ЭСКИ БИЛЕРИК

Зуура эже келин-уулунун урушуп жатканына аргасыз кулак төшөп жатып оор үшкүрүп алды. Кулагын басса да үндөр угулуп жатты. «Кудайга тобо, буларга эмне жетпейт? Үстүндө үйү, алдында машинасы, билимдери бар. Биз бул убакта байлык тууралуу ойлончу белек? Бир кесим нан менен бир кесе жарма курсакка барганына ыраазы элек го. Бардыгына көз жумуп, сүйүүбүз үчүн, үй-бүлөбүз үчүн жашачубуз. Азыркыларда баары бар, бирок сүйүү жок».
Эне улутунуп алды. Ушу кыжы-кужудан көрө өткөн бактылуу күндөрүн эстегиси келди. Оо, анда дуулдаган жаш кези. Иштерман эле, күйөөсү менен тең жарыша иштечү. Кээде жумуштан чарчап келе жатып ойной да кетишчү. Күйөөсүнүн кең далылуу, карылуу колдоруна алы жетпесе да алышып күрөшүп кетер эле. Эскерүү тасмасы чарт үзүлдү. Кайрадан келининин чарылдаган үнү аба жарып баштады.
– Эмнеге мен башка аялдар кийген кийимди кийип, шаарда жашабашым керек экен? Эмнеге мен айылда өмүр бою калышым керек?
– Сен мени менен кол кармашып жатканда апам жалгыз экенин, мен айылда жашашым керек экенин билип туруп тийгенсиң. Мен сени зордогон жок элем го. Апамды карыганда таштай албайм. Сенде деле жүрөк барбы? Апам араң кирип-чыгып жүрөт.
– Мен дагы жашашым керек. Тажадым айылдан.
Келин эми бышактап ыйлаганга өттү.
Эртеси турса келини жүз үйрүп, чайын оң бербей калган экен. Зуура эже үшкүрүп, келин-уулуна кайрылды.
– Балдарым, чырыңар эле мен болуп жатсам кете бергиле. Мен эл катары айылда жашап турам.
Келин үнсүз сыртка чыгып кетти. Уулу Бектур кобурана берди.
– Апа, мейли, кеткиси келсе кетсин. Мен сиздин жаныңызда эле калам. Өзүм да кыжы-кужусунан көңүлүм калып бара жатат. Кызымды кааласа таштасын, кааласа алып кетсин.
– Кой, балам, мен десең уяңды бузба.
Апасы менен келинчегинин ортосунда кынжылган жигит апасынын кенендигине таң калып алды. Ушунча болду, келининин чорт мүнөзүнө кайын энедей бир нерсе айтып койбоду.
– Ай, апа, көлсүз да. Сиздин жумшактыгыңыздан башка чыгып алды.
– Кайдан, балам, болгон мүнөзүн экөөбүз кантип оңдомокпуз. Сенин көңүлүң деп эле чыдайм.
Айтор, талашып-тартышуунун айынан келини шаарга кете турган болду. Зуура апа баласын көндүрүп, алар шаарда жашап калышты.
Туура, эми Айжандын бактысы тоодой. Бирок ошол убактан баштап Бектурдун мамилеси ага сууп калгандай сезилди. Сүйүүнү барктабаса, баалабаса өзүнөн-өзү өчүп каларын билбейт турбайбызбы. Келин күйөөсүн ачуу сөздөрү менен алыстатып алганын билген жок. Адатынча моюнуна асыла берди эле, ал суз гана колун түртүп койду.
– Эмне болду сага?
– Башым ооруп турат.
Ошентип ортолору суугандан сууй берди. Айжан мунун баарын кайын энесинен көрдү. «Ушунун баарын апам кылып жатат. Кайда болбосун мени жамандап жатса керек, өзү жаш болбогонсуп. Менин дагы жашагым келет. Ата-энем мени эмнеге окутуптур, айылда караңгы болуп калсын деппи? Жо-ок, Бектур муну өзү кийин түшүнөт».
Бирок келиндин ою ордунан чыкпады. Бектур андан алыстагандан алыстай берди. Эми келип кызганычтан алкымы буулуп, өзүн коёрго жер таппайт. Жумуштан келип, адатынча бир жакка жөнөп жаткан күйөөсүнүн алдын тосту.
– Сен кайда?
– Иштерим бар, кач жолдон!
– Качпайм.
– Качасың!
Зирк эткен күйөөсү аны булка түртүп салып, эшикке жулунду. Машинаны учуруп бара жаткан Бектурдун жүрөгү түрсүлдөйт. Анткени кошунасы чалып, «апаңдын абалы начар» деген. Барса чын эле ооруканада жаткан экен.
– Апа, апа...
– Бектур, уулум, коркпо. Мен жакшымын,- деди араң эрди кыбырап жатса да.
– Кечир мени, апа,- эсеңгиреген уул апасынын колунан кармап, ыйлап жиберди.
– Менин сага аманатым, балам, уяң бузулбасын. Айжанды билем, мүнөзү чалпоо. Бирок ал сени жанынан артык көрөт. Акылсыз байкуш, өзү да ошону сезбейт. Мен кеткен соң кектебе, балам. Келген ажал өзү эле келмек. Уяңды буза көрбө.
Зуура апа ушуларды айтып, таңга жетпей ары карап кете берди.
Бектур үчүн биринчи жолу апасыз таң атты. Үйгө келген келинчеги көзү кызара ыйлап жүргөнүн көрдү. Бирок ошол учурда бул аялга деген эч кандай жылуу сезим калбаганын түшүндү. Апасын узаткандан кийин келим-кетим аяктаганда Айжан үйдөн түйүнчөк тапты. Анда эски билерик жана алакандай кат жүргөн экен.
«Айжан, кызым, бул билерикти кайын энем мага салган эле. Мен эми сага өткөрүп берейин деп камданып жүргөм. Биринчи кызыңды төрөгөндө эле берейин десем, Бектур тамашалап, мунуңду ал тагынбайт, ыргытып жиберет дегенине ичим куйкалана түшкөн эле. Мен сени эсине келет, эркелиги, чалпоолугу калат, ошондо билегине тагам дегем. Бирок ошол күнгө жетпей калдым. Бул эски билерик дебе, кагылайын, бул эзелтеден келе жаткан ыйык нерсе. Колуңдагы бакытты учурба».
Айжандын көзүнөн жаш тама берди. Ушул учурда кирип келген Бектурга тигилди.
– Апам мага таштап кеткен экен.
Ал басып келип, катты окуду да, Айжандын билегиндеги билерикти акырын чыгарып алды.
– Сен бул билериктин ээси болгонго татыксызсың.
– Кечир, суранам, кечир мени...
– Сага кек түйгөн жокмун. Бирок көкүрөгүмдө бир муз туруп калды, Айжан. Мен мындан ары сени менен жашай албайм. Айжан буркурап ыйлап жиберди. Эски билерик ага буюрбай калганын, колундагы бакыт кушун учуруп жибергенин ушу учурда гана туйду.

Асия Алиева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
sara90
2014-08-18 15:05:54
Okunuchtyy...
0
paradise1191
2014-08-18 17:02:21
Апасынын айткан аманатын аткарбаптыр да. Аябай окунучтуу...
0
Jamalym
2014-08-18 18:36:25
Бечара кемпир келини жаман болсо да аны аяп,"акылсыз" деп эркелетип баласы учун баарына чыдаптыр да.Мен учун уянды бузба дегенин окуп козум жашылданып кетти.Ошондуктан кайненени сыйлайлы,карыганда сый коробуз.
0
Nice0101
2014-08-18 22:41:49
Jigitin syilasa,jigittin ata-enesin,jakyndaryn da syilayt go deym...
0
restreppo
2014-08-19 00:55:44
мееси жок келин
0
roza.90
2014-08-19 05:19:03
Мындай кайнененин таманынан ооп жашаш керек го дейм.
0
Raduga
2014-08-19 18:35:44
Кайнелерге жылуу соз,даамдуу тамак,анан колунан ишин алып турсан.Оюндагысын айтырбай кылып турсан сен эн жакшы келини болосун.
0
Aikoo2014
2014-08-20 01:18:13
Окунучтуу.... Келин акылсыздык кылды.
0
aijan280389
2014-08-20 18:11:38
Менин атыма окшош. Айжан.
0
zamir_kgz
2014-08-22 00:10:14
Мындай окуяларды турмуштан коп эле байкайм, окунучтуусу "КЕЧ" болуп калганында...
0
gulperi92
2014-08-22 22:06:11
Ооба окунучтуу.азыркы жаш келиндердин арасында ушундай тентек,эрке келиндер коп
0
Ema_nookat
2014-08-23 10:54:46
Жаш кыз келиндерге жаратканым озу сабыр берсин, ыймандарын бекем кылсын. Туура, омуру откучо сыйлап отолу бири бирибизди. Бейиш ата-энени таман астын да демекчи...
-1
Ak_gulum
2014-08-28 13:41:21
Баласы туура чечим кабыл алыптыр
0
gulnaz21
2014-09-03 18:35:44
mmda okunuchtuu


0
kanyshaikg
2014-11-03 16:59:36
эми эмне болот ажырашып кетишеби.апасы ажырашпа дебеди беле.айжан онолбодубу
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан