(Башталышы өткөн сандарда)
Өкүмдардын алдына таазим кылып келели дешип Кокондун бай атанган, акылдуу атанган адамдары тартуулары менен ордого агылып келе башташты.
Бир кечте Нүзүп шаардын казыйын жалгыз чакырып алды. Түрдүү жемиш, тамак толгон дасторкондо отуруп ал ордо тартиптеринен, шарият эрежелеринен, тарыхтан, көбүнчөсү ордонун тарыхынан кеп тартты. Хандын даражасын, увазирлердин ордун, аскер башчыларынын мүмкүнчүлүктөрүн сурамжылады. Мадали хандын алдында да ушундай бүрүшүп чөк түшүп отуруп, атасы ойноп жүргөн кызга жолоого шарият жолун таап берген казый, жазында эле динисламдын зулпукору деп Амир Насурулланы кучак жайып тосуп алган казый, азыр Нүзүптү баскынчыдан куткаруучу кызыл от деп саймедиреп, этегине тооп кылып отурду.
Нүзүп бузган да жок, кубаттаган да жок. Казыйдын көзүнөн көзүн албай, былк этпей отуруп укту. Шум казый жаңгерге кандайдыр башкача жооп, башкача мисал керек болуп турганын болжоду.
– О, хазрати... Ар заманда ордо тартиби ар башка боло берген... Тиги эле алмустактан бери акыл алдыда жүрүп келет го. Бардык замандарда, бардык убактарда паша өзү өкүмдар боло берген эмес. Жол – акылдыкы...
Нүзүп казыйдын кабагын бир пас тиктеп калды. Казыйдын дили толкуп кетти. Үстүнөн чыкты болжол ою! Анын аяр көкүрөгү бул тик көз тоолук бийликке өтө турган жолду оттун үстүнө да, суунун үстүнө да салып кетүүгө даяр экенин жазбай сезди.
– О, хазрати... Бийлик эгеси паша... Бирак, паша мамлекет ишин жүргүзүп кетүүгө акылы толбогон жаш болсо, мамлекеттин пайдасы үчүн, ошо мамлекетте күн көрүп турган мусулмандардын тынччылыгы үчүн башка бир акылга дыйкан, ишке канык адамды ханга аталык бийлигине чакырса болот... Агер бийлик эгеси, демек, паша, жашы толук туруп, бирак мамлекет иши башта башынан өтпөй, ага ылайык камы, тарбиясы болбой, иштин көзүн билбей турса, ушул учурда йам башка бир жетик адамды ханга аталык бийлигине чакырса болот. Бул бийлик эгесинен бийликти зордуктап тартып алганга жатпайт. Адалаты ушул ки, бийлик эгесинин бир ооз макулдугун алып коюу зарыл...
– Ушундайбы, казый? Мисалы?
– Амир Темир! Жаңгер Амир Темир Көрөгөн! Заманында Чыңгыз хандын тукумунан Жагатайдын кызын алып, ага күйөө болуп коюп, кийин анын балдарын хан деп төргө отургузуп, а бийликти өзү туткан! Тилле теңгелерге алардын ысымын чийдирип, а тилле теңгелерди өзү жумшаган!
Нүзүпкө шылтоо эле керек болчу. Амир Темир Көрөгөн жетишти. Казыйдын башка мисалдарын кызыгып укпады. Тоолуктардын кымбат саналган ак төөнүн жүнүнөн жасалган быязы чепкенин апкелдирип, казыйдын ийинине салдырды.
Дүйнө бүткөн дүйшөмбү. Шаардын эстүү, көздүү атанган, бай атанган, тектүү атанган адамдары ордонун жасалгалуу диванханасына жык толуп, тегине, даража-амалына жараша жайгашып, эшик жакты жал-жал карап тымтырс күтүп турушту.
– Хазрати!
Көпчүлүк толкуп, күбүр-шыбыр түшүп, эшикти жүткүнүп карап, кайра тымтырс болуп катып калышты. Эң алдыда Шерали көрүндү. Оң колтугунда Нүзүп, сол колтугунда Мусулманкул, артында шаардын казыйы, шаардагы аскерлердин саркери. Баягы Шерали. Баягы мокок көз, маңыроо жүз. Башында эски кийиз ак тебетей, үстүндө шөлбүрөгөн тепме чепкен, бутунда баягы уурттары дулдуйган чоң көн чокой. Белинде кынсыз кылыч. Ашырдын канына чыкталган баягы көк болот кылыч. Аны ошол бойдон алпарып такка отургузушту. Көпчүлүк кут болсун айта башташты.
Нүзүп күүлдөп турган диванхананы бир нестейтти. Ал алдыда тургандарынын биринин белиндеги учу түз шамшарын кынынан сууруп алды да, кайра ээсине сунду:
– Мырза, мына бу шамшарды тээтиги жерге какчы... Хандын бет маңдайындагы дубалды көрсөттү.
– Куп, таксыр... Жаным менен...
Шамшардын ээси бүрүшө таазим кылып, буйрукту орундатууга шашты. Бүт диванхана дем тартпай карап калды. Бул эмнеси? Нүзүпкө сырдаш элеттин бийлери да билбеди. Бул эмнеси?
Шамшар ээси бутунун учу менен туруп, колу жеткен жерге шамшарын саймакчы болду эле Нүзүптүн: – Өйдө!- деген үнүн угуп селт дей түштү. Боюнун болгону ушул, дагы кантип өйдө боло алмакчы.
– Көтөргүлө!
Жакын турган кишилер шашкалактап аны өйдө көтөрө башташты.
– Ийиниңе чыгар бириң! Как! Так ошерге как!
Шамшар диванхананын саймалуу дубалына кагылган соң Нүзүп Шералинин бутун жакын тургандарга көрсөтө.
– Тарткыла бутун!
Өтө кадырман саналып, алдыда турган кожолор аппак сакалдарын кармай ичтен тоба келтирип, бирин-бири тиктешип калышты.
– Ой, селделер! Тарткыла дейм бутун, колуңарга жугуп калабы?..
Көздөрүнүн алды диртилдеп, жини кычап чыкты Нүзүптүн. Кожолор буйрукту эми түшүнгөндөй болушуп, эңилип Шералинин чокоюна жабыша калышты. Уурттары дулдуйган, чаң, аттын тери каткан чокойду ичтеринен кор болуп атып чечтиришти кожолор. Шерали кыпкызыл болуп, буттарынын башын шөлбүрөгөн чепкендин өңүрлөрү менен кымтынып отуруп калды.
– Чеч бери, белбакты!- деп Нүзүп анын кайыш белбагын чечтирип алып, аны менен эки чокойду коштуруп бекем байлатты:
– Илгиле!
Дубалга житире кагылган шамшарга чокойду алпарып илишти. Диванхана тымтырс. Баары Нүзүптүн оозун тиктеп калышты. Бул эмнеси? Бул кандай сыры? Нүзүп шумдугунун түйүнүн чечүүгө шашылбады. Шералинин үстүнө камдатып койгон кызыл кымкапты жаптырып, бутуна саймалуу көк булгаары өтүк кийгиздирди. Ошондон кийин гана көпчүлүккө угуза:
– Шерали! Мына, карагым, эми сен журт эгесисиң. Журтка кайрымдуу бол! Бурадарга күйүмдүү бол! Акылдуунун тилин ал! Көздүүнүн артынан ээрчи! Чокойду колун сунуп көрсөттү. – Тээтиги жаман көн чокой... Шерали, тааныйсыңбы ошону? Ал сенин чокоюң! Ал сенин өткөн күнүң... Ошол өткөн күнүңдү, ошол карыптыгыңды эч качан унутпа, күндө көрүп отур. Ал алтын такка чыгарган күчтүү кудуретти сага күндө эстетип турсун. Кара баштуу адамдын өмүрүнө, калың тайпа журттун тагдырына ойлук кылганыңда бул чокой дайым маңдайыңда болсун. Бул сени көптүрбөсүн, эсиртпесин...
Нестейген диванхана дуу жарылып дүңгүрөп кетти.
– Бали! Бали! Миң жаша, ата углу! Бали!
Ушундан соң казый кыска сүрө окуп, Шералиге таажы кийгизди. Анан ханга аталык даражасы зарылдыгын тактап, шарияттан бир риваят келтирип, Шералинин макулдугун сурады. «Ишенем... Ыраазымын...» деген жообунан соң Нүзүпкө чоң салтанат кылып тизгин (бийликтин белгиси эки тизгин бир чылбыр) берди. Салават! Көпчүлүк дуулдап куттук айтып киришти.
Кыяс Молдокасымов: «ШЕРАЛЫНЫН ЧОКОЮ» БИЙЛИКТИН ТҮБӨЛҮКТҮҮ БАШ ООРУТМАСЫ»
– Ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматов жалпы адамзатка коңгуроо кагып, акыл-эстен, эс-тутумдан ажыраган маңкурт өз энесин өлтүрүүдөн кайра тартпасын өтө чебердик менен сүрөттөп берсе, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбеков өткөнүн унуткан, бийлик менен байлыкка манчыркаган эл башчысы өзүн бийликке алып келген адамдын башын алдырып, калкын кыйноого алган учурду Шералынын чокою аркылуу ачып берди. Бири башка, экинчиси бутка ылайыкталган тери буюму. Бири эс-акылдан ажыратчу, эс- тутумду жок кылчу, экинчиси эс-акылга чакырып, өткөнүн эстетип турчу буюм. Биринчиси тарыхтан алынса, экинчиси көркөм ойдон жаралган өчпөс образ. Кокон хандыгынын тарыхын баяндаган көптөгөн эмгектерди билебиз, бирок «Шералынын чокоюндай» окуя эч бир булакта кездешпейт. Ошондуктан бул окуя Төлөгөн Касымбековдун жазуучулук зор фантазиясы экенин ишенимдүү айтууга болот.
«Шералынын чокою» эсирген хандарды эс-акылга чакыруу. «Кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң?», «Өткөнүңдү унуттуңбу, бетпак?»- деп аны ар дайым ооздуктап туруу. Чындыгында Шералы ким эле? Ал өз убагында так талашуудан атасынан айрылган, энеси, бир тууганы менен ажалдан аман калып, тага журтунун арасында баш калкалап жашап калган бир шордуу болчу. Качкын учурунда жолдогу кырсыктан улам карачечекей жалгыз иниси Улукбектен ажыраган коколой жетим эле. Бир күнү башына бак конуп, Нүзүп бий баштаган тага журтунун жардамы менен хан тактысына отурат. Туш тараптан агылып кирген байлыкка, ордодогу кошоматчылардын мактоосуна, каалаганына жеткен бийлигине манчыркап, бат эле эсире баштайт. Таластагы тунук көзү тунарып, өткөн турмушу унутулуп, хандыкка жеткирген эли душман көрүнөт. Аны жамаачы чокой кийген жеринен таап, кол курап тактыга отургузган Нүзүптүн жакшылыгы эки жылга жетпей унутулат. Ордо кутумдарынын сөзүнө кирип, аны жанынан алыстатат. Өзүнөн мурдагы Мадали хандын жолуна түшүп, эң ишенген Аккули аскер башчысын өлтүрткөндөй, Маргалаңга акимдикке сүрүлгөн Нүзүпкө желдеттерин жиберип башын алдыртат. Бул тарыхта болгон окуя. Тарыхый романдын эң курч жери – ушул окуянын көркөм чагылдырылышы. Эгер бул окуяга «Шералынын чокоюн» аралаштырбаганда, анда көркөм роман супсак баянга айланып, окурмандардын бүйүрүн мынчалык кызыта алмак эмес. Лакап катары муундан-муунга айтылбайт болчу.
Шералынын чокою бийликтин түбөлүктүү баш оорутмасы. Доор алмашса да, коом өзгөрсө да, бул маселе сакталып кала берчү көрүнүш. Бул бир эле хандардын, падышалардын же президенттердин оорусу эмес. Ал бийлик менен байлыкка манчыркаган бардык адамдарга тиешелүү. Шералынын чокоюндай окуяга биз менен сиз ар убак күбө болуп, күнүмдүк жашообузда башыбыздан кечирип келебиз. Эгемендүүлүк жылдардан берки кыргыздын башкы баш оорутмасына, керек болсо трагедиясына айланган көрүнүш. Жазуучунун мындай салыштыруусу жети баштуу ажыдаарга айланган уламыш менен үндөшүп турат. Элди шорго батырган, шаар-кыштактарды кыйратып, эчендеген адамдарды тирүүлөй оп тарткан ажыдаар менен күрөшөм деген мыкты жигиттер ажыдаардын үңкүрүнө кирген соң өздөрү да ажыдаарга айланып, кайрадан элине бүлүк салгандай эле көрүнүш. Эл башына келген адам, мейли ал илим-билимдүү академик болсун, же элди үмүттөндүргөн өндүрүшчү болсун, же эл менен бийликти жакындатчу көпүрө болсун, алар Ак үйгө келгенден кийин эле өзгөрүп кетип жатканы эмнеден кабар берет? Демек, бийлик өкүм сүрүп жаткан учурда «Шералынын чокою» түбөлүктүү проблема боюнча кала бермекчи.
(Уландысы кийинки сандарда)