ӨСПҮРҮМ КЫЗ УНАА МЕНЕН ТАКСИСТ ЖИГИТТИ СҮЙРӨП КЕТТИ

Негизи 14 жаштагы кыз десе жан дүйнөсү таза, оюнда сабак болгон өспүрүмдү  элестетет эмеспизби. Ал эми биз бүгүн кайрылган макалада өспүрүм кыз айдоочусунун каршылык көрсөткөнүнө карабай унаасын айдай качып, токтоп турган 3 унааны сүзүп салган.

ИНТЕРНЕТКЕ ТАРАГАН ВИДЕО ТУУРАЛУУ
Алгач  интернетке тарап кеткен видеого кыскача кайрылсак. Анда үстүндө таксинин фишкасы бар унаа Бишкек шаарынын Жибек Жолу-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде бара жаткан. Ал унаанын алдыңкы эшигине жабышкан жигит бир нече метр жерге чейин сүйрөлүп барып түшүп калган. Унааны башкарып бараткан айдоочу катуу ылдамдыкта баратып жол чыракта токтоп турган 3 автоунааны сүзгөн.
Көп өтпөй бул унааны башкарган 14 жаштагы өспүрүм кыз экендиги билинди.
Жигити менен уруша кетип, анын унаасын айдай качыптыр. Ал тургай кыз тууралуу «сойку болуп иштейт экен», «жаман жүрүм-туруму үчүн укук коргоо кызматтарында каттоодо турат имиш» деген маалыматтар тарап кетти. Бирок таксист менен өспүрүм кыздын ортосундагы эмне болгон мамиле экендиги табышмак бойдон калды.

«АПАСЫ КАЙДА ЖҮРӨТ КАРАБАЙ?»
Бул видео SUPER.KG порталына жүктөлөрү менен кыздын, анын ата-энесинин дарегине бир топ пикирлерди жазып жатышты. Кээ бири өспүрүм кыздын абакты көрүп чыгышын туура деп эсептесе, кээ бирлери татыктуу тарбия бербеген ата-энесин сындап жатышты.
jamalym: – 14 жашыбызда биз апабыздын койнунан чыкчу эмеспиз. Жигитке балээ барбы, 14 жашар кызга?.. Апасы кайда жүрөт карабай?                                     
snejinka: – 14 жаштагы кыз 1986-жылы туулган таксист жигити менен таңкы 6да уруша кетип, машинасына жигитин сүйрөтүптүр. Укмуш...
jasi: – Эсиңди чыгарчу окуялар көбөйүп баратат го. 14 жаштагы кыз экенине ишенбей жатам. Анан да таңкы саат 6 десе ойлонуп калат экенсиң.

ИШ «БАС-БАС» БОЛДУ
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгы катталгандан көп өтпөй кыздын ата-энеси жетип келишкен жана кырсыктан жапа чеккен унааларды оңдоп бермекчи болушкан. Ошондуктан жабыр тарткан тараптар эч кандай доолору жок экендигин билдирип, өспүрүмдүн үстүнөн арыз жазышкан эмес.
Бактыга жараша, бул окуяда адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок.  Бирок, мунун арты чоң кесепеттерге алып келиши да мүмкүн эле.

Айчүрөк Мансурова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
nuri94
2014-08-20 11:43:41
бул жерде ата-энесин куноолодон алысмын. дээринде жокту жетелеген м.н болбойт деп койот эмеспи. адам баласынын озуно нысап бербесе бироонун акылы бироого акыл болбойт.
0
baiysh0704
2014-08-20 13:46:25
14 жашыбызда биз желим сосканы алып качат элек.
0
Batken
2014-08-20 14:36:19
Ажап болуптур таксистке он торттогу кызды совращать эткени учун жоопко тартылышы керек 86 жылкыларда 4 балдары бар, тун баласы мектепке окуп калган. Кыздын ата -энеси да онбогон бироолорго. Кызын тарбиялабайбы шамдан кийин кочого чыкпа деп.Эх!!!
0
Jamalym
2014-08-22 01:43:26
Batken, 86-жылкылардын уйлоно электери да бар.
0
Samar9220
2014-08-20 22:39:20
ал кыздын акыл эси жайында болгондо мындай кылмак эмес
0
alibekova94
2014-08-21 02:22:49
Тообо шумдукго... Мен 14 жашымда жигит дегенди билмек турсун классташтарым менен да суйлошо албайт болчум кичнекей балдар бузулуп бара жатат...
0
alibekova94
2014-08-21 02:22:49
Тообо шумдукго... Мен 14 жашымда жигит дегенди билмек турсун классташтарым менен да суйлошо албайт болчум кичнекей балдар бузулуп бара жатат...
0
alibekova94
2014-08-21 02:22:49
Тообо шумдукго... Мен 14 жашымда жигит дегенди билмек турсун классташтарым менен да суйлошо албайт болчум кичнекей балдар бузулуп бара жатат...
0
cleans_man
2014-08-21 18:58:43
Жаштарыбыз бузулуп бара жатат. Келечегибиз жаштардын колунда деп сыймыктана айтабыз а бирок жаштарыбыздын мындай болуп жургонун коруп журок сыздайт
0
ayildik_kiz
2014-08-21 19:23:11
14 жашымда чон энемдин этегине оролошуп эле журчумун жигит деген тушко да кирчу эмес
0
Meka1811
2014-08-21 23:17:21
Тообо 14 жашар кызга танкы 6да кочодо балээ барбы?ананда озунон 15 жаш улуу жигит менен.
0
tachkomur
2014-08-22 21:38:00
Танкалычтууу танкы саат 6сы
0
sezim1111
2014-08-23 10:21:13
тан калыштуу жапжаш кыздын кылыгы
0
happyflower
2014-08-23 10:22:00
Астагфираллах, балээнин огу го
0
happyflower
2014-08-23 10:23:29
биз 14жашта мурдубузду аран арчый турганбыз
0
Hanzada
2014-08-28 22:50:02
Кудай сактасын беш кол тен эмес
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан