«Кесип» деп аталган рубрикабыздын алкагында окурман журтчулугун көчө шыпыруучудан тартып айдоочу, ашпозчу, тергөөчү, жактоочу, учкуч, уста, зергер, куруучуга чейин көптөгөн кесип ээлери менен тааныштырып келебиз. Бүгүн «көк мундирлер» тууралуу, тактап айтканда, прокурорлук тууралуу сөз кылабыз. Ушул көк мундирлердин ичинде деле өзүлөрүнүн кайгы-капа, сүйүнүчтөрү бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурору АБДИБАКЫТ ХАЛМУРЗАЕВ биз менен маек курду.
– Абдибакыт мырза, ушул жеңил эмес прокурорлук кесипти кандайча тандап калдыңыз?
– Мен 4-класстан бери спорт менен машыгып жүрөм. Ал учурда башка нерсени ойлогонго убакыт деле жок болгон окшойт. Кесип тандоо менин оюма 9-10-класстарда гана келди. Атам органда иштеген үчүнбү, юридикалык факультетке тапшырсам, тергөөчү болсом деп эңсей баштагам. Жаштын тилегин берет демекчи, өзүм каалагандай болду. Студент кезде, 4-5-курстарда тергөөчүлөргө жардам берип, Бишкек шаарынын прокуратурасында тажрыйба алып жүрдүм. Андыктан окууну бүткөндөн кийин жумуш табуу кыйынчылыкка турган жок. Анын үстүнө Советтер Союзу кулаган соң көптөгөн адистер Орусия жана башка өлкөлөргө кетип калышкан. Улуу жана жаш муундун өкүлдөрү эле калган болчу. Эсимде, биздин факультетке келип, «ким прокуратурага ишке кирет?» деген учурлар болгон. Азыр бирөөгө айтсаң жомоктогудай көрүнөт, бирок чынында болгон иш. Ошентип мен прокуратурага кирген жылы дагы 5 курсташым ишке орношкон. Баарыбыз биргеликте иштеп калганбыз.
Прокуратуранын эң ылдыйкы тепкичинен баштап бирин калтырбай басып келе жатам. Октябрь райондук прокуратурасында, андан кийин Биринчи Май районунда прокурордун орун басары болуп 2 жыл иштеп, 5 жылдык тажрыйба топтогондон кийин 30 жашымда Алай районуна прокурор болуп дайындалдым. Ал кезде бул райондо жагдай начар, шарты аябай катаал аймактардын бири болчу. Азыр эми Алайда жолдор курулуп, шарттар түзүлдү. Ошондо балдарымды көтөрүп алып, аялымды жетелеп Бишкектен Алайды көздөй көчүп кеткенбиз.
– Силердин милдет милиция жүргүзгөн ишке көзөмөл кылуу, мамлекеттин атынан айып коюу эмеспи. Ишиңиздерде боорукерликке орун барбы?
– Биз мыйзам чегинде иш алып барабыз. Баарыбыз эле өзгөчө кылмыштарды кароодо боорукерлик көрсөтүп койсок, мыйзамга жатпай калат. Бирок иш тажрыйбаңда ар кандай окуяларга туш болосуң.
Бир жигит уурулук жасап кармалып калды. Эшикте турган велосипедди алып барып, сатып салыптыр. Ал баланы бат эле кармап, тергөө учурунда «акчаны эмне кылдың?» десем, «Төрөттө жаткан аялыма керек болду. Доктурлар бир барак толо дары-дармек алып кел дешти. Жубайымдын ден соолугун ойлоп коркуп кеттим. Нарын облусунан деле бир туугандарым акча алып келишмек, бирок алар кечигип жатышкан. Ошон үчүн мындай ишке бардым» дейт. Чын-калпын текшерип көрсөк, баары чын болуп чыкты. Аны камакка алган жокпуз, андан башка аялына бара турган жакын адамы жок экен.
Кийин туугандары келгенде баягы велосипедди кайра сатып алып, мурдагы кожоюнуна кайтарышты. Уурулук кылган жигит түрмөгө отурбаса да, өз жазасын толугу менен алды. Ошол учурда боорукерлик кылдым десем болот.
– Бир таанышым «журналисттер менен прокурорлордун жумушу окшош, экөө тең изденүү менен жазат, алар – макалаларды, биз – тергөө, аныктама, токтомдорду» деп тамашалап калат. Чынында эле прокурорлук иш чыгармачыл мамилени, изденүүнү талап кылабы?
– Ким болбосун чындыкка таянып, далил менен жазса дейт элем. Тергөө амалдарын жүргүзгөн адамдар адилеттүү жана калыс болушу керек. Анткени ар бир кылмыштын артында адамдын тагдыры турат. Ошолорду эске алыш керек. Менин оюмча, прокуратура кызматкерлери эч качан кекчил болбошу керек. Иш сага жагабы, жакпайбы, андай ойлорду четке кагып, калыстык көз караш менен иш жүргүзүшү абзел.
Ал эми журналисттер коррупция менен күрөшүү, адам укуктары жөнүндө көп эле жазышат. Баары эле журналисттик этикага жараша жазат деп да айта албайм. Беш кол тең эмес дегендей, арасында мыктылары бар, арамзалары да жок эмес. Калем деген аябай курч нерсе. Аны менен адамды жакшы кылса да болот, көңүлүн оорутуп алышы да мүмкүн. Ошондуктан калемди колдонгон журналист болобу же тергөөчү болобу, адилеттүү болушу керек.
– Милициядан, дегеле укук коргоо органдарынан жабыркагандар көп. Сиздерге элдин үнү жетеби? Жетсе кандай жол менен?
– Биз 6 айдын жыйынтыгын карап көрдүк, түшкөн доо арыздардын 40 пайызы эле милиция кызматкерлердин үстүнөн болуп чыкты. Мисалы, тергөө амалдарын, кылмыш боюнча иликтөө жүргүзгөн кызматкерлердин үстүнөн арыздар көп түшөт. Биз мындайда ар бир арызды кылдаттык менен текшерип чыгабыз. Кээде жарандар 2-3 күндөн кийин арыздарынын аркасынан тосмо арыз жазып келишет, «ачууланыптырмын, туура эмес түшүнүп алыптырмын, эми мени кечирип койгула, тигини да кечирдим» дешип. Укук коргоо органдарын өз кызыкчылыгын көздөп, курал катары колдонуп койгондору да жок эмес. Ар кандай жеке маселелерин бүтүрүп алат дагы, анан тосмо арыз жазып коёт. Мисалы, бири-бирине карыз берет да, «мени алдап кетти» деп прокуратураны аралаштырышат. Анан тергөөчү менин жазган арызымды карабай жатат деп анын үстүнөн кине коюшат. Кыскасы, ар кандай болот.
– Азыркы убакта кайсы бир кесиптер боюнча кадрлар өтө эле көп, кээ бирлеринде таптакыр жетишсиз. Ал эми прокурорлук кесипте жагдай кандай?
– Азыр юридикалык факультет көп университетте ачылган. Илгери ал бир гана Улуттук университетте бар болчу. Андан бир жылда 75-100 бүтүрүүчү эле чыгарылчу. Азыр болсо юристтер өтө эле көп, баркы кетип калбадыбы.
Кадрлардан аксаган жокпуз, жетиштүү эле. Азыр бизде эки үйрөнчүк тажрыйбада. Алар аттестациядан өткөнчө бир жыл менин жоопкерчилигимде болушат. Аларды үйрөнчүк дегенибиз менен башкы прокурор тарабынан дайындалат. Сот отурумдарына катыша албаганы эле болбосо, калган жоопкерчилиги биздикиндей.
– Башкы прокурордун орун басары болуп жүрдүңүз, облуста, райондо прокурорлук кылып келе жатасыз. Жоопкерчилиги оор болсо керек?
– 21 жылдан бери прокуратурада жүрөм. Облус болобу, район болобу, өзүнө тиешелүү талаптар бар, бирок жоопкерчилиги бирдей эле.
– Сизди биздин гезиттин окурмандары Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти катары жакшы таанышат. Демөөрчүсүзбү же ринг менен тааныштыгыңыз да барбы?
– Менин ишим демөөрчүлөрдүн башын бириктирүү, коомдук иш менен алекмин десем да болот. Федерациянын мүчөлөрү мени 2008-жылы шайлашкан. Ошондон бери бокс боюнча Улуттук федерацияны жетектеп келем. Негизи, жаштайыман эле спорт менен өскөн баламын. Футбол, баскетбол анан бокс менен машыгып жүрдүм. Бул жаатта жараткан ийгиликтерим да бар.
– Азыр бизди мушкерлердин ийгиликтери кубандырууда. Мохаммед Али же Тайсон дебейли, Константин Цзюнун ордун талаша тургандай, келечегинен көптү үмүттөндүргөн бирөө барбы?
– Бизде азыр өзүбүздүн Жеки Чандарыбыз да пайда болгон. Азат Үсөналиев деген Азия чемпионубуз бар. Ошондой эле өзүн мыкты көрсөткөн Эрмек Сакенов, Өмүрбек Малабеков аттуу спортчу балдарыбыз бар. Булардан келечекте атактуу мушкер чыгат деп үмүттөнөбүз. Бокско кызыккан жаш балдар көп. Буюрса, быйыл күзүндө Азия оюндары болот. Эмки жылы Дүйнөнүн биринчилиги, 2016-жылы Олимпиада болот. Тилекке каршы, лицензияга жетпей, Лондонго бара албай калганбыз. Эмки Олимпиадага лицензия алганга аракет кылабыз.
АЗЫРКЫ ПРОКУРОР, МУРУНКУ СПОРТЧУ
Наргиза Бекжанова
koom@super.kg