Актёр жана каскадёр Адилет Акматов Казакстандын “Кунанбай” аттуу тарыхый тасмасына каскадёр болуп тартылды. Мындан тышкары жакын арада тартыла турган “Рэкетир” тасмасынын 2-бөлүгүнө катышууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу актёрго байланышканыбызда буларга токтолду: "3 жылдан бери “Номад” аттуу Кыргызстан менен Казакстандын каскадёрлорунан куралган топто эмгектенем. Алар аркылуу казак тасмаларына да тартылып калдым. Азыркы учурда “Рэкетир-2” тасмасына тартылууга даярдыктарды көрүп, Алматы шаарында жүрөм. Мындан сырткары бул тасмада мен трюк коюучу болом".