздика (татымал) – 2 даана
Лавр жалбырагы – 1 даана
Кара тоголок мурч – 2-3 даана
Суу – 1 литр
Уксус (9%) – 1 аш кашык

Жасоо ыкмасы:
1. Кызылчаны жай отто 1 саат кайнатабыз. Андан соң агып жаткан муздак суунун астына 15-20 мүнөт коюп коёбуз.
2. Бышкан кызылчаны аарчып, төрт чарчы кылып туурап, алдын ала бууланган банкага салабыз.
3. Сырдалган мискейге сууну куюп, ага туз, кумшекер, кара тоголок мурч, гвоздика, лавр жалбырагын кошуп 10 мүнөт кайнатабыз. Маринад даяр.
4. Даяр болгон маринадга уксусту кошуп, банкадагы кызылчанын үстүнө куябыз.
5. Банканын үстүнө капкакты жаап (толук эмес), мискейге 10-15 мүнөт сыртынан кайнатабыз.
6. Банканын оозун бекитип, муздаганча көмкөрүп коёбуз.

ТУЗДАЛГАН ӨЗӨК

Керектелүүчү азыктар
(1 литрлик банкага):
Сарымсактын өзөгү – 500 грамм
Суу – 1 литр
Кара тоголок мурч – 3-4 даана
Лавр жалбырагы – 3 даана
Туз – 1 аш кашык
Уксус (9%) – 1 чай кашык

Жасоо ыкмасы:
1. Өзөктү жууп, узундугун 4-5 сантиметрден кесип, алдын ала бууланган банкага тыгыз кылып тизип чыгабыз.
2. Мискейге сууну куюп, ага лавр жалбырагын, туз, кара тоголок мурчту кошуп кайнатып маринад даярдайбыз.
3. Банкадагы өзөккө уксусту куюп, анын үстүнө кайнаган маринадды куябыз.
4. Банканын оозун темир капкак менен жаап (толук бекитпейбиз), чуңкур идишке салып, сыртынан 10-15 мүнөт кайнатабыз.
5. Банканын капкагын бекитип, көмкөрүп, муздаганча коюп коёбуз. Кышында тамагыңызга өзгөчө даам жана кооздук кошкон өзөк даяр.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Ziregul
2014-08-18 11:52:20
Аджик жасоону да жазсаныздар жакшы болмок
0
Kara_koz
2014-08-18 14:49:12
гваздика эмнеси
0
admin_superstan
2014-08-18 17:12:54
Kara_koz, тамакка салуучу жыттуу жыгачтын бүрлөрү.
0
zara-919
2014-08-18 18:40:20
ТУЗДАЛГАН ӨЗӨК жакты мага. сөзсүз жасайм буйруса.
0
aselchen
2014-08-20 16:16:34
ozoktun sezonu otup ketti go uje
0
nazi0807
2014-08-20 16:19:53
Буларды элдин баары билет болуш керек, башка кышка даярдала турган оргиналдуу нерсе жокпу?????
0
kuba.kq8705
2014-08-24 13:51:01
kabak degen emne
0
happy86
2014-08-24 16:37:27
кабак деген орусчасы кабачки
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан